КУРМАНБЕК БАКИЕВ «КҮНӨӨСҮЗ ЭКЕНИБИЗДИ УБАКЫТ КӨРСӨТТҮ» ДЕЙТ ДА...

«Кыргызстандагы азыркы бийлик мамлекетти башкара албай жатат...» Качып Беларуста жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев «Интерфакска» берген маегинде ушинтип айтты. «Алмазбек Атамбаев жана анын командасы жаратуучулар эмес»,- деди Бакиев. Анын байкашынча, экономика төмөндөп, коррупция, жумушсуздук өсүп, тышкы карыздар көбөйүп, элдин жашоосу начарлап баратыптыр. Өлкөнүн мындай абалга кептелишине ириде өзүнүн, бир туугандарынын, уулдарынын үлкөн салымы бар экени тууралуу ооз ачпаптыр.
Тескерисинче, «убакыт көрсөткөндөй, мен жана менин уулум кылмышкер эмеспиз. Мезгил келип, бүгүнкү бийлик соттун, элдин алдында Кыргызстанды бүгүнкү абалга алып келгендиги үчүн жооп берет» деп айтыптыр.
Атаң көрү, ушул акылы өзү өлкөнү башкарып турганда кайда эле?! Кыйын экен, жүздөгөн жарандардын бөөдө канынын төгүлүшүнө жеткирбей абалды оңдобойт беле? Беларустун жарандыгын алгандыгын айтып, «мени алып кете албайсыңар, мен башка өлкөнүн жаранымын» деген кыязда салам-дубай жолдоптур.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (255)
edico22
2013-06-15 14:21:02
Ушунча коп киши Бакиевди колдоорун билбептирмин! Бакиевдин жактоочу, куйруктарына айтаарым: чакырып келгиле качкын, киши олтургуч адамды! Келбей койсо силер дагы ошол Белоруска барып жашагыла!
0
Adilettikenek
2015-01-12 23:22:21
edico22, туура! эң туура айткансыз
0
joki_nur
2013-06-15 17:20:13
Кыргызстан ушул даражада кетсе жок болот! 1000 мекеечилмин дегендер азыр чет олкодо журот кара жумушту катырып. Эгер ажообуз кучтуу мамлекетибизди ойлонгон адам болгондо биринчи жумушсуздук маселесин чечмек! Томондогу бири жамандап экинчиси актап урушканыбыз ынтымаксыздык!
+1
baktiyar73
2013-06-15 17:36:43
Кудай пейилибизге жараша башкаруучу берет. Биздин трагедия Кудайга ишенбей Президентке ишенгенибизде болуп жатабы деп ойлойм. Дагы бир жаман жерибиз урууга болунушту аябай оздоштуруп алдык. Кызматкерлерди каяктык экенин суруштуробуз, башка улуттун окулдору кызматка олтурса ал жонундо ойлоп да койбойбуз!
+1
eraly_kg
2013-06-17 03:28:49
baktiyar73, Сизге 100% кошулам! Чындык!
0
mairam170792
2014-01-09 08:50:45
baktiyar73, туура айтасыз!
0
detective
2013-06-15 18:50:25
э вообщета ойловатасынарбы кимге тартып жатканынарды?? бир эле мисал, Акаевдин маалында мектепте китепке деп 12 сом толончу, Бакиевдин мезгилинде бекер болду, азыр 20 сом.
еще, балдарга бекер тамак да Бакиевдин мезгили эле, Камбар-ата 2нин курулушун да Бакиев улантты. ал кетти,баары артка тартылды,базар кымбаттады. ооба,баласын иштетти. ойлосонор, президенттин баласы болгондон кийин чон иште иштейт да анан. ойлосонор силер президент болсонор баланар кандай иште иштемек эле.
еще,
+3
fortuna_kg
2013-06-15 19:04:42
болору болдуда,урушпагыла!КУДАЙ буйурса КЫРГЫЗ элиме ыйман береке келип,КЫРГЫЗСТАН гулдоп онуккон мамлекет болоруна ишенем!
+1
just-mars
2013-06-15 19:20:07
силерди туура түшүнүш керек, бириңер атамбаев бириңер бакиев болуп бөлүнүп кетипсиңер, алардын жакшы дагы жаман дагы жактары бар...
0
moskva
2013-06-15 20:06:28
Баары эле оздору учун иштешет семиришип чиновниктер.крутой машиналарда журушот.Бизге окшогон карапайым калк салаалап ботон элде ботон жерде иштеп журушот.Оз пешене тер акчабыз менен уй салып машине алып журобуз.Булар болсо элдин акчасын жеп ичип жыргап куунап журушот.Анан кудайга да жооп беришет.
+3
Djoni88kg
2013-06-16 03:46:55
Azat.76Кудай деген кур калбашын билем мен да бирок кудайым да аракет кылганга берет карыз сурап кудай колдойт деп олтура берсе аябай сонун кур коет,анан да Бакиев кыргызстанга Камбар ата гесин курду 1,5миллиард долларга чет жактан акча албай атамбаев эмне кылды Орусиянын телевидениесинде мас болуп интервю берип авторитетин айрандай тогуп анан да эмне кылды айткылачы кыргызстан учун Оштогу тополонду да билип туруп бир аракет кылбай коюп беришти дагы кыргыздын азаматтары жерин сактап калышты!
+1
mi-li-na
2013-06-16 10:02:07
Кандай болсо да Бакиевдин заманында азыркыдай кымбатчылык болгон эмес, болгону ушуну мойнунарга алсанар! Азыркы бийлик басып албаганда 80дей адам менен туштукто элинин намысын коргоп, баатырларча курман болгон азаматтар каза тапмак эмес!!! Канча адамдын каны тогулсо ошолордун канынын баары азыркы бийликтин мойнунда.
0
Leily.KG.94
2013-06-16 10:38:37
Айырмасы жок азыркыбы мурункубу бизде бийликке байыш учун эле келет окшош эле
0
Erkinbay_buiga
2013-06-16 13:07:36
туугандар,ушундайда генераторунар даярдап алгыла,кечээ токтогулда келе жатып,жолдон чыгып кете жаздадым.Суу максим саткандада мынчалык тушкон эмес.Азыр ким сатып жатат.
+2
nurikkg1
2013-06-17 01:30:38
мен Бакиевди колдоймун
0
Adilettikenek
2015-01-12 23:20:57
nurikkg1, анда артынан барбайсыңбы
0
nurikkg1
2013-06-17 01:30:38
мен Бакиевди колдоймун
0
Nora
2013-06-17 02:26:34
Prezident kim bolso dagy, eldin kyzykchylygyn kozdop ishtep berse jakshy bolmok, ar bir kelgen prizident ozun gana oilop atpaiby, biz talaptardy boirokton koiup, basskan turganyn teksherip turushubuz kerek antpesek, onoilboit Kyrgyzstan.
0
tursunkulov
2013-06-17 04:41:31
оа бакиев эми тштон кийин тушуркуроп эми актанып жатабы
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан