ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

(Башталышы өткөн сандарда)

Угулган кыйкырык-бакырыктан кийин эки аял томсоруп, отуруп калышты.
– Кой, мен үйгө кетейин,- деп Каличанын шаштысы кете эшикке чыга жөнөдү.
– Бир аз отурсаң болмок...
Сабира ооз учунан акырын күбүрөндү.
– Жок эже, мен кетейин, балдар жалгыз калды эле.
Калича кеткен соң Сабира дендароо боло ички бөлмөгө кадам таштады. Анан төшөктө жаткан Айдайдын башын коомай көкүрөгүнө жөлөп, көзүнөн жашы ылдый кулады.

ххх

Ошол окуядан соң Айдай көчөдө ээн-эркин баса албай калды. Көчөдөн көргөндүн баарынын сөзү Айдай жөнүндө:
– Керимдин кызы ушул да...
– Баягы кыз ушул беле?- дешип күбүр-шыбыр болуп калышат. Айдай мындай жашоодон кыйналып кетти. Капаска түшкөн чымчыктан бетер айласы куруп, эл катары курбуларына кошулуп күлүп-жайнагандан да оолактай баштады. Акыркы экзамен болоруна аз күн калган болчу. Жайдын салкын кечинде селүүндөй чай ичип отурушкан Керимдин үй-бүлөсү жаңы эле жатууга кам урушкан. Айдай болсо тапчандагы дасторконду жыйнап жаткан эле. Аңгыча эле көчө тараптан акырын бирөө ышкырып калды.
– Ким бул?
Айдай кулагын түрө көчө тарапты карап калды.
– Айдай, мен Эрмек. Келсең!
Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда Айдай классташы Эрмекти үнүнөн жазбай тааныды. Экөө классташ болгону менен ортолорунда бири-бирин жактыруу сезими бар эле. Бир жолу суук көздөрдөн, ушактан оолак болууну каалаган Айдай жигитке «үй жакка келбейле койчу суранам» деген болчу. Эрмек ошол сөзгө теригип көптөн бери келбей калган.
– Келдиңби?
Айдайдын үнү кубанычтуу чыкты.
– Ооба.
Уурулук кылып жаткансып шыбыраган Эрмектин сагынганы билинип турду. Аз өтпөй кыз бакчанын этегиндеги жыгачтан жасалган каалганы ачып, жолго чыкты. Жол боюндагы шамалга ыргалган кара бактын түбүндө көпкө чейин сырдашып турушту.
– Шаарга чогуу кетебизби?
Айдай коштошордо Эрмекти жалжылдай карады.
– Албетте, чогуу барабыз, бирге окуйбуз.
– Менин ал жакта туугандарым жок.
– Менин туугандарым көп. Сен жатаканада жашайсың. Мен болсо окуп, иштеп сага жардам берип турам.
Кыздын ууртунда жылмаюу пайда болуп, жигитти мойнун созо акырын өөп койду. Бир аз убакыттан кийин Айдай:
– Кой, мен кирейин, кеч болуп кетти,- деп кетүүгө камынды.
–Макул, эртең мектептен көрүшөбүз.
Эрмек кызды кучагына бекем кысып, алкымынан жыттап алган соң, үйүнө кайтты. Жолду катар кыялдарга чөмүлүп, маанайы жакшы келе жаткан. Аңгыча эле дубалдары куларына аз калган эски үйдүн ичинде топтошуп алып арак ичип жатышкан балдарды көзү чалды. Көрмөксөн болуп өтүп кетейин деп жандарынан өтө бергенде тигилердин бирөөсү байкай калды окшойт:
– Эй, иничек! Сенин көзүңдү май басып калдыбы? Бул жакка кайрылып деле койсоң болмок! - деген кекээрлүү үн чыкты. Эрмек оюнда эч нерсе жок эле аларга басып барды. Булар
Айдайды ала качкан соң муунуп алган Таланттын классташтары экен. Баары мас.
– Иничек, сен көөп калгансың го, ыя?! Же Айдай менен сүйлөшсөң эле бизди көзгө илбей калдыңбы?
– Буларга таяк керек. Болбосо кутуруп кетишет.
– Биздин убакта улууларды көрсөк жүгүрүп келип учурашчубуз.
Тигилер туш тараптан ар кайсыны айта, Эрмекти ортого алышты.
– Тур, бир бөтөлкө алып келе калбайсыңбы? - деди аңгыча бирөөсү ары жактан.
– Жок, барбайм!
Эрмек тигилердин уу тилине ачуусу келе каяша айтты.
– Эмне?!
Тиги бетин бырыштыра жанына басып келди.
– Эмнени уксаң ошол!
Эрмектин да жини келип муштуму өзүнөн-өзү түйүлө түштү.
– Мына сага!
Тиги бала Эрмекти мурун талаштыра сүзүп жиберди. Экөө ошол жерден кармаша кетишти. Жанында тургандар карап турбастан досуна болуша, жабыла Эрмекти төпөштөп жатышты. Бир маалда анын бети-башы канжалап, эсин жоготту. Ошондо гана арасынан бирөөсү эсине келе:
– Балдар, токтоткула! - деп берки шериктерин араң токтотуп калды.
– Өлүп калды окшойт...
Ал бир маалда өң-алеттен кете кыйкырып жиберди. Анан жерде жаткан Эрмекти жата кала тыңшап:
–Дем алып жатат...- деп үнү калтырай беркилерди карады.
– Эми эмне кылабыз?
Арасында турган бирөө эси чыга суроо узатты.
– Эч ким көргөн жок. Жүргүлө, бул жерден эртерээк кетип калалы.
Алар жардам бергендин ордуна Эрмекти жаман тамдын ичине таштаган боюнча окуя болгон жерден оолак кетүүгө ашыгышты. Урушту баштаган бала жолдон өктөм сүйлөп баратты:
– Эч ким эч нерсе көргөн жок. Араңарда оозу ачыктар бирөө-жарымга айтып коюп жүрбөгүлө!
Арадан бир саат убакыт өткөн соң гана Эрмек өзүнө келди. Денеси жанчылып, кыймылга келбей калыптыр. Ордунан тура албай көпкө жатты. Кыйкырып, элдерден жардам
сурайын десе үнү чыкпай койду. Акыры болгон күчүн жумшап, боортоктоп жаман тамдан сыртка чыкты. Караңгыда эч ким көрүнбөйт. Эптеп жол боюндагы агып жаткан арыктагы сууга жетип, башын матырып алды да, шалдырай түштү. Бир аздан соң атчан караан өзүн көздөй бастырып келе жатканын элес-булас көрдү да, эсин жоготту.
Эрмек канча жатканын билбейт, айтор, көзүн ачса ооруканада экен. Бет маңдайына турган дарыгер кубанычтуу үн катты:
– Эсиңе келдиңби, уулум?
Эмне болуп жатканына көпкө чейин түшүнбөй турган Эрмек акырын баш ийкеди.
– Башың ооруган жокпу?
– Жок.
Эрмек чүпүрөк менен оролгон башын кармалап көрүп акырын шыбырады.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
eliza_eliza
2014-02-24 11:29:51
koooburaak jazywsa jakwy bolmok. e
Emi okup bawtaganda, ulandysy kiyinki sanda degen jazuuuchu aiiiiii
0
asel.kg1995
2014-02-24 11:44:03
кооп эле жазгылачы бай болгурлар!)
0
Bogotik
2014-02-24 11:46:50
Kooopton jazgyla4y
0
cholpon.bek
2014-02-24 11:53:04
Байкуш Эрмек десе... ушул арактын айынан мен да коп таяк жегем озумдон улуу байкелерден.
0
sezim1111
2014-02-24 12:23:20
Эрмек эми озун тааныбай калабы экен а?
0
kapo1
2014-02-24 15:03:33
байкуш Эрмеке кыйын болуптур
0
X-peria
2014-02-24 16:22:07
Эрмекти токмоктоп эле бутуруп коюптур го!!! Кобуроок жазгыла, болбосо окубай коебуз )))))))))))) (тамаша)
0
indira.1991
2014-02-24 17:37:00
Эки инсанда эмне куноо журоктору ошону каалап жатса. а берки акмактар ага эмне тоскоол болот ичсе оз жолунда иче бербейби бироого сойколбой.
+1
snegurochka11
2014-02-24 21:12:30
Кутуудон жадап буттум,буттум, буттуууууум болду го ыя?)Ушунча кутобуз,кобуроок эле жазгылачы сураныч!
0
tynar92kg
2014-02-24 22:06:33
Кайрадан кутуу...
0
mani
2014-02-25 17:19:58
жан дуйно болумуно озумдун материалымды кантип жоното алам
0
admin_media
2014-02-26 11:27:02
mani,
Саламатсызбы! Lira@super.kg ушул дарекке жазып жибериңиз.
0
Jamaksana8988
2014-03-01 11:11:00
admin_media, Jamaksana8988
Urmattyy admin.media kechiresizder maga 13 yanvar kunu kat jazgan ekensizder Disney jonundo birok bugun kirdim ele okugany anan kordum anan joop jazayun desem ketpey jatat ,kantip jonotsom bolot joop...je kantip surottordu jonotsom bolot...rahmat
0
jasko
2014-02-25 22:28:50
Аййй,турмушта болчу окуялар экен...
0
deya-deya
2014-02-25 23:39:50
мынча кыска
0
periwtem
2014-02-27 14:10:29
Эми эмне болор экен?Айдайды таныбай калат окшойт,эсин жоготуп .
0
rukopaWnik
2014-03-02 08:24:36
Ошон үчүн мага окшоп,базар күнү окугула да.:)
0
№ 590, 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан