(Башталышы өткөн сандарда)
Тергөөчү Илим өз бөлмөсүндө ойлуу отурду. Акыркы күндөрү Айдайдын ажарлуу элеси көз алдынан кетпей, жүрөгү туйлайт. Жактырып калганбы же жөн гана убактылуу сезимби, айтор, өзү да билбейт, тек гана аны көрүүгө зар. Айдайдын намысын тебелеген Тариелди сот актап жибергенине өзүн күнөөлүү сезчү болду. Чындыктын түбүнө жетип, Айдайды ак жеринен бетине көө жапкандардын арам ишин ашкерелегиси келет, бирок кантип? Өз ою менен алпурушуп жатканда эшик такылдап, жардамчысы баш бакты.
– Мүмкүнбү?
– Кир.
– Сизге бир маселе боюнча келдим.
– Эмне маселе?
– Бизге эки кыз арыз менен кайрылышты. Алардын айтымында Бишкектин борборундагы караоке клубдардын биринде корей улутундагы жарандар сойкукана уюштурушат экен.
– Та-ак, анан уланта бер!
Илим бул жерде бир мандем бар экенин баамдап, кулак төшөдү.
– Ал жакта 30га жакын кыргыз кыздар сойкулук менен алектенишет экен. Көчөгө жарнактарды чаптап, жумуш издеген кыздарга көп акчаны убада кылып, сойкулук менен алектенүүгө түрткү болушары бул жерде айдан ачык көрүнүп турат. Балким кыздарды алдап, андан ары Сеулга да жөнөтүп жатышкан чыгар, ким билсин?!
– Демек, урушта туруш жок! Бул ишке азыртадан киришели.
Убакытты көпкө создуктурбастан бул кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам иликтөө кызматкерлеринен куралган топ түзүлдү. Алар ошол эле күнү кечинде арызда жазылган даректи тинтүүгө алышты. Арасында Илим да бар эле. Капыстан эле кыздардын арасынан Айдайды көзү чалып калып, көргөн көзүнө ишене албай нес боло түштү. Айдай да аны жазбай тааныды. Бирок экөө ал жерден сүйлөшүүгө убакыт болгон жок. Кыздардын бардыгын Бишкек ШИИББине алып келишип, суракка ала башташты. Кезек Айдайга да жетти.
Илимдин иш бөлмөсүнө киргенде Айдайдын бети чымырап, уялганынан айла таба албай турду. Чындыгында бул тергөөчү мурдатан эле Айдайга акыл-насааттарын айтып, агасындай мамиле жасап жүрчү. Экөө үн-сөзсүз бир саамга бири-бирин тиктеп турган соң Илим Айдайга карап сөз баштады.
– Айдай, мага түшүндүрүп берчи. Бул жолго кантип келип калдың?
Айдай Илимге тик карап жооп кайтарды.
– Анан эмне кылам? Он гүлүмдүн бир гүлү ачыла электе кордогон жигитти силер камаганга жараган жоксуңар. Демек бул жашоодо акча бардык нерсени чечет экен да. Өзүңүз көрүп тургандай, акча табуу үчүн мен да ушундай ыплас жолдорго аралаштым. Бул ишке өз эрким менен барган эмесмин.
Илим бет маңдайында отурган кызды чындап аяп кетти.
– Жок, Айдай. Жашоодо акча менен сатып ала албай турган да нерселер бар. Жакшы жашоо баштоо үчүн ар дайым кеч эмес. Өткөн ишке өкүнүп отуруп калбастан, так ушул мүнөттөрдөн тарта түз жолго түш. Сени ата-энең мындай кадамдарга барсын деп чоңойткон эмес. Алар сени менен сыймыктаналы деп өстүрүшкөн. Өзүңдү, келечегиңди ойлобосоң да ата-энеңди ойло! Алардын бетин жер каратпоого аракет кыл!
«Ата-эне» деген сөздү укканда Айдай өрөпкүп кетти. Айылда калган ата-энесин сагынгангабы же алардын үмүтүн актай албай жүргөнүнө ызаландыбы, көзүнөн жашы куюлуп кетти.
– Болду, ыйлаба, баары жакшы болот. Сенин тагдырыңды талкалаган Тариел да, бул корейлер да мыйзам чегинде өз жазаларын алышат. Мен сага сөз берем!
Ушул тапта Илим акырын басып келип Айдайдын чачынан сылай кетти.
– Мени кечирип коюңузчу. Экинчи мындай ишке барбайм.
Айдай ый аралаш карганып жиберди. Сурак бүткөн соң Илим Айдайды машинасына салып үйүнө чейин жеткирип койду.
Ушул күндөн тарта Илим ар кайсыны шылтоолоп, себепсиз эле Айдайга телефон чала берчү болду. Акыры бир күнү ал кызга арзуусун арнады. Айдай эмне деп жооп берерин билбей, эки анжы ойго кептелди. Аны кудуреттүү ушул адам чаңдан, булганыч жерден алып чыккан. Бул адамдын адамгерчилигине байланып, жар болгонго макул эле. Бирок ушул учурда ага капысынан сүйүү келди. Ооба, Айдай Бекзатка арбалып калган болчу...
ххх
Айдай менен Бекзаттын ортосундагы мамиле күндөн-күнгө алоолой баштады. Экөө бири-бирин бир күн көрбөй калышса сагынышып кетет. Бекзат башында Айдайдан досу үчүн өч алмакчы болуп жүргөн, бирок күн өткөн сайын сүйүүнүн керемет күчүнө жипсиз тушалды. Бир күнү адаттагыдай эле сейил бакта эс алып жүрүшкөндө Бекзат кокустан эле тизелей калды да, күтүүсүз жерден Айдайдын колун сурады.
– Айдай, каршы болбосоң баш кошуп албайлыбы...
Жигиттин күтүлбөгөн жоругу, үмүттүү каректери Айдайдын айласын алты кетирди. Эмне деп жооп айтарын билбей калды.
– Бекзат, азырынча эрте эмеспи?
– Жок, жаным. Мен үйлөнүү тууралуу сунушту сага айтардан мурда көпкө ойлондум. Акыры ушундай чечимге келдим.
Бекзат шаштысы кете колун чөнтөгүнө салып, бир нерсе издеп калды. Аз өтпөй кызыл кутуча алып чыгып, анын капкагын ачканда алтын шакек күнгө чагылыша түштү. Айдай аңчынын мылтыгынан асканын бооруна кептелген эликтен бетер элейди. Бир топко ойлонуп туруп, акыры жообун айтууга туура келди.
– Мен макулмун!
– Чын элеби?
Бекзат анын жообун угуп кубанып кетти.
– Чын!
Айдай Бекзатты карап жылмайып койду. Жигит эмне кыларын билбей, дароо ордунан тура калды да, кызды белинен имере өзүнө тартты. Аны кучактай жогору көтөрүп, айлантып жиберди. Ушул мүнөттө бул жашоодо алардан өткөн бактылуу адамдар жок эле. Эки жаштын көздөрү жайнап, бакытка балкып турушту.
– Бекзат... - деди Айдай бир маалда.
– Ооу, жаным.
Бакытка көздөрү балкыган жигит сүйүктүүсүнө суроолуу тигилди.
– Менин үмүтүмдү, ишеничимди актайсыңбы?
– Албетте.
Айдай жигиттин көкүрөгүнө башын жөлөй берди.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков