ЭЛДИ ЖАШЫТКАН АЙГЕРИМДИН ТОЮ

«Айгерим Расул кызы турмушка чыгат» деген кеп чыккандан бери чын дилинен кубангандар да, ичи күйгөндөр да болду. Бардык нерсенин убакыт-сааты болот демекчи, ырчы кызды турмуш жолуна узатуу күнү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө буюруптур. «Элдин кызын эл алдында узатам» деген Расул Маматкулов күйөө баласын эл алдына алып чыгып жүгүнтүп, чоң той-концерт берди.

Концерт өткөн жер – Д.Өмүрзаков атындагы стадион
Аталышы – Кыз узатуу той-концерти
Алып баруучулар – Айбек Асанбеков, Манас Алыкулов
Башталышы – 13:45 (45 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 200 сом
Мыкты номер – Расул Маматкулов, «Ай, кызым»
Көрүүчүлөрдүн саны – 3 миңден ашуун


Стадионго кирерибиз менен көзүбүз аянттын ортосуна тигилген боз үйгө, анын айланасында улуттук кийим кийип ары-бери чуркап жүргөн кыздарга урунду. Той-концертте актрисалар Айнура Турганбаева (Сакиш) Айгеримге, Гүлмира Турсунбаева күйөө балага жеңелик кылышты. Кыз узатуу тойдун шаан-шөкөт жагын Айгеримдин аяш энелери жана кесиптештери тейлешип, Роза Аманова, Райхан Абдувалиева, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Гүланда, Съездбек Искеналиев, Данияр Эрматов, Нурлан Насип той ээлерин куттуктап өтүштү.

«Кандай жигит Айгеримдин жүрөгүн багындырды экен?..» десек, көп күттүрбөй шоу-бизнестеги жаңы күйөө бала, Кара-Кулжанын кулуну Азамат мырза жеңе, досторунун коштоосунда эл аралап, калың журтка жүгүнүп кирип келди.

Айгеримди бекеринен стадиондо, эл алдында күйөөгө узатып жатышпаптыр. Анткени кыздын кайын энеси да чыгармачыл адам көрүнөт, ырдан бир шиңгил аткарып өттү.

Той кызып калганда көптөн күткөн тойдун күнөөкөрү Айгерим курбу кыздары менен кирип келип индия бийин бийлеп берди.

Кезек Расул Маматкуловго келгенде кызын узатып жаткан ырчы мырза кызын жетелеп, «Ай, кызым» деген ырды аткарып көрүүчүлөрдүн баарын ыйлатты. Араң эле турган Айгерим дагы токтоно албай жашыды.

Чыкыйган милиция кызматкеринин формасын кийип чыккан Азамат мырзаны жеңеси боз үйдөн алып чыгып, Айгеримди жандатты. Ошентип шоу-бизнестин дагы бир кызы турмуш жолуна аттанды.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айгерим күйөөгө кетип жатып баарын жашытты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (73)
nur16
2014-09-11 08:09:40
чыныгы генералдын жубайы бол
0
admin_superstan
2014-09-11 10:20:55
MARGO55, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
0
nuru95kg
2014-09-11 13:04:07
Эң жакшы
0
Pudovkin.
2014-09-11 14:35:36
Негизгиси бул турмушта бири биринерди толуктаган, журогунордо ыйман орун алган уй-булоодон болгула.
0
gulperi.kg
2014-09-11 14:46:45
Ошто да болду соонун.Бактылуу болсун.
0
Nazgul8800
2014-09-11 20:34:47
Бактылуу болушсун бири,бирине тен экен
0
aisuluu_12
2014-09-13 00:51:11
Бактылуу бол Айгерим!
0
AN-20
2014-09-13 12:43:34
куйоосу красавчик экен
0
Samanta_Meka
2014-09-14 11:09:55
Бактылуу бол айгерим кармашкан колунар эч качан узулбосун
0
kub_u3_kgstana
2014-09-14 15:27:12
бакттылуу болгула!!!
0
L0T0S
2014-09-15 01:37:15
Бактынар туболуктуу болсун!
0
admin_superstan
2014-09-15 09:59:00
azamen, мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
kadam
2014-09-15 11:50:51
Кызматтык кийимди кыз узатуу үлпөткө кийип чыкканы суроо туудуруп жатат. Эми ушундай мода башталдыбы? Жигит кызмат учурундабы же????? Кызматтык этика каяктасың????
0
Ayka1994
2015-04-13 15:16:21
Апеей кандай гана адамдар бар а кечээ эле турмушка чыкса бугун бул созду таап чыккандарын кара. Тооба
0
Ayka1994
2015-04-13 15:17:07
Тоюу соонун болуптур таттуулардан чачып элден батаа алып баары жакшы отуптур.
0
№ 618, 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан