ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал)

Кыштын кыраан чилдеси. Саат жебеси түнкү 3тү кагайын деп калган убак. Шамал улуп, бороон алай-дүлөй. Түкүрсөң, түкүрүгүң жерге түшкүчө тоңуп кала турчу бул сууктан айыл тургундары эбак эле жылуу үйлөргө жашынып алган. Бирин-серин үйдүн морунан кара түтүн оргуштап, терезесинен үрүл-бүрүл чырактын жарыгы жанганы эле болбосо, дээрлик бардыгы кызуу уйкуда. Аңгыча айыл четиндеги тоо этегин бойлогон чолок көчөдө бир келиндин карааны пайда болду. Жалгыз. Колунда оролгон бир нерсеси бар. Элеңдеп эки жагын каранган ал каяккадыр шашып баратты. Улам бир үйдүн жанынан өтө бергенде кароолчу иттер үргөн боюнча узатып калышууда. Тиги караан тракторист Керимдин үйүнүн тушуна келгенде тык токтоду. Анан уурдана басып, каалганын алдына колундагысын койду. Бир саамга гана буйдала түшкөн ал, келген жолу менен артка кайтып, коюу түнгө сүңгүдү. Бул шойкомдуу окуяга эртеден бери жылуу уясынан чыккысы келбеген Керимдин сары машкеси күбө болуп, караандын артынан үргөн боюнча кала берди.
– Керим! Эшикке чыксаң, ит үрүп жатат, бирөө келди окшойт...
Сабира жанында жаткан күйөөсүн нукуду.
– Түн ортосунда ким келмек эле?..
Уйку-соонун ортосунда кобуранган ал ары карай оодарылды.
– Ай, бай болгур, чыгып бир карап койчу, балким, уурулар болуп жүрбөсүн...
Чыйпылыктаган Сабира уйку берчүдөй эмес. Керим ичиркене жылуу жуурканынан суурулуп чыгып, жанында турган күрмөсүн желбегей жамына терезеден тышка үңүлдү. Аңгыча эле ыңаалаган ымыркай үнү кулагына шак дей түштү. Уккан кулагына ишене албай элейди. Анан шаштысы кете:
– Сабира, турсаң!- деп келинчегине кайрылып, өзү эки аттап жете каалганы ачып, турган ордунда нес болуп калды. Артынан чала-бучук кийинген Сабира шаша чыгып:
– Апей, ботом, бул эмнеси?- деп артка кетенчиктеп, эки көзү чанагынан чыгып кете жаздады.
– Эмне болмок эле, бала! Бирөөлөр таштап кеткен окшойт, ме, муну мештин жанына алып барып жылыта тур, тоңуп калыптыр. Мен тегерек-четти карап келейин,- деп кыйкырган Керим колундагы ымыркайды аялына карматып, көчөнү көздөй чуркады. Коюу түн, бороон басаңдай түшкөн экен. Жакын арада эч ким көрүнбөйт. Кайра артка кайтып үйүн, короо-сарайын тегерене бир сыйра тинтип чыкты.
– Карайлатып жарыктын да өчүп калганын кантесиң?!
Ал ызырына күбүрөндү. Болуп жаткан окуяга түшүнө албай, жүрөгү элеп-желеп болуп, ою онго чачылып, бушайман. Өңүбү же түшүбү? Ким болушу мүмкүн?.. Балким, келинчеги
экөөнүн тилеги Кудайга жеткендир... Байкуш ушул сыяктуу суроолорго жооп таба албай убара. Керим менен Сабиранын баш кошкондоруна 10 жыл болсо да, ортолорунда бала жок эле. Бала асырап алууну ойлошсо да, буга чейин чыгынышпаптыр. Эми минтип издегени көктөн табылгандай туюлду.
– Тааныгандардын эле колунан келди.
Керим өзүнчө күбүрөнө үйгө кирди. Ымыркайдын ыйы токтоп, Сабира коомай кармап эмне кыларын билбей мештин түбүндө отурган экен. Эшиктен баш баккан Керим мештин оозун ачып, от калады.
– Эми эмне кылабыз?
Сабира кылмыш кылгандан бетер күйөөсүнө суроолуу үңүлөт.
– Эмне кылмак элек, таң атса участковыйды чакырып келип, бул баланы өткөрүп беребиз да...
Ушул тапта экөөнүн тең башында «балким, өзүбүз эле багып алсак кантет?» деген ой турду. Бирок бири-бирине айтуудан айбыгып, эч бири озунуп айта албады. Ортодо өкүм сүрө калган тынчтыкты ымыркайдын кайрадан чукурана ыйлаганы бузду.
– Алдей-алдей, курсагы ачкан окшойт...
Сабира ордунан тура калып, ымыркайды бооруна кыса таптай баштады.
– Козу-улактарга сүт берген бөтөлкө менен упчуну таап келейин, сүт ысытып берсеңчи,-деген Керим келинчегинин жообун күтпөй короону көздөй бет алды.
Булоолонгон мештен бөлмө ичи тез эле жылып чыкты. Керим өз ою менен алпуруша үн катпай мештин көзөнөгүнөн чыккан отту телмире тиктеп отурду. Курсагы тойгон ымыркай басылганда Сабира:
– Жалаягы суу эмес бекен, карап коёюнчу,- деп ымыркайдын оролгон төшөгүн чечип, акырын шыбырай кетти:
– Кыз экен...
Таң да атты. Мал-жанды жайгаргыча Керим аймактык тескөөчүнү чакырып келмекчи болду. Сабира ымыркай менен алек. Эшикке чыгып бараткан күйөөсүн келинчегинин токтоо, бирок калтаарыган үнү токтотту:
– Керим! Токтосоң.
– Оу.
– Кайда жөнөдүң?
– Участковыйды чакырып келейин.
– Балким...
Сабира айтардан мурун бир аз толкунданды...
– Балким, бул кызды өзүбүз эле багып алсак кантет?..
Экөө үн-сөзсүз бири-бирин ойлуу тиктеп туруп калышты.

ххх

Күндүн күмүш нурлары ак кар жамынган тоо чокуларын аралады. Түндөгү бороон басаңдаганы менен, суук сөөктөн өтөт. Даңгыр жолдун жээгинде турган Канышай үшүп кетти. Тоңуп калган буттарын улам бири-бирине тарс эткизе тепкилеп, жылытуунун амалын издейт. Демейде аягы суюлбаган машинанын бири да көрүнбөйт. Тигине, жогору жактан бир Жигули келе жатат. Ал жеткенче Канышайдын чый-пыйы чыгып кетти. Бош болсо экен... Өх. Кудай жалгап, айдоочу жалгыз экенин көрүп сүйүнүп кетти. Алыстан эле бир кадам алдыга обдулуп, кол булгалап коё берди. Айдоочу өзү деле ала кетейин деп ойлоп келе жатканбы, айтор, дароо токтоду. Чуркап жетип машинанын эшигин ачкан Канышай:
– Саламатсызбы, райондун борборуна ала кетесизби?- деп шаңк этти.
– Саламатчылык, ала кетейин, чоң кыз. Үшүп калыптырсыз го,- деп жашы 40тарга чамалап калган айдоочу Канышайды баштан-аяк сын көз менен сыдыра карады. Канышай мына эми машинага отура берерде артынан таежесинин үнү угулду:
– Канышай.
Канышай таежеси чуркап келе жатканын көргөн эмес. Энтиге жетип келип:
– Эсиме жара чыгып муну сага берем деп жатып унутуп калыптырмын. Шаарга барганда тамак-аш, жол киреңе керек болот, ала кой,- деп колундагы чүпүрөккө оролгон акчаны карматты.
– Ий, тим эле койсоңуз болмок.
– Кой, ал! Апаңдарга салам айта бар. Жакшы жүр!
Таежеси Канышайды бетинен сүйүп кала берди...

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
zamir.79
2014-01-14 00:13:58
Бул чыгарманы Агымдан окусам керек,Баратбай Аракеевдики болсо керек эле.
0
furkat80
2014-01-14 00:53:24
Кызык экен канвшай бала таштап качып бараткан аял болуш керек мен чандагы гул деп илгери уккам
0
_xXx_
2014-01-14 07:04:50
кенен кененирээк эле жазышса!
0
wwwww
2014-01-14 08:15:01
Сабырдуулук менен куткуло :-)
0
asan91
2014-01-14 08:21:38
бул китеп болсо керек эле, ал наристе Керимдин озунун кызы болот,..наристенин атын Акжолтой коюшса керек....балким адаштым,бирок точна окугам бул чыгарманы.
0
Dj__1ove
2014-01-19 12:02:22
asan91, жок сиз адашасыз,Акжолтойду кошунасы багып алат да) озунун атасы кыз 18ге чыкканда билет,бир тууган агасын суйуп калганда.
0
uluk2014
2014-01-14 08:43:03
мага жакты ушул ташталган кыздын тагдыры жонундо болот го ...уууух дагы кутуу
0
tanarbaieva
2014-01-14 15:05:24
Бул чыгарма мага аябай жакты.Эми дагы бир жума кутуу......
0
lyblyego
2014-01-14 20:06:56
хех))))
баардыгынар образга кирип алгансынар го)))
0
elmira93
2014-01-15 14:53:55
Жакшы чыгаарма экен,
0
Diana92kg
2014-01-15 15:30:36
блиин, окубайм деп окудум а, эми дагы кутуу оорусу башталды
0
X-peria
2014-01-17 15:08:22
– Козу-улактарга сүт берген бөтөлкө менен...))))))))))))))))))
0
4ok4oloi
2014-01-17 20:59:57
Сабира сонун ысымго
0
mukadam
2014-01-21 23:22:15
Аябай кызык китебин окуганмын 90-жылдары.
0
mirzat94
2014-01-27 17:32:42
ойеееееееееееееееееее, кашайып 1 жыма кутобузбу эми
0
islam91
2014-03-31 13:55:49
эмнеге мага корунбой атат откон сандагысын окуйн десем
0
admin_media
2014-03-31 14:19:49
islam91,
Саламатсызбы! Чыгарманын астында турат.
0
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан