(Башталышы өткөн сандарда)
Бир кезде эшик акырын ачылып, тарбиячысынын колун бек кармаган 6 жаштагы кыз кирди. Сербейген чачтары өрүлүп, көздөрүндө укмуш коркунуч! Кимдир бирөөнүн үнү катуу чыкса дирт этип кайра кача тургандай элейет.
– Келчи, кызым, атың ким сенин?- деген мээримдүү үндү укканда ал көзүн көтөрө берди. Алдында бою узун, саамайын ак аралаган сулууча киши турганын көрдү.
– Нурай...- деди араң шыбырай.
– Нурай, кандай сонун атың бар. Мени менен кетесиңби?
– Эмне, сиздин өзүңүздүн кызыңыз жокпу?
Азирет кысыла түшүп Данекти тиктесе, ал көзү жашылданып турган экен.
– Кызым бар, бирок эки кызым болгону жакшы эмеспи...
– Анда мейли...
Кыздын араң чыккан үнү, адамдарды ишенбей караганы Азиреттин жүрөгүн оорутуп жиберди. Кызга колун суна берди.
– Жүрү анда, үйгө кеттик!
Тыпырайган алакандарын анын колдоруна койгон наристе кыз ушул учурда өз тагдырын тапшырып жатканын билбеди. Шап көтөрүп алып бооруна кыскан бул адам ага камкор ата болорун, жанында ыйлап турган кыз анын бир тууган эжеси экенин, үйүндө улам бир таттууну жасап толкундана эшикти тиктеп жаткан аял ага өз энесинен артык мээрим берерин ал учурда кыз билген жок. Бирок балалык жан дүйнөсү менен бул адамдарга ишенимдүү кадам таштады...
ххх
Аскат күндөлүктөн башын көтөргөндө апасы аны муңайым тиктеп турган экен.
– Апа, мен билгем, Данек өз эрки менен менден баш тартпайт болчу. Күнөөлүүмүн, анын кандай адам экенин билип туруп мен алдыга кадам жасай албадым.
– Аскат, эч качан өзүңдү күнөөлөбө! Атаң экөөбүздүн жашообуздан деле сабак ала тургандай болдуң. Сенин оюңча, биз чогуу болбой калганыбыз үчүн күнөөлүүбүзбү? Көп жолу тагдырымды кабыл алгым келбей качтым, бирок акыры көп жылдан кийин мен адам тагдырына баш ийгенде гана бактылуу болорун түшүндүм. Атаң экөөбүздүкүндөй сүйүү ааламда аз гана болор, бирок ошого карабай чогуу боло албадык. Бирок бул биз сүйүүдөн адаштык же бактысыз болдук дегендик эмес. Сүйбөй өткөндөн көрө, сүйүп азабын, жыргалын таткан адам бактылуу. Мен ар бир күнүмө ыраазымын, эң ыраазы болгонум – сенин бул дүйнөгө жаралганың. Атаң менен чогуу жашоо бешенеме жазылбады, бирок аны бир мүнөт дагы сүйбөй калган жокмун. Бүгүн кечээкиге караганда күчтүүрөөк сүйөм, аркы күнү андан да күчтүү сүйөм. Акыркы демим токтогончо ал сүйүү мени менен жашайт. Сен бизден чечкиндүү бол, сен бизден эр жүрөк бол, уулум.
– Данек мени кечирбейт болуш керек, апа.
– Апендим, ал сени чыдамсыздык менен күтүп жатат. Сен үчүн жанын кыйганга макул болгон адам, кантип сени кечирбей коёт?!
Бегимай жакын келип уулунун калың, тармал чачтарынан сылады. Көкүрөгүнө жыгылган Аскат эч тартынбай, эч кысынбай апасын кучактап жаш балача өксүп ыйлады. Ушул мүнөттөрдө кичинесинен бери келген азабын, сагынычын, күйүтүн ый менен кошо сыртка шилеп чыгарып жатты. «Дүйнөдө эненин болгону кандай жакшы... Эркекпи, аялбы, эненин кудуреттүү кучагында гана эс алат». Аскат ый арасында ушуларды ойлоп жатты.
Бакчада ойлуу отурган кыз өтмүшү, келечеги тууралуу ойлонуп жатты. Ойлоп көрсө, ушул бак анын кичинекей ааламы экен. Акырын термелип отурган ал кимдир бирөө өзүн тиктеп турганын сезди. Кылчая берип Аскатты көрдү. Арыктап, жол азабынан чарчап турганы билинсе да, көздөрү шайдоот. Үн катпай, жөн гана бири-бирин тиктеп тура беришти. Данектин көздөрүнө жаш толуп бара жатты. Аскат жакын келгенде көзүн жума берди эле, мелт-калт болуп турган жаштар тоголонуп берди.
– Сен мен үчүн акыркы жолу ыйлап жатасың, жаным, эми бир тамчы жашыңды да агызбайм.
Чыныгы бакыт алдына келгенде кыз дендароо боло түштүбү, качып жөнөй турган болду эле, Аскат жетип кучагына алды. Тыбырап бошонгонго аракет кылган кызды жоготуп алчудай бекем кучактап алды.
– Эч качан бошотпойм сени! Эми чындап меникисиң, качыра койбойм!
Данектин кыймылдары жайлап, жигиттин жалындуу илебине көшүй берди. Колдору өзүнөн-өзү анын моюнуна артылып, көздөрү жумулуп бара жатты.
– Сагындым, жалгызым, жарыгым...
Аскат сүйүктүүсүнө дүйнөдөгү бардык жакшы сөздөрдү арнап жатты. А бакча мемиреп тыптынч, адамдардын сүйүүсүнө, жан эриткен мээримге алар да баш ийгендей мемирейт...
(Уландысы кийинки санда)
Жолдошбек Кудайбергенов