Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим: «МАМИЛЕБИЗ ДАЛЕ КЫЗ-ЖИГИТТЕЙ»

Бул жыл жылдыздардын тоюна бай болду окшойт. Элди көптөн күттүргөн Мирбек Атабековдун үйлөнүү тою 23-сентябрь күнү борборубуздагы ресторандардын биринде болуп өттү. Эки жаштын жакшылыгына 500дөй адам күбө болуп, тамадалык милдетти Эркин Рыскулбеков менен Бакыт Байсариев аткарышты.
Эстрада жылдыздарынын арасында «Жылдын тою» деген атка конгон бул мааракенин кандай даярдыкта өткөнүн сүрөттөй кетпесек болбос. Коноктор киргенде эле, аларды зериктирбейли дегенби, атайын «ММ» деген жазуусу бар таттууларды жасап, фуршет уюштурушуптур. Анан да конокторду Мирбек менен Мээримдин сөлөкөтү түшүрүлгөн чоң элестер тосуп алды.

Бактылуу көз ирмемдерди тарыхка калтыруу үчүн эки жаш эстеликке түшүштү.

Кантип эле ушундай көз ирмемдер селфисиз өтсүн?!





Тойдо жаштар жашыл түскө басым жасашкан. Ошондуктан Мирбек менен Мээримдин дос курбулары да жашыл түстө кийиништи.

Мээримдин ата-энеси Автандил жана Салтанат: «Мээрим бой жеткиче таене-таятасынын колунда жүргөн. Бизге келгенден бир жыл өткөн соң Мирбек колун сураган. Ошондо ичибиз аябай ачышкан».

Мирбектин апасы Дарика: «Кайнененин камырынан» дегендей, Меришкамдын кыял-жоругу менин көчүрмөм».

«Мирбек экөөбүз 10 жылдан бери чогуу иштешип, баламдай эле болуп калды» деген Канат Култаев өзгөчө толкунданып жүрдү.

Эки жашты Гүлнур Сатылганова менен Гүлзинат Суранчиева залга «Жар-жар» ыры менен коштоп киргизип, жүгүнтүштү.

Жаштар бири-бирине нике шакектерин тагышты. Кыздар, эми сиздер сүйгөн Мирбек чындап бойдок эмес.

Бий сынагында кара жоргону бийлеген Мирбектин достору Омар, Эрмек Нурбаев, Жоомарт Жолдошев, Улан