ШАЙЛООНУН ФАВОРИТТЕРИ

Президенттик шайлоого эки апта убакыт калды. Үгүт кампаниясы башталгандан бери талапкерлер 80 миллиондон ашуун сомду сарпташты. Бул аптанын “күнөөкөрлөрү” Нариман Түлеев, Акылбек Жапаров жана Исхак Масалиев болду.

АЛЫБЕК АЛЫНА ЖАРАША ДЕЧҮ БЕЛЕ?..
Ойт десе, опурула жарышка чуркаган бул ажо болчуларың чечүүчү күн жакындаган сайын Алыбек алына жараша боло башташты. Баарынан кызыгы Нариман Түлеевдики болду. Башында бул талапкер БШКнын элегинен өтпөй калып, соттон-сотко чапкылап жүрдү. Аягында БШКны утту, бул ортодо санаалашы Марат Султанов “Түлеевди колдойм” деп жарыштан баш тартты. Анан кандай жин урганы белгисиз, же баары бир президент болбошуна көзү жеттиби, кыскасы, “шайлоо кампаниямды үзгүлтүккө учуратууга бардык тоскоолдуктар жасалды. Менде эми өзүмдүн элимди сатып алуу же оюндан адилеттүү чыгып кетүү жолу эле калды. Акча менен президент болууга моралдык укугум жок” деген билдирүүсүн таратты.
"Ачууну Акыл басат" деп кыйыр түрүндө үгүтүн элден биринчи баштаган Акылбек Жапаровдун баяны өзүнчө укмуш. “Айла алтоо, акыл жетөө” деген сыяктуу көрнөк-жарнактарын туш тарапка илүүгө чебер Акылбек мырза “Ар-намысты” кыйла олку-солку кылып, ал эле эмес, аз жерден Феликс Куловду да лидерликтен чыгаруу чегинде турат. Өз эрки менен талапкерлигин алып салганын “өлкөдөгү кырдаалды жакшыртууга кошкон салымым” деп түшүндүрдү. Бирок билдирүүдө талапкер Алмазбек Атамбаев менен бир канча ирет жолукканын жашырбады. Өз учурунда Алмазбек мырза анын идеясын колдоп дегендей, балким, көшөгө артында майлуу-сүттүү орунду да убада кылган чыгар. Ошентип, Акылбек Жапаров президент болуу кыялынан кайтты.
Ошондой эле Коммунисттер партиясынан чыккан Исхак Масалиев талапкерлигинен баш тартып, “мынчалык кымбат баалуу шайлоо кампаниясына даяр эмес экенбиз” деди. Акча жок болсо, айла да жок. Айтмакчы, “Эл бийлиги” партиясынан көрсөтүлгөн Шамшыбек Медетбеков да талапкерлигин алып салды.

“СҮЙМӨНЧҮКТӨР” – АТАМБАЕВ, МАДУМАРОВ, ТАШИЕВ
Саясат таануучу жана эксперттердин пикиринде, шайлоонун фавориттери – Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев. Мындай пикирлердин пайда болушуна алардын пиар кампаниялары да таасир этүүдө. Акчанын көзүн карабай миллиондорду коротуп жаткандардын катарында жогорудагы үчилтиктен тышкары Кубатбек Байболов, Кубанычбек Исабеков, Анарбек Калматов, Өмүрбек Суваналиев да бар.
Алмазбек Атамбаев былтыркы картасын кайрадан колдонууну чечкенби, Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугуп, аны орусиялык ММКлардан өйдө жабыла көрсөтүштү.
Ошол эле тапта Мадумаров менен Ташиев бири-бирине “бомба” ыргытууну баштады, кожоюндук кылган басылмалары аркылуу.
Гезитибиздин расмий www.super.kg сайтында жаңыланган “Президенттик шайлоодо кайсы талапкерге добушуңузду бересиз?” деген сурамжылоодо да Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев, Камчыбек Ташиев алдыда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (198)
baby
2011-10-23 14:49:15
Мадумаров менен Ташиев татыктуу!
0
bahakg89
2011-10-23 17:40:25
Идиоты!!!Если на то пошло,то выберите его президентом и заберите его в свой Ош!Нам и без него лучше!Север РУЛИТ!!!!
0
bahakg89
2011-10-23 17:50:03
Алмазбек Атамбаев вперед!!!Если он станет президентом,то мы(север) вернем былую мошь!!!И другие это понимают,поэтому его обсирают!
0
mirka
2011-10-23 18:24:30
bahakg89, сен акмак турбайсынбы,эмнеге экенин озун тушунуп жатсан керек, Оштун баары эле Адаханды карап турат дейсинби, мейли болсун Атамбаев президент, коро жатарбыз...Кудайым кыргыз элиме сабыр берсин!!!!
0
Debi
2011-10-23 19:33:04
bahakg89, эй койчу север юг деген карангычылыгынды
0
Debi
2011-10-23 19:33:58
bahakg89, атамбаевдин президен болушун мен да каалайм, бирок бул жерде север югдун тиешеси жок.
0
super
2011-10-23 20:58:58
bahakg89, 100 күндүк эс алуу кетти.
0
Sabatar
2011-10-23 19:44:48
Bahakg89 Oinop suiloson da oilop suilo ..... Andai sozdordu aitkan tuura emes koo ...Smysle Zaberite Ow .. i bez nego Lu4we ...???? iLi ty Kupil ves' Kyrgyzstan??? Ty ne celyi Kyrgyzstan i liw' oo4een' krohatnaya malyusen'kaya 4ast' i Vse my .. Ty skoree Natsist 4em PATRIOT .. Bud'te PATRIOTAMY GOLOSUITE za togo kogo s4itaete Dostoinym...
0
syrgak31
2011-10-23 20:30:39
Atambayevge wailoodo iygilikke b.a jeniwke jetiwin kaalaim. Tatyktuu talapker!
0
suyor21
2011-10-23 20:46:29
Atambaev samiy dostoyniy.4ELOVEK DELA,a ne slova kak madumarov
0
sammirbek
2011-10-23 21:30:52
Адахан Мудумаров менен Камчыбек Ташиевти колдойм.
0
nikolay
2011-10-24 01:21:41
Кыргызстан бажы союзуна мучо болду деп жанылыктардан кордук мына Атамбаев мырзанын тынбай Москвага барып жатып жасаган жумушу .Эми дордойдогулар кантишет растоможка кымбаттаса коп адам жумушсуз калабы жана иномарка машиналар кымбаттайт эх.Дагы Атамбаевди колдойм дейсинер да.
0
asil-08
2011-10-24 08:56:19
атамбаев болсо сарттарга ошту автаномиялык республика кылып берем деп соз берген ошо алкаш учун канча кыргыз адам чыдагыс олум менен олду бирок биз оз жерибизди эч кимге бербейбиз кудай буюрса андан башкасы болот эгер атамбаев боло турган болсо дагы биз которулобуз ал бари бир болбошу керек кыргызстанды карызга батырды ар кимден сагалап акча алып атып аны кудай озу жазаласын
0
Aybekk
2011-10-26 03:14:47
атамбаевди шайлай турган адамдар деле бар бекен э? кызыык!!!
0
LIVER
2011-10-29 09:19:01
Алмаз Атамбаев ордокту жакшы учурат экен, то он с Баткена то с Таласа, короче эркекче эмес экен, Ж Жолдошева кечирим сурады дейт, уялса боло, Жолдошева интевьюсунда айтты, мен Атамбаевден кечирим сураган эмесмин деп, Атамбаев коп алдайт экен
0
Omur
2011-10-29 15:57:03
Ташиев туштук коогаланында биринчилерден болуп озунун жанын ойлобой элди ойлоп,эки элди жараштырып жардам берип жургон! ал эми Адахандын карааны эмес колокосу дагы корунгон эмес! Урматтуу Кыргызстандыктар кана айткылачы жакшы иштей турган президентти шайлайбызбы же Мадумаровго окшогон жакшы суйлогон президентти шайлайбызбы?
0
Omur
2011-10-29 15:59:35
Ойлонгула Мадумаров кыргызстандыктарды манкурт сымал ойлоп,ширин созу менен элди озуно тартып жатат. Кыйын саясатчы болсо кандай иштерди жасаган айтып бергилечи.
0
virus
2011-10-29 21:04:29
Чын еле ошол Мадумаровту президент Ташиевти пример кылып Ошко алыпбарып каалаганынарды кылабербейсинерби Атамбаев алга Бишкек Чуй стабой
0
Adilet7717
2011-11-04 09:10:38
КОРОЧЕ,,,,Шайлоо Эн таза отту!
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан