ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Сага эмне болду?
Бегимай ошондо гана Аскардан көзүн албай тиктеп калганын байкап, уялып кетти.
– Сизди кимдир бирөөгө окшоштуруп алып...
Экөө тез эле машинага түшүп, жан сакчыларынын жетегинде зыпылдап баратышты. Болжолдогон кафеге да жетишти.
– Аскар агай, мен окуумду бүтүп калсам, чет мамлекетке иштеп келсемби деп жатам. Кандай дейсиз?
– Менин жеке оюмда, өзүң жалгыз кыз болсоң, анан алыска кетип калсаң, туура эмес болот го. Негизи эле аял кишинин карьеранын аркасынан түшкөнүн жактырбайм. Аялдын бактысы – күйөөсүндө, балдарында. Бирок бул менин жеке пикирим. Ал эми башка жагынан алып караганда, чет жерге барып, эл көрүп, жер көрүп, жаңы жашоо баштаганың өзүң үчүн жакшы.
Бегимай муңайым жылмайып, башын чайкай берди.
– Мен жаңы жашоону элестете албайм. Аскатсыз жашоону эч элестете албайм. Мага ал кайтып келчүдөй туюла берет.
– Балким, акылымдан адашып жаткандырмын же өлүмгө ишенгибиз келбеген пенделигибизби, айтор, мен дагы Аскаттын өлүмүнө ишенгим келбейт. Акылым жетип турса да жашоодон бир нерсе күтүп, баары бир күнү түп тамырынан бери бир нерсе өзгөрчүдөй бир сезим менен жашап жүрөм. Өзүмө өзүм таң калам мындай учурларда.
– Аскар агай, бүгүн мен сизди чакырткан себебим... анткени...
Сөздү кантип баштаарын билбей, мукактанып кетти Бегимай.
– Бегимай, кызым, бүгүн мен сени укканы келбедимби. Андыктан көңүлүңдө эмне болсо айт. Кеңешимди берем.
– Эсиңиздеби, мен сизге Аскатка окшош адамдын сүрөтүн көрсөтүп, ушундай бар экендигин айтсам, таптакыр ишенбей койгон элеңиз. Ал адам бар, чындыгында, азыр Кыргызстанда. Өз алдымча бул түйүндү чечкенге аракет кылып көрдүм, бирок колумдан келбейт экен. Менин жиндилигим же кандайдыр бир мистика эмес. Сизге башында айткым келген эмес. Жалгыз эч нерсе колумдан келчүдөй эмес.
– Кызык, ал жигит кайда экен анан?
– Бул жерде, Аскар агай...
Бегимай башын жерге сала күнөөлүү шылкыйып калды. Азыр кыялы корс адам туруп, басып кетсе эмне кылам деп бир корксо, Азиретти көрүп жүрөгү кармап калабы деп андан бетер коркуп жатты.
– Анда ал жигитти көрсөм болот экен да. Бул жерде болсо, балким, тааныштырасың?..
Бегимай артына кылчайып, кимдир бирөөнү колу менен жаңсап койду. Кең далылуу жигит караңгы бурчтан басып келе жатканын көрүп, Аскардын жүрөгү болк дей түштү.
Азирет алардын жанына басып келди да Аскарга аста башын ийкеди.
– Саламатсызбы?
Аскар жигиттин жүзүн эми даана көрдү. Көздөрү алайып, өңү кубарып кетти. “Жараткан, дагы не деген табышмагың эле?” Дирилдеп, өзүнөн көзүн ала албай турган буурул чач адамды тиктеп алып, Азирет ыңгайсыз болуп кетти. Мындай реакцияны күткөн менен, тиги адамдын карегиндеги үмүттү, кайгыны, аталык сүйүүнү көрүп, өзүн күнөөлүү сезип кетти.
– Кечиресиз...- деп күңкүлдөп алды.
Неге кечирим сурады? Өзү да түшүнгөн жок.
– Уулум!
Аскар башка эч нерсе айта албады. Эткээл денеси солкулдап ыйлап жиберди. Баласы каза болгондон бери биринчи жолу ыйлашы. Жүрөгү өрттөнүп баратса да ыйлай албаган эле. Алдында отурган жигитти тиктеп, көз жашын токтото албады. Чачы, жүзү, көздөрү... деги койчу, тамчы суудай окшош эле алар.
– Аскар агай, бул жигиттин аты – Азирет,- деди бир топтон кийин Бегимай. Ал Аскардын абалын түшүнүп турду. Өзү биринчи көргөндө деле мындан жаман абалда калбады беле...
– Бегимай, мен жаман болуп турам. Жүрөк ушинтип калбадыбы кийинки кездери... Азыр...
