СУПЕР-ИНФО – 10 ЖАШТА!

Заманбап, сергек ой жүгүртө билген, бүгүнкү күндүн окурмандарын кызыктуу маалымат менен «багып» келе жаткан «Супер-Инфо» гезити 10 жашка толду. 2002-жылы 31-майда биздин гезиттин алгачкы саны даярдалып, басмаканадан чыккан. Ооба, 10 жыл бул – мезгилдин бир гана бүктөмү, бирок бул аралык гезиттин коомдогу ордун таразага салып, окурмандар аркылуу баалап, анын келечегин аныктап бере алды. Дал ошол окурмандардын ою менен эсептеше билүү аркылуу гезитибиз аймактык тар чөйрөгө гана арналып калбай, республикалык деңгээлге өсүп жетип, жүз миңдеген окурман, күйөрман күттү. Учурда кеңсебизге алгачкы жолу баш баккан адамдардын биринчи айтар сөзү – «бир гезиттин жамааты ушундай чоңбу?» деген таң калуу. Жалгыз кабарчыдан башталган редакция учурда 60тан ашуун кызматкерди жумуш менен камсыз кылып келүүдө. Айтор, 10 жыл ичинде санай турган, эстей турган ийгиликтер көп, көбү дагы алдыда. Сөздүн кыскасы, 10 жылдык өмүр жолундагы «Супер-Инфонун» айрым урунттуу учурларына көз таштайлы. Мааракелик сүрөт-баян сизге гана арналат, урматтуу окурман.

«СУПЕР-ИНФОнун» БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛУ

БИЗДИН ЖЕТЕКЧИБИЗ


Султанов Кылычбек Камчыевич 1975-жылы 7-декабрда Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлгөн. Төрт бир туугандын улуусу. Кесиби – электрондук эсептөө техникаларынын өндүрүшү боюнча адис жана экономист. Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы. Жумушка тактыгы, көрөгөчтүгү жана баамчылдыгы менен «Супер-Инфону» азыркы деңгээлге көтөрүп чыккан мыкты жетекчи. 2008-жылы «Жылдын медиаменеджери» наамын алган. Учурда КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы.

 

 

2002-жыл
Алгачкы жамаат. Азыркы популярдуу «Супер-Инфонун» пайдубалын түптөгөн азаматтар.

2003-жыл
Чөнтөгү жука экенине карабай, гезит ошол кезде эле окурмандар үчүн кызыктуу оюндарды өткөрчү. Сыналгы, уюлдук телефон сыяктуу баалуу буюмдар ойнотулчу. Оо, ал кезде уюлдук телефон карапайым калк үчүн кол жеткис буюм эле...

2004-жыл
Иш менен эс алууну айкаштыра билүүнүн пайдасы чоң. Сөзсүз эле кой эмес, ал кездеги жамааттын бир күндүк эс алуусуна үндүктүн эти кенен жетчү.

2005-жыл
Учурда «Супер-Инфонун» жылдын мыктыларын тандоосу шоу, маданият, саясат, спорт өңдүү коом турмушундагы негизги тармактарды камтыйт. Мына ушул саамалык 2005-жылы старт алган.

2006-жыл
Гезиттин расмий сайты www.super.kg ушул жылы негизделген. Учурда сайтыбыз кыргыз тилдүү сайттардын ичинен алдыңкы орундарда. Бүгүнкү күндө 23 000ге жакын колдонуучусу бар. Бул сан күн санап өсүүдө. Гезит чет өлкөдөгү мекендештерибиз менен да тыгыз байланышта болуп, байма-бай жолугушуулар өтүп турат.

2007-жыл
2007-жылдан тарта “Супер сулуу” сынагы старт алган. Жеңүүчү сулуулар таажы тагынып, аны менен катар кыштын ызгаарында ысык өлкөлөргө эс алып келүүгө жолдомого ээ болушат.
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 100 000 нусканы багынткан биринчи гезит. Ушундай атка татыктуу болуу – биз үчүн өзгөчө сыймык. Гезит «Улуттук гезит» сыйлыгынын «Жылдын нускасы» наамын 2007-жылдан тарта алып, 5 жылдан бери өз позициясын бекем сактап келе жатат.

2008-жыл
"Супер-Инфонун" футболдук оюндары ушул жылы башталган. Алгач жолдоштук беттешүү болуп, "Супер-Инфо" командасы жеңишке жетишкен. Андан бери жыл сайын гезиттин туулган күнүнө карата гезиттин кубогу уюштурулуп, коомчулукту сергек жашоого үндөп келет.

2009-жыл
“Кызматкерлерим жөө жүрбөй, ар биринин өз унаасы болсо...” Бул жетекчибиз Кылычбек Султановдун бир топ жыл мурунку тилеги болчу. Ойлогон ою оңунан чыгып, ушул жылдан тарта жыл сайын бир кызматкерге унаанын ачкычы тапшырылып келет.

2010-жыл
Балдар үйү, карылар үйүнө барып, майрамдарда алардын көңүлүн көтөрүп туруу – биздин чакан салтыбыз. Мамлекеттик деңгээлде маселесин чечип бере албасак да, алардын кайсы бир кем-карчын чечип берип, жан дүйнөсүнө рухий азык тартууланганга аракет кылып келебиз.

2011-жыл
Гезиттин www.super.kg сайтынын колдонуучулары менен биргеликте Бишкектин «Ататүрк» сейил багына «Достук багы» отургузулган. Ал көчөттөр көйкөлө өсүп, тамыр алып калышты.

2012-жыл
10 жыл артта калды. Биз өстүк, улам жаңы бийиктиктерди багынтуу аракетинде иштеп келе жатабыз. Жүз миңдеген окурмандарыбыздын көйгөйү, үнү, кубанычы, кызыкчылыгы биз үчүн маанилүү.

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Talant86
2012-06-04 10:58:45
Аябай сонун соз жок ар дайым элге кызмат кылып журо бергиле.
+1
Asus84
2012-06-04 12:03:29
азаматсынар дагы жакшы жанылыктарды кутобуз алга!!! Кылычбек байке мени да алгылачы жумушка
0
Барс
2012-06-04 12:23:04
Азаматсыңар!!!
0
operaledi
2012-06-04 17:19:03
Азаматсынар! Бар болгула.Дуйнолук масштабдагы гезит болсун!!!
0
Gulzhan
2012-06-05 00:18:04
Оркундой бергиле,коп жашагыла.Ар дайым ишинер ийгиликтуу болсун.Мындан да кызыктуу,мазмуну терен макалаларды кутобуз.
0
A031288
2012-06-07 21:08:01
En soooonun jamaat dagy da kyzyktuu makalalardy chygara bergile
0
Aliss
2012-06-09 15:02:10
Вы просто суупер! Так держать! Молодцы!
0
InsanKg
2016-04-17 18:01:16
маладсы жаакшы
бооптур
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан