реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
Архив
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Жашооңузду төмөнкүлөрдүн кайсынысы жок элестете албайсыз?
Жыйынтык


Кимдин үйүндө жашайсыз?
Жыйынтык


Чөнтөкчүлөрдөн жапа чегип көрдүңүз беле?
Жыйынтык


Эмне үчүн пара бересиз?
Жыйынтык


Той-мааракелерде дасторконго салаттын канча түрүн коёсуз?
Жыйынтык


Белекке эмне алган жагат?
Жыйынтык


Айдоочулук күбөлүктү кантип алдыңыз эле?
Жыйынтык




Неля: «ҮЙ-БҮЛӨ КУРДУМ, БИРОК ДОСТОРУМДУ ЖОГОТТУМ»

№415 15-21-октябрь, 2010-жыл.

Татына жүздүү, назик жан Неля Таластын кызы, келини, Жалал-Абаддын жээни. Дүйнө жылдыздарынан Бритни Спирсти жакшы көрүп, талантын баалайт. Үй-бүлөдө үч кыздын ортончусу. Кыскасы, Урматтын көрөр көз сүйүктүүсү Нелянын жашоосундагы кызыктар тууралуу маек курабыз.

– Неля, келиндик доорду сүрүп, бала жыттап бактылуусузбу?
– Аябай бактылуумун. Негизи эле ар бир кыздын кыялы үй-бүлө куруп, сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуу болсо керек. Нурэл азыр 1 жаш 3 айга толду, басып калды. Укмуш кылык-жоруктары чыгып, баарыбызды бакытка бөлөп турат. Келиндик кызматтан коркпойм да, качпайм да. Кыскасы, келиндик милдетимди жакшы аткарганга аракет кылуудамын.
– Кайын эне менен келин каадасы, айыл турмушу кандай таасир калтырды?
– Көшөгө артында ак жоолукту үлпүлдөтө салынып отурган кезим дайым эсимде. Урмат тамак алып келип көшөгөгө киргизип коёт. Баары эле келип ак батасын беришип, жоолук салышат. Мен жоолукту бирден алып бүктөй берипмин. Көрсө, алардын баарын көшөгөгө илип коюш керек экен. Мындай ырым-жырымды билбегендиктен, кийин угуп алып, жаңы келгенде эле тың болуп кеткем го деп күлүп калам. Азыр айылга барсам, кошуна апалар келип калышат “ий, сени телевизордон көрүп, гезиттен гана окуп койчу элек. Жөнөкөй эле кыз турбайсыңбы” дешип. Дагы бирлери “ким эле Нелянын колунан чай ичип жатыптыр? Нелянын чайын ичкени келдик” деп. Мен болсо “биз деле сиздердей элебиз” деп чай сунуп калам.
– Айрымдар айтышат го “бир үй-бүлөгө бир эле ырчы жетишет” деп, буга кандай карайсыз?
– Алгач мени да ушул суроо кыйначу. Урматка ишенгеним менен, “кайындарым баары бир мени сахнага чыгарышпайт го” деген чочулоо болор эле. Бирок, тескерисинче, андай болбоду. Кайындарым кайра “ырды таштаба, сахнага чыга бер” деп чыгармачылыгымды колдошту. Анын үстүнө Урмат да “аял кишинин орду үйдө, бала багып, мага тамак жасап отура бер” дегендерден эмес. Өзүнөн мурда мага ыр жаздырып, сахнага чыгаруу менен алек.
– Айрыкча быйыл ар кандай сынактарга катышууңузга жардам берди көрүнөт?
– Ооба, быйыл Түркияда өткөн “Түркчөвизион” аттуу фестивалга бардым. Ал жакка репертуарымдагы ырды “Жаным ашкым” деп түрк тилине которуп, даярдап баргам. Мен ойлогом, башка өлкөдө бизди ким таанымак эле деп. Бирок сахнага чыкканда эл абдан жакшы кабыл алышты, кол чаап, кубатташып дегендей. Бир убакта карасам, Урмат кыргыздын желегин желбиретип кармап туруптур. Ого бетер толкундандым. Кудайга шүгүр, түрк тилинде ырдалган эң мыкты ырлардын бешилтигине кирдим. Ошол фестивалдан “Чыгыш базары” сынагына жолдомо алдым. “Чыгыш базары” сынагына катышуунун өзү жетишкендик” деп Урмат экөөбүз бири-бирибизди жубатып барганбыз. Аталган сынактан финалга өтүп, лауреат болуп кайттым. Ал жакка барганга атайын улуттук кийим тиктирип, кыргыздын музыкалык аспаптары коштогон “Күңөтай кыздын капасы” аттуу элдик ырды аткардым. Көпчүлүк чет жерлик катышуучулар “кыргыздын улуттук кийими ушундай укмушпу? Музыкалык аспаптарыңар да сонун турбайбы” дешип мени менен сүрөткө түшкөн сайын кыргыз экениме сыймыктандым. Шайлоо деп жүрүп, дагы эки сынактан калып калдым. Кейибейм, ийгилик жаратчу мезгил алдыда, менин ийгилигим – Урматтын эмгеги деп билем.
– Урмат байке сизге продюсер болгондон бери өзү анчейин ырдабай калды?
– Анткени продюсер ырдабайт да, тамаша. Урмат музыкага берилген адам, ырды таштабайт. Экөөбүз дуэт жаздырганбыз, аны ырдап жүрөбүз. Мындан сырткары жеке өзү да ырларды жаздырууда.
– Чыгармачылык менен жан багуу кыйынбы же кошумча акча тапчу булак барбы?
– Менин кесибим эколог, Урмат – түрколог. Экөөбүз тең кесибибиз менен иштебесек да, талантыбыз менен акча таап келебиз. Ээрчишип алып тойлорго, корпоративдик кечелерге, концерттерге барабыз. Өнөрдүн арты менен Бишкектен 3 бөлмөлүү үй алдык, айтор, тиричилик чыгармачылык менен өтүп келет. Кийинчерээк өз кесибим менен иштейм деген ой бар.
– “Эненин кадырын эне болгондо билесиң” дешет. Анан да төрөгөн соң аялзаты толуп кетет эмеспи...
– Эң эле туура айтылган. Нурэл төрөлгөн соң дароо эле апама кайрылдым. “Апа, сизди эми түшүндүм. Көрсө, мени да миң толгонуп жарык дүйнөгө алып келген турбайсызбы, рахмат” дедим. Чын эле төрөгөн соң бир аз толдум. Бирок спорт менен деле машыккан жокмун, кайра эле калыбыма келдим. Сахна адамы болгон соң келбетке карап жүрүш керек экендигин билем.
– Сахнада Неля назик, жылмайган ырчы. Ал эми сахна артына өткөндөн кийин кандай?
– Мен сахнада кандай болсом, көшөгө артында деле ошондоймун. Кээ бирлерге окшоп көчө сөздөрүн сүйлөп, сөгүнүп-сагынгандан алысмын. Аялзаты назик болуш керек. Кандай кырдаал болбосун, аста сүйлөп, өзүмдү маданияттуу алып жүрө алам.
– Бир маегиңизде “Тата Уланга суктанам, анткени ал бет кабын чечкен соң эч ким тааныбайт” депсиз. Турмушка чыксаңыз деле күйөрмандар тынчыңызды алышуудабы?