Тумчуга сүйлөгөн Аскар көкүрөк тушун мыжыга берди. Ордунан учуп турган Бегимай Азиреттин жардамы менен Аскарды колтуктап сыртка жөнөдү. Ошол күнү Аскар оор абалда ооруканага жеткирилди.

xхх

– Менин келгеним бардыгыңарга оор болду окшойт. Келбей эле койсом болмок экен,- деди оор күрсүнгөн Азирет.
Экөө Аскарды ооруканага жеткирип, абалы жакшы дегенди угуп кайтып келе жатышкан. Жолдон көзүн албай келе жаткан Бегимай эч нерсе деп үн каткан жок. Иштин дагы кандай айланышына мээси жетпей жатты. Өз ойлору менен алек. Ушундай табышмактуу жагдайга туш болгон абалына жини келет. Азирет канча сүйлөп жатса да, ага бир бурулуп карап койбоду.
Тиги таң кала анын жүзүнө тигилип калды. Мындай кызды көргөн эмес. Качан болсо бир калыпта. Эмне деп ойлоп жатканы, жактырбай жатканы же жактырып жатканы билинбейт. Алина менен баары ыңгайлуу жана жөнөкөй. Бирок ошого карабай кийинки кездери Бегимай тууралуу көп ойлой турган болду. Сүйлөшкүсү, пикирин билгиси келет. Бирок Бегимай өзүн өтө эле оолак кармап...
– Уксаң, сенин Аскатың... жигитиң менен канча убакыт мамилелеш болдуңар эле?..
– Төрт жыл.
– Да, төрт жыл көп эле. Мен бир кыз менен да бир айдан ашык сүйлөшүп көргөн эмесмин.
Бегимай кыжалат боло тиктеп койду. Чындап бул жигит Аскатка келбети, жүзү гана окшош. Мында туруктуулук, бир адамга берилгендик деген нерсе жок. Аскаттын аркасынан не деген гана кыздар чуркашкан жок. Бирок ал Бегимайды гана жакшы көрчү. Сыйлачу. А бул бир айдан ашык бир кыз менен сүйлөшө албаганына мактанып жатканын кара. Бегимай тигини жактырбай карап койду. Ал жактырбаган көз карашын сезди да, жылмайып алды.
– Мен ушундаймын...
– Мен сенден суранайын дегем. Алина тууралуу...
– Алина – жакшы кыз.
– Ага мамилең олуттуу болушун каалайт элем. Менимче, ал сени жакшы көрөт.
– Туура байкапсың. Бирок жакшы көрөт эмес, сүйөт. Мен үчүн жанын бергенге даяр...
– Дагы?
– Мени менен дүйнө кезип жүргүсү келет.
Эми кандай кыласың дегендей Азирет жылмая күлүп тиктеп турду. Анын өзүн кыйын сезгенине, ачыктан-ачык өзүнө суктана тигилип турганына Бегимайдын ачуусу келип, туттугуп кетти. Мына сага, бул жигит достук деген эмне экенин билбеген неме го?.. Болбосо жакын курбусу жакшы көргөнүн билип туруп, өзүнөн көзүн албай келе жатканы кандай? Азирет ага суроо узаткандан тажаган жок. Жини келип жатканын байкаса да...
– А сенчи, өзүң жигитиң каза болгонунан бери эки жыл өтүптүр. “Эч кимим жок” дебе, баары бир ишенбейм...
– Ал сенин ишиң эмес.
Тиштенген кыз жини менен болушунча ылдамдыкты күчөтүп жиберди.
– Эй, акырын, сага эмне болду?
Каргыш алгыр, кайдан чыга калган неме эле бул?! Жүрөгүңө колун салып эле сууруп алат го. Ушунчалык жини келип, алып учуп жөнөгөн Бегимайды тиги үрөйү уча тиктеп калды.
– Болду эми, катуу айдаба...
– Ишиң болбосун!
Эми Азиреттин жини келип кетти. Дегеле эркелеп жүрүп көнгөн экен. Машинанын эшигин ачып жиберди.
– Азыр токтотпосоң, машинадан секирип кетем.
– Секире албайсың.
Өзүнө ишенимсиз айткан Бегимай айласыз ылдамдыкты азайтты.
– Сен жинди экенсиң. Анчалык эмне дедим?
– Аскат тууралуу эч качан сүйлөбө. Сендейлер аны сүйлөшүн каалабайм.
– Мен эмне экем?
– Сен үчүн ыйык эч нерсе жок. Сага баары бир, бир кыз сүйүп жатабы, он кыз сүйүп жатабы. Бүгүн бирөөнүн койнунда болсоң, эртең башканыкысың. Ал эч качан антмек эмес, ал адамдардан өзгөчө болчу.
– Идеалдуу адам жок. Ал жөн гана кыздардын кыялы.
– Ал идеалдуу болгон үчүн Кудай аны өзүнө алып кетти. А мага окшогон, сага окшогон адамдар дүйнөнү булгап кала беребиз. Ал...
Азирет эч нерсени уккан жок. Кыздын бирде кымтылып, бирде ачылып албырган эриндерине көзү түштү. Олуттуу жүз менен машинаны токтотуусун талап кылды. “Жеткирип коёюн” дегенине да көнгөн жок. Бегимай машинаны көчөнүн имерилишине токтотуп, аны тиктеп калды. Азирет кызды каруудан алып бооруна тарта берди.
– Эй, сага эмне?..
Жигитке кыздын күчү жетмек эмес. Жүзүнөн, эриндеринен өпкүлөп жаткан жигиттин жалындуу илебине бир эсе көнүп, денеси талыкшып баратты. Бирок ошол замат намыспы же өзүн-өзү коруу сезимиби, бир чоң күч өзүн токтотту. Дароо эсине келип, эптеп оң колун бошотуп, Азиретти жаакка чаап жиберди.
– Коё бер мени...
– Коё бербесемчи...
Айласы кеткен Бегимай эки бетин басып ыйлап жиберди. Мындайды күтпөгөн Азирет эмне дээрин билбей, кантип сооротушту билбей туруп алды.
– Кечир, сен кете бер, мен жөө эле барам.
Эшикти шарт жаап, Азирет чыгып кетти. Аркасынан узата карап калган кыздын көз карашын байкаган жок.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
janym_88
2011-10-10 12:09:59
Кызыгына жеткенде бутуп калды гоо
0
skatoruk
2011-10-10 12:32:31
кызык жигиттин кылыгы чыга баштады го
0
7777
2011-10-10 16:13:44
Скорее всего это внебрачный сын Аскара, или близнец Аската
0
den
2011-10-13 12:28:52
Согласен! Не может быть чтоб два одинаковых людей были в одной стране.
0
ikitaidesu
2011-10-10 16:53:44
Abdan kyzyk bolup baratat. Askar aga emi otkon kundorun estese kerek.
0
Arstan
2011-10-10 20:02:55
Азирет точно бабник экен.
0
Dika
2011-10-11 01:22:02
Эми мурдагыдан дагы кызыктуу болуп баштады окшойт. Сериалдардагыдай эле эн кызыктуу жеринен токтотуп коюптурсуздар. Супер инфо бир жуманын ичинде куто берип журок оорукчан кылат экенсинет эми бизди.
0
Beck_13
2011-10-11 10:14:02
Китеби чыкты бекен? Чыкса алып эле окуган жакшы го, журок оорулуу болгуча!
0
tea23
2011-10-11 20:59:47
Koreyskyi kinolor biyakta ele kaldy. Azamatsynyz avtor kitebi chyksa sossuz alamyn. Al emi super info kopton ele jazgylachy suranych juroktu oorutpai
0
OMG
2011-10-12 02:04:51
Daaa ushul okuiany kino tartsanar sonun bolmok, urmattuu avtor I rejisiorlor, moshnyy film bolmok
0
subaruchan
2011-10-12 16:20:44
Саламатсынарбы! мен мындай окуяларды коп окубайт элем, бугун негедир козум чалынып, мурдакы сандагы жазылгандарынан бери окуп чыктым. Чынында кызыктуу окуя экен. Кино тартылса, берилген актерлор аткарса, "оскарга" жоното турган эле окуя экен. Китеби болсо мен да аламын, кимде ким кайсыл жерден алуу тууралуу маалыматка ээ болсо кабарлап койгула. эми бир жума кутуш керек турбайбы э? мен озумчо каармандардын образын коруп эле тургандаймын. Авторго рахмат жана респект!
0
Агата Кристи
2011-10-12 19:16:22
Автордун атынан рахмат. Китеби жакында чыгат. Тасмага тартуу маселеси да каралууда деп уктум
0
den
2011-10-13 12:31:22
Классна придумали! Респект
0
eliza_dj
2011-10-14 10:17:55
Автору ким жана китеби "тагдыр оюну" деп аталабы?
0
maksimus
2011-10-15 15:18:57
emi balee baspadibi
0
pupsik_asia
2011-10-16 21:12:24
Аябай кызыктуу болуп баратат,бирок кызык жерине келгенинде бутуп калганы чатак болду да
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан