реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
Архив
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Айдоочулук күбөлүктү кантип алдыңыз эле?
Жыйынтык


Эмне үчүн пара бересиз?
Жыйынтык


Кимдин үйүндө жашайсыз?
Жыйынтык


Белекке эмне алган жагат?
Жыйынтык


Чөнтөкчүлөрдөн жапа чегип көрдүңүз беле?
Жыйынтык




ЖАН ЭРГИТКЕН ЫРЛАР

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

«Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет». Бул чынында, таамай, таасын айтылган сөз. Турмушта биз кааласак да, каалабасак да көп жолу ырларды тыңшоого туура келет. Коомдук транспорттобу, үйдөбү же жумушта болобузбу көпчүлүк жерде жагымдуу музыка сөзсүз жаңырып турат.
Учурда замандын талабына жараша улам жаңы ырлар чыгып, хитке айланууда. Арасынан 2013-жылы кайсы ыр эл ичинде популярдуу болуп, көп суроо-талапка ээ болду? Ушул суроонун негизинде өлкөдөгү радиостанциялардын кызматкерлерине, расмий порталыбызга жана карапайым калкка кайрылдык
.

РАСУЛ РАХМАНАЛИЕВ, «El fm» радиосунун ди-джейи:
– Биз эл менен тыгыз иштешебиз. Эки-үч суранычты бириктирбей эле, бир адам уккусу келген ырды коюп беребиз. Бул жылы Нурмат Садыровдун «Мен сүйгөн менен пайда жок», Сайкал Садыбакасованын «Ыйлатпачы», Данияр Эрматовдун «Жүрөгүм», Нурлан Насиптин «Канткенде сага жагамын?», Малика Динанын «Ойлорум сага», Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Роза Шакированын «Ашыгым» деген ырлары башкаларга караганда өтө көп жаңырды.

НАЗИРА АСАНКОЖОЕВА, «Миң кыял» радиосунун продюсери:
– Быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай», Малика Динанын «Ойлорум сага», Гүлнур Сатылганованын «Эмне чындык?», Ильяз Андаштын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар», Данияр Эрматовдун «Жүрөгүм», Минюра Рахимжанованын «Сен кат жаздың» деген ырларын эл көп суранышты.

НАЗГҮЛ ЖАМГЫРЧИЕВА, «Санжыра» радиосу:
– Биздин радио фольклорго да, эстрадага да ыктайт. Жалаң бир багытты көздөбөйт. Радиобуздан быйыл Аскат Мусабековдун «Лейли», Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Гүлнур Сатылганованын «Нандын жыты», Улукмырза Полотовдун «Кусалык», Нурлан Насиптин «Эркелетсемби?», «Менин да сүйүүм ушундай» ырларын угармандар көп суранышты.

АСКАТ АЛДАШЕВ, «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи:
– Биздин радиодон бардык аткаруучулардын ырлары жаңырат. Бир ырды кайра-кайра кайталабоо үчүн атайын көзөмөлдөп туруучу адамдар бар. Эл өзү суранчу убакытта, албетте, алар уккусу келген ырды коюп беребиз. Быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай», «Жебе» тобу менен Кенже Дүйшееванын «9 жаш» деген ыры көп суралды.

БАКТЫГҮЛ СОКУШОВА, Super.kg порталынын директору:
– Биздин порталда буга чейин Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Бактыгүл Бадыеванын ырлары хит болуп келсе, бул жылы жаңы ысымдар пайда болду. Алар жөн гана чыкпастан, өзгөчө бир ылдамдыкта элге алынып кетти. Мисалы, Жоодарбешимдин «Өкүнбө», «Жан тумарым» аттуу ырлары. Бул жигиттин эки ырына тең колдонуучулар тарабынан көбүнчө позитивдүү комментарийлер жазылып жатты. Хит ырлардын арасынан Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Сайкал Садыбакасованын «Ыйлатпачы» деген ырлары да орун алды. Жогорудагы ырлар көзү жашка, жан дүйнөсү муңга толуп турган адамды ойго түртөт, чынында эле маани-маңыздуу ырлар.
Нурлан Насиптин буга чейин «Эркелетсемби?», «Айта албайм» деген ырлары хит болсо, быйыл «Менин да сүйүүм ушундай» ыры менен ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнө чок салды. Азыр жаштардын арасында ар бир экинчи адамдын уюлдук телефонунун коңгуроосунда ушул ыр орун алган десем жаңылышпайм.
Кичине кезинен эле сахнада чоңоюп, аты таанымал, бирок эл ичинде оозго алынып ырдалган ырлары саналуу Малика Дина быйыл өтө жакшы эмгектенди. Дегеним, «Ойлорум сага» деген ыры жаштын да, карынын да көңүлүн бурду. Ушул эле жаштардын арасынан Алтынай Нарбаева эжекебизди көрсөк болот. Жаштардан калышпай улам бир жаңы ырын элге сунуштап жатты. Ал ырлары көз жаздымда калбастан, элге алынып кетет. Мисалы, «Кат жазчы мага» ыры укмуш хит болду. Карындаштарын эзилип бышкан жүзүмгө салыштырган Мирлан Баековдун «Карындашым» аттуу ыры да популярдуу ырлардын санын толуктай алды.

«Супердин» сурак бурчу
БЫЙЫЛ КАЙСЫ ЫРДЫ КӨП УКТУҢУЗ?

Нурсултан Солтанкулов, студент:
– Жаштар жалаң эстрадага ыктайт дешет го. Мен буга кошулбайм. Анткени мен эстрада менен катар фольклор ырларын да баалайм. Бир ырды бөлүп айта турган болсом, быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай» деген ырын аябай жактырдым.

Тажыкан Тажиматова, соодагер:
– Чарчап турганда ыр уксам эс алып, жеңилдей түшөм. Мыскал Өмүрканова, Гүлсүн Мамашеванын ырлары кандай керемет! Азыркы жаш ырчыларды жаман деп айтпайм. Мага Гүлжигит Сатыбековдун дагы, Гүлжигит Калыковдун дагы ырлары жагат.

Бакыт Балтабаев, соодагер:
– Соода кылып отуруп дайыма радио угам. Радиолор деле бир ырды кайра-кайра бербейт, тизмеси болсо керек. Кайсы ырды берсе да уга берем деңизчи, бирок Гүлжигит Сатыбековдукун жактырам. «Тико», «Мен сенден кетейинчи» деген ырларына сөз жок.

Назира Абдрахманова, студент:
– Негизи эле биздин артисттерге кызыгам, алардын жаңы ырларынан кыя өтпөйм. Омардын чыгармачылыгын өзгөчө баалайм. Быйыл Омардын «Бактыма сен кичине эркесиң, бактыма сен кичине тентексиң» деген саптары бар ырын көп уктум.

Турдалы Супатаев, КУУнун окутуучусу:
– Кыргыздын илгерки ырларын жактырам. «18 жаш», «Тоолор», «Долон», кандай сонун чыгармалар! Бирок бул сыяктуу ырларды азыр телерадио аз берет. Бул туура эмес, анткени жаштар кандай ырлар болгонун билбей калып жатышпайбы. Ретро бул – кыргыздын маданий тарыхы.

Анара Рысалиева, наабайчы:
– Бул нерсе менин жумушума байланыштуу болсо керек, таң аткандан түн бир оокумга чейин радио угабыз. Радиолордон бардык ырчылардын эле ырларын берет. Ошолордун ичинен мага Алтынай Нарбаева эжекебиздин ырлары өзгөчө туюлат. Эже жүрөккө жеткире ырдайт.

Ынтымак Таранчиев, ишкер:
– Токон Эшпаев, Исирадин Аманбаев, Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиевдин ырларын флешкама көчүрүп алгам. Ал эми жаштардан Каныкейдин ырларын жакшы көрөм. Айрыкча «Садагам» аттуу чыгармасы жагат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Кыстарылган видео:

Быйыл кайсы ырды көп уктуңуз?


Рейтинг: Рейтинг 3 


Комментарийлер (24)

28.10.2013. 10:08
+1
Byiyl ozu, Men suigon menen paida jok bolup ketti elego?. Jazalaba jarygym degenchi? Meninda suium uwundai, Men senden keteyinchi degen yrlarda el oozunda boldu.
28.10.2013. 12:15
+1
Гулжигит Сатыбеков Мен сенден кетейинчи деген Ыр хит болдуго ошо ырды жылдын ыры деп атасак болот
28.10.2013. 13:47
-1
Тумар радиосу калып кеткенго... Мисалы үчүн Тумардан менин да сүйүүм ушундай деген ырды уккан жокмун, ал ырды эчким сураган да жок. Тумарда хит болгон ырлар: М.Атабеков жаным,Ысык-Кол, Омар-суйом сени унутпа,И.Абдыразаков адашкан суйуу, И.Омуркулов-Музыка
28.10.2013. 13:55
+1
Да Нурмат Садыровдун мен суйгон менен деген ыры болду!
28.10.2013. 17:22
+1
Мага да Гулжигит Сатыбековдун мен сенден кетейинчи деген ыры ото жакты кайра-кайра уга берем.Клип тартканбы ким билет?
29.10.2013. 00:29
+1
Гулжигиттин "Мен сенден кетким келди, кетейинчи"деген ырын жактырып уктум,негедир журоко жакын...
29.10.2013. 17:58
+1
А мага Нурлан Насип "Айталбайм" и "Менинда суйуум ушундай" ушуларды гоп уктум.
30.10.2013. 00:43
+1
Ильяздын Азап жана Гулжигит Сатыбековдун мен сенден кетейинчи деген ырлары жакшы чыккан сонун ырлар.
30.10.2013. 01:06
0
Менин суйуктуу ырчым Ильяз Абдразаковдун ырларын коп угам и Бек байкенинда ырлары демге дем кошот.
30.10.2013. 10:09
0
ооо Раске Рахманалиев сени коруп турганыма кубанычтамын! Элфмде хит ырлар коп жанырат! Расул озундун ырынды неге хит деп айтпайсын? хе хеее))))
30.10.2013. 11:31
+2
Эл фм де тынчтыкбек айылчыевтин "Чынароооооооо" деген ыры да аябай хит болду го
31.10.2013. 15:35
0
nurka_85, мага да ушул ыр аябай жакты, кайдан тапсам болоооот?
30.10.2013. 11:34
+1
Аваз акимовдун "ай ай айы,"

Айжамалдын "бир озун"
Айпери кулбаеванын " элегиясы"
Эл фмде ар эки саатта жанырып жатты го
30.10.2013. 16:51
0
Данияр Эрматов Журогум журогум ыры аябай жакты жана Султан Садыралиевдин кайдасын деген ыры дагы
31.10.2013. 11:46
0
Каныкей-"Садагам"
31.10.2013. 19:10
0
Кызыл-Кыянын ЮТСинде Аваз Акимовдун 'Ай айы'...воопшеле популяр болду.))
А мен ушу күндөрү Юлия Русцкаянын Аппак сүйүүсүн угуудан тажабайтам...
31.10.2013. 19:42
0
kokjar92, Кызылкия ал озундо эле,бул жакта республикалык радиолор!!!ютс не деген радио ал?
03.11.2013. 15:16
0
kokjar92, жакшы радио экен,мен туштук жергесинде болгодо угуп келдим.Дегеле азаматтар.Колдоо корсотуп Республикалык денгээлде чыгарып коюш керек.
31.10.2013. 19:40
0
"EL fm" де Нурлан менен Данияр коп хит болгон.еще чынараааа деген ыр дагы))((
31.10.2013. 19:45
0
juroguummm juroguuuuummmm ah ah ah ohh//////ua hachu))))
01.11.2013. 22:52
0
Малика Динанын Ойлорум сага ырын жаны чыкканда алгач укканда эле жактыргам.
Негизинен жакшы ырлар ото коп эми ошонун ичинен элге жакканы, добуш коп алганы тандалып алдыга сурулуп чыгат го, убакыт корсотот аны.
04.11.2013. 10:26
0
Ильяз Абдразаков менен Нурлан Насип кучтуу хитмейкерлер.....бирок быйыл Нурмат Садыровдун "мен суйгон менен пайда жок" деген ыры .жылдын хит наамына татыктуу
12.11.2013. 14:25
0
Гулжигит Сатыбековдун ,,Мен сенден кетким келди, кетейинчи" деген ыры аябай журокко таасир калтырат.Негизи эле Гулжигит Сатыбековдун баардык ырлары жагат.
05.12.2013. 02:45
0
Мен суйгон менен пайда жок хит супер ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфодо 354 колдонуучу (соңку 15 мүнөт ичинде кирди)
Колдонуучулар 17, коноктор 337.

jazi91, Dinislam0777, sparkle, sema.00, kanat07, prenses, zkenesh, erke.brat, chingizhan01, altunbek78, kubatbek91, Aku96, adik.kyyal, Akylbekova_96, Albiwka, Albiwka, Aichurok.97

 
Мезгилден артта калбаңыз!
2006-2014 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары,
Фрунзе көчөсү - 402
Тел.: +996 312
47-43-43

5,0892379283905