– Көп маегимде орусча сүйлөп кете берем. Которгондо туура эмес которуп жазып коюшат экен. Мен башка мааниде айткам. Турмушка чыксам рейтингим төмөндөп кетсе керек дегем. Жок, кайрадан күйөрмандар көбөйдү. Чынында, мен деле башкалардай болуп баламды жетелеп, сейил бакта баскым келет. Бирок ар кандай мүнөздөгү адамдар бар. Бириси жакшы сөз айтып өтсө, экинчилеринин “ий, ушундай эле турбайбы” деген сыяктуу сөздөрү кулагыма угула берет. Өзүмдү ыңгайсыз сезем, ошондон улам Тата Улан бет кап ойлоп таап жакшы кылган экен дейм.
– Эмнеге өкүнөсүз?
– Өкүнгөнүм, атам 50 жашында, балдарынын чайын ичерде, менин ийгилигимди көрбөй бул дүйнөдөн кете бергени. Жаңыдан сахнага кадам таштаганда атам инсульттан каза таап, баарыбызды кайгыга салды. Турмушка чыгып кетип, бала төрөп, колум бошобой жүргөн. Эми “Атаке” аттуу ыр жаздырдым. Ошол ыр атама ырдан тургузган эстелигим болсун, андан башка колумдан эч нерсе келбейт экен.
– Урмат байкени биринчи көргөндө кандай сезимдер болгон, ким биринчи кадамды баштаган?
– Урмат менен КТРдин алдынан таанышканыбыз эсимде. Анда мен жаңы чыгып келаткам, Урмат “Жазгы жамгыры” менен таанылып калган. Ошол күндөн баштап Урмат мага чалып, абалымды сурап жүрдү. Байкасам, майрамдарда СМС жазып, белектерди бере баштады. Кыскасы, аябай камкор эле, болушунча өзүнүн жакшы сапаттарын көрсөттү. Мага жакшы күйөө болуп бере аларына көзүм жеткенде гана “ооба” деп жооп бердим. Урматтай күйөө туш келгенине эч өкүнбөйм. Досторум да “сен жакшынакай болуп кеткенсиңби?” деп калышса, “албетте, күйөөң жакшы болсо ушул да” деп күлүп калам.
– Дос таптыңызбы же душман арттыр­дыңызбы?
– Дос таптым, душман деле арттырдым. Досторум мага жамандык кааласа да, менин аларга эч жаман оюм жок. Чынында, үй-бүлө күткөн соң досторум азайды. Үй-бүлө түйшүгү менен убара болуп жүрүп, аларды унутуп койгондоймун. Апам айтчу эле “турмушка чыккан соң досторуң менен азыркыдай катташпай каласың” деп. Чын эле экен, себеби досторумду үйгө чакырсам, Урматтан уялып, өздөрүн ыңгайсыз сезе беришет. Анан да чыгармачылыктан 14 адам шерине уюштуруп алганбыз. Көбүнчө Урматтын достору менен аяш, дос болуп катташып жүрөбүз.
–Үйдө пикир келишпестиктер болобу?
– Экөөбүздүн урушканыбыз эле Нурэл. “Сен карабай, ким жыгып алды?” деп эле баланын айынан урушабыз. Башка талашып-тартышчу деле маселе жок.
– Сизди “өзбек ырчысы Шахзоданы туурайт” дешет.
– Мен ал ырчыны туурабайм, чындыгында, ырларын деле укпайм. Менин өзүмдүн табитим бар. “Балалыгым” аттуу клибимде селкинчекте тартылгам. Кийин айтышканынан карасам, Шахзоданын да ушундай клиби бар экен. Бул эми режиссёрдун же менин деле катам эмес, жөн гана дал келүүчүлүк.
Кандай ой-максаттарыңыз бар?
Нурэлимди дагы үч бөбөктүү кылсам деген ниеттемин. Урмат экөөбүз "күмүш тоюбузду өткөрөбүз" деп тилек кылабыз. Анан кыргызга кызмат кылып Эл артисти деген наамга жетишсем...
– Тилектериңиз ишке ашсын. Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз.

ЧАК-ЧАК...
Мактанчааксызбы? ...­ Мактанбайм, болгонун болгондой айтам.
Кызганчааксызбы?
... Урмат мендей кызды алгандан кийин башканы карабайт. Мен ага ишенем, ошон үчүн кызганбайм.
Таарынчааксызбы?
... Урматка эле эркелеп таарынам. Ал СМС жазып, телефон чалып таарынычты жазуу менен убара тартат.
Тартынчааксызбы?
... Ооба, улуулардан ыйбаа кылам. Канчалык жүткүнөйүн десем да, кандайдыр бир күч кой деп турат.
Урушчааксызбы?
... Жок, ажылдап, кыйкырык-өкүрүк салуудан алысмын.
Тырышчааксызбы?
... Тырышып жүрүп баарына жетиштим.
Ыйлааксызбы?
... Балам ооруганда, жан дүйнөм кыйналганда ыйлайм. Кубанганда көзүмдөн жаш чыгат.

Бурул Исмаилова
star
@super.kg


Рейтинг: Рейтинг 12 


Комментарийлер (29)

15.10.2010. 16:16
0
Bawinda jak4uu emes azir jagat,azamat akilduu kelin bolupsuz.
15.10.2010. 16:49
0
ыймандуу келин болуптур бактылуу бол
15.10.2010. 21:27
0
да! удачи ей! но то, что она повторяет за шахзодой это правда. у меня даже не зависть, а просто уточнение. вы смотрели концерт Шахзоды 2005 года? вот как я заметила у Нели подобное платье (в песнях жалган и др. синенькое такое платье) помните? вот так)) а в основном очень хороший че
anz Колдонуучунун бардык комментарийлери
15.10.2010. 23:23
0
бактылуу болгула Урмат байке эконор кармашкан колунар узулбосун
16.10.2010. 12:19
0
tekila, тим эле доказывайтетип алыпсыз да!
16.10.2010. 20:58
0
mendei kyzdy aldy degeni kandai tyshynso bolot?
16.10.2010. 21:11
0
Baktyluu bolgula!!! Kyrgyzstanda baktyluu ui-bulolor koboiyo bersin!!!
16.10.2010. 21:35
0
Неля акылдуу, назик, тушунуктуу жар. Албетте Урматка повезло! Тамаша!
16.10.2010. 21:36
0
Неля акылдуу, назик, тушунуктуу жар дегеним тамаша эмес!
17.10.2010. 01:32
0
өзүн өтө эле мисс сезет окшойт
17.10.2010. 01:36
0
интервьюларында орусча кошпой, нукура кыргыз тилинде суйлогонду үйрөнсө жакшы болмок. Кандай болсо да өзүнчө ЖЫЛДЫЗ эмеспи?!
17.10.2010. 22:47
0
aibai jonokoi jakwu kelin (yrchy) korunot....!
17.10.2010. 23:36
0
zhakshy interview boluptur

A Nelja menen Urmatka cooon BAK bersin kuday; Nelja yimanduu kelin boluptur, asamat, mynd alabette Urmattyn "po4erki" sezilet, ne bolso da eköö ten asamat eken, baarynan da kyrgyzdyn jash, baktyluu yi-bylösyn köryy kubandyrat, ar bir yi-bylögö zharatkan bak aytsyn!
18.10.2010. 15:20
0
Жайына кой ........... дейтко
18.10.2010. 18:30
0
Келинди келген жылы эмес келерки жылы сына деген достор
19.10.2010. 02:47
0
nelya jana Urmat ekoonor parasinar!men abdan kubanichtamin.ech kimdi ukpay baktyluu uybuloo bolup jashay bergile!Vi super!
19.10.2010. 11:14
0
Mendey kizdi...degenden bashkasi jakti...Balkim,bul da tuura kotorulbay kaldi deyt chigar!
19.10.2010. 17:06
0
Неляга караганда Бактыгуль мага абдан жагат,нукура сулуулук ушул кызда бар.А Неля без макияжа кеп жок.
21.10.2010. 13:35
0
неля мага жакпайт
21.10.2010. 22:48
0
койчу кыргыздар ушундай созуноду койсонорчу?
22.10.2010. 13:11
0
Мен Нэляны баалайм, колдойм. Ал кыргыздын сулуу, акылдуу, таланттуу кыздарынан. Кыргыздын желегин желбиретип, фестивальдан алдынкы орунга ээ болуптур.
22.10.2010. 15:17
0
"mendey kyzdy algandan kiyin, bashkany karabayt"- bashkany karabay ele koysun dechi, birok, ayabay ele "Men kiyinmyn, supermin!" bolup kalyptyr go.
22.10.2010. 20:42
0
Бактыгуль страшная экен
22.10.2010. 23:16
0
БАКТЫЛУУ БОЛУНУЗДАР!
23.10.2010. 23:58
0
my uchilis v odnoi shkole(N_39) i v odnom univere(KNU 6-korpus).ya ee lichno neznayu no byla vsegda takaya skromnaya,spokoinaya.esli ne oshibayus ona poet eshe s detsvo(zozur-zozur-zozur-zo))).
25.10.2010. 04:59
0
Baktilyy bolgyla!!!
25.10.2010. 10:52
0
stiv, Бактыгулду без макияжа кордунуз беле? мен коргом!
06.11.2010. 20:31
0
Бакыт каалаймын!
09.11.2010. 22:03
0
Дааа,они вот точно пара!!! Знали еще давнооо друг-друга с кем,когда,куда и где дружили и т.п. фФФу! Как так можно жить!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфодо 67 колдонуучу (соңку 15 мүнөт ичинде кирди)
Колдонуучулар 2, коноктор 65.

Begai.93, azamatka

 
Мезгилден артта калбаңыз!
2006-2014 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары,
Фрунзе көчөсү - 402
Тел.: +996 312
47-43-43

0,38026690483093