ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Мариям уулунун чачтарынан сылай берди.
– Мен күнөөлүүмүн, балам. Аскат экөөңдүн эки жакта өскөнүңөргө мен күнөөлүүмүн. Уулдарымдын тагдыры мындай болуп калат деп ойлогон эмес элем. Бегимай тууралуу атаңдан көп уктум. Атаңдын айтымында, ал кыздын жүрөгүнө терең тамырлаган сезим экен. Көп жолу көрүстөнүнө келип, ыйлап отурганын көрүп, “жаңы жашоо башта” деп урушуптур. Мезгил баарын дарылайт, бир аз сабырдуу бол, балам. Мен сабырсыздыктын айынан үчөөңдүн тең убалыңарга калдым.
Кимдир бирөөнүн жакындап басып келе жаткан кадамынан Мариям менен Азирет кылчайып калышты. Колуна гүлдесте кармаган Бегимай келе жаткан экен. Үчөөнүн тең оозунан сөзү түшүп, бирин-бири тиктеп туруп калышты.
– Саламатсыздарбы?
– Кандайсың, кызым?
– Мен силердин да бул жакка келгениңерди билген эмесмин. Болбосо башка күнү келет элем,- деди Бегимай кысыла эки жагын каранып.
Азиреттин өрттөнүп тиктеп турган көздөрүнөн каректерин ала качты.
– Эмнесине кысыласың? Бизге караганда сага жакын адам. Туурабы, апа, анын үстүнө биз кеткени жатканбыз,- деди кыжырланганын жашыра албаган Азирет.
– Балам, сен бизди жалгыз калтырчы. Биздин сөзүбүз бар эле,- деди Мариям аста гана.
Аргасыз басып кеткен Азиреттин аркасынан тиктеп туруп, Бегимай акырын улутунуп койду. Колундагы гүлдестесин коюп, Аскаттын сүрөтүн алакандары менен сылап, бир нерселерди айтып жатты. Муну көрүп турган Мариямдын каңырыгы түтөсө, обочого барып аларды тиктеп турган Азиреттин айласы биротоло кетти. Мариям менен Бегимай бир топко үнсүз отуруп калышты.
– Кызым, Аскар силер тууралуу мага көп нерсе айтты. Мен сенин абалыңды жакшы түшүнүп турам. Бирок сага бир нерсе айткым келет. Азиреттин сага болгон сезими таза... Бир дагы кызга уулум ушунчалык күйүп-жанган эмес эле. Ал сыртынан гана ушундай көрүнгөнү менен, ички дүйнөсү өтө назик.
Бегимай Мариямды кыжалаттана тиктеп алды.
– Сиз тууралуу Аскат мага эч нерсе деп айткан эмес. Бирок ал энелик мээримге зар болуп жүргөнүн мен сезер элем. Кээде гитараны ушунчалык муңдуу чертип, апалар тууралуу ырдап калчу.
– Мен өз күнөөмдүн жазасын жетишинче тарттым. Меникиндей тагдырды эч кимдин башына салбасын. Андыктан күнөөмдү эске салып, мага оор кылыштын кажети жок.
– Туура, меникиндейди да эч кимдин башына салбасын. Менин жарамды сыйрыштын да кереги жок. Мени жалгыз калтырыңызчы, суранам. Жакында алыс жакка кеткени жатам. Бүгүн атайын Аскат менен коштошуп алганы келгем. Суранам сизден, жалгыз калтырыңыз бизди.
Мариям ордунан туруп кеткенге аргасыз болду. Машинада отурган Азирет апасынын кубарган жүзүн байкады.
– Эмне деди, апа?
– “Кеткени жатам, коштошуп алайын деп келгем” дейт.
Азирет жиндене рулду колу менен уруп-уруп алды.

ххх

Ушул окуядан кийин бир топ күн өттү. Күзгү жалбырактар сапырылып, суук катуулап келе жатты. Чарбактагы бир аз жемишти үзүп, үйгө киргизип коёюн деген Мариям короодо убараланып жүргөн. Жанына келген Аскарды эми байкап, жылмайып койду.
– Сени байкабай калыпмын...
– Убакыттын өткөнүн кара, кечээ эле жай эле,- деди Аскар кайгылуу.
– Ушинтип өмүр өтө берет. Күз келет, анан кыш... Кечээ эле экөөбүз тең жаш элек. Жээкке урулган чамындыдай эки жакка бөлүнүп калабыз деп ойлободук эле. Көрсө, ушунун баары турмуш экен. Бирок мен тагдырыма ыраазымын, Аскар. Ачуусу, таттуусу болду. Азирет бар, Аскатыбыз бар эле.
– А биз, биз ушул бойдон эле кала беребизби?
Аскар келгенден бери биринчи жолу Мариямдын жүзүнө тике карап, саамайынан аста сылады.
– Жакын болуп туруп алыс, өз болуп туруп жатка айланып кала беребизби? Мен буга макул эмесмин. Биз үчүн деле Жараткандын бир аз мээрими калгандыр. Көп жылдан кийин экөөбүз бекер жолугушпагандырбыз. Ыя, кандай дейсиң?
Мариям саамайын, жүзүн сылап жаткан Аскардын колдорун алып өөп, энтиге ыйлап жиберди.
– Неге ыйлайсың?
– Сени кайра тапканыма. Бөксөсү толбой келген жан дүйнөмдүн толгонуна ыйладым.
Аскар Мариямды бооруна кыса кучактады. Алып учурган күзгү жалбырактын арасында бири-бирин тапкан эки адамдын жүрөгү кайрадан биригип, бирдей ыргакта согуп баштады. Бул жаңылык Азиретти да кубантпай койгон жок. Атасы менен апасын алмак-салмак тиктеп туруп, адатынча тамашалай берди.
– Уфф, мен силерди дагы далай аңдышып жүрө береби деп корктум эле. Куттуктайм, баса, мени да куттуктасаңар болот,- деди шоктоно көзүн кысып.
– Эмне менен?- деди атасы чочуй.
Мариямдын жүрөгү бир нерсени сезгендей нес боло тиктеп калды. Дагы эмнени баштаганы турат дегендей сактануу менен карады. Азирет ичинен кыйналып турса да, апасына жадырап күлүп турду.
– Кийин айтам, апа. Жөн эле куттуктай бергиле.
– Дагы эмнени баштаганы турасың?
– Ой, апа, мен жөн эле айтып койдум. Баары жакшы, балким, жакын арада келиндүү болуп калышыңар да мүмкүн деп ойлоп жатам.
– Уулум, бул маселе оюнчук эмес. Жакшылап ойлонуп иш кылышың керек.
Куру намыс жигиттерде күчтүү өнүккөн эмеспи. Азиретти сүйүү азабынан да, Бегимайдын баш тартып кетиши оор абалга таштады. Бир аз эле убакытка ойлонуп туруп кадам жасаса, балким, Бегимай да өзүнө келип калар беле?.. Аялдык ийкемдүүлүк басымдуулук кылып, балким, жакшы да көрүп кетмектир. Бирок Азирет ага убакыт бере койбоду. Мурункудай эле Алина болуп чогуу жүрүшүп, сүйлөшүп жатышты. Азирет Бегимайдын жаралуу жүрөгүн оорутуп, жети атасынан берки өчү бардай кереги жок жерден кекээр сүйлөп, ого бетер жанын кыйноого салып жатканын билген жок. Ошентип өч алам деп ойлоду. Бирок бул анын тагдырындагы эң чоң жаңылыштык болгонун кечигип билди.

xхх

– Бема, Бема, сени кандай гана сагынам болду экен?- деди Алина Бегимайдын чемоданга иреттүү салынып жаткан кийимдерин карап.
– Эй-й, мен эмне, биротоло кетип жаттым беле? Көпкө апамдарсыз мен деле чыдай албайт болушум керек. Келем бат эле.
– Бема, чынын айтсаң, эмнеге Америкага кетип жатасың?
– Бир аз атмосфераны өзгөртүп, өзүмө келейин деп ойлодум. Мен катуу кыйналдым, көп ыйладым, Алинка. Эми бактылуу болгум келет, баарын унутуп. Жашоомду башкача баштагым келет. А бул жерде баары мага Аскатты эске салат. Экөөбүз жүргөн көчөлөр, экөөбүз барган жерлер...
Алина Бегимайды кучактап калды. Чын эле, жакын курбусу гана эмес, бир тууган эжесиндей эле жакын болчу.
– Макул, сенин айтканың да туурадыр. Чын эле, кыйналып жүрөсүң. Бирок мен сенсиз кантер экем?
– Эч нерсе эмес, көнүп кетесиң. Жаныңда Азирет бар эмеспи. Ал сага мени эстете койбостур. Мага таарынып жүрөт...
– Мен дагы байкадым. Сен жокто жакшынакай эле жүрөт да, сени көрсө эле атырылып жиндеп чыга келет. "Жакында бир сюрприз кылам" деп жүргөн ал. Билбейм, эмне камдап жатканын.
– А мен анын апасын көрдүм...- деп бараткан Бегимай токтой калды. Мариямдын "Азирет бир да кызды сенчелик жакшы көргөн эмес. Сыртынан мындай көрүнгөнү менен, ички дүйнөсү өтө назик" дегенин эстеди. Негедир ушул сөздү көп эстечү болду...

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек
Кудайбергенов

Жакында...

АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ
Ал бейкапар эле. Жашоо ага күтүлбөгөн сюрприз тартуулаардан мурун өз жашоосу менен алек болчу. Тумардын жашоосун жакын курбусу Жаннаттын телефон чалуусу башка нукка бурду. Болгондо да Жаннат аны үйүнө эмес, ооруканага чакырды. Курбусунан ойго-түшкө кирбес сунушту укту. Жаннат айыккыс ооруга кабылып, эки баласын ишенимдүү колго таштагысы келгенин айтып, өзүнүн жолдошуна турмушка чыгуусун өтүндү. Андан да кызыгы, Жаннаттын өмүрлүк жары Жаныбекти бир кезде ал дагы сүйгөн эле. Жашы 35ке барып калса да турмушка чыга элек Тумар тагдырдын бул сыйын кабыл алат.
Окурман, эненин мээримин, жалындаган махабатты баяндаган бул чыгарма сизди кайдигер калтырбайт. Кийинки сандарыбыздан “Аткарылбаган аманат” сериалын үзбөй окуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Sahalin
2012-03-12 09:57:15
Мен дагы эле тушуно албай жатам. Кантип Аскаттын компьютеринде Аиданын Айбек менен жыргап жаткан суроттору пайда болуп калды. Аскат аларды колдон бир эле жолу терезеден телефонуна тартып алган куну эле олбоду беле. И тем более компьютердин кодду бар эмес беле, Аида озу киргизе албайт болчу да. Ушул жерин тушунгондор болсо тушундуруп бергилечи?
0
barmalei
2012-03-25 00:31:18
Сен конул буруп окубапсында анда. Жакшылап кайра окуп корсон ал жерде Аскаттын почтасы жонундо кеп болгон, ал ошонун парольун туура табып, анан почтага келген акыркы суротторду корот.
0
barmalei
2012-03-25 00:31:18
Сен конул буруп окубапсында анда. Жакшылап кайра окуп корсон ал жерде Аскаттын почтасы жонундо кеп болгон, ал ошонун парольун туура табып, анан почтага келген акыркы суротторду корот.
0
bopos
2012-03-12 09:59:04
ой бул акырына чыгып калган окшойт,жаны тема жазылып калыптыр.бема м-н эле калса сонун болмок.
0
Sahalin
2012-03-12 10:13:23
чыгарманын башында менттер эмнеге Аскат олгондо, анын ишин туура изилдешкен жок. Аидадан коркушту беле? Аскардын очошкон адамдары олтурушсо да мейли эле. Кимден коркушту Аскарданбы? Ал кантип эле каршы болот эле? Кимдер тарабынан аларга кысым корсотулду?
+1
supeeri
2012-03-12 11:30:36
Кийинки санында дейт,эмне ушуну менен бутубу окуя?Иии мен чыдабайм уландысы болсо да бул окуя бутпой эле койсунчу?Азирет менен Беманын тагыдыры эми башталды окшойт деп ойлойм.Иии ушу Азирет дагы бирдекени баштап баарын таталдашыраткоо..
0
Агата Кристи
2012-03-12 11:47:18
Тушунбой калгандар учун бир аз кыстырма.Аскат ошол куну АИДАнын суротторун соткасына тартып алып, Бема же башка бироо коруп калбасын деген максатта озунун почтасына салып жиберет. Бирок АИДА ал сурооторду почтага ыргытып жибергенин билбей олтуруп алат да, сотканын козун тазалайт. Азирет Аскаттын компуна отуруп почтасын коруп, кодду кайталап жазып алып ачып алат да баары ачыкка чыгат. жакшы эле тушунуктуу болду го деп умуттоном.
0
Sahalin
2012-03-12 12:49:31
Агата Кристи, анча мынча эми окшошту. Бирок ушул жерин чыгарманызга убагында кошуп кеткенинизде, гезит аркылуу окууган окурмандарга тушунуктуу болмок.
0
Агата Кристи
2012-03-12 11:50:10
Менттер Азамат куноолу деген версияга кобуроок ооп, аны куноолоп ишти жаап салуу оной болгондуктан ошол ишке барат.Коп учурда эле ушундай болотэмеспи бизде... Суроонузга толук эле жооп бердим деп ойлойм.
0
Aisi-orhidey
2012-03-12 15:59:41
Азиретин сюрпризи Алинага уйлонуу окшойт, Бемадан оч алыш учун.
0
101010
2012-03-12 17:09:36
Агата Кристи, чыгарма эн сонун, Sahalin кыстырмасы жок эле убагында баарын тушунгонбуз, уйроткондон коро озунуз жазсаныз болмок )))
0
Cyldyzka
2012-03-13 17:22:04
Agata Krista Askat oşondo köldö Azamat menen bir az kızandaşıp ketkende bir adam kudundap süyünüp aralarınan çıgıp barattı dep cazılgan go başında al kim ele
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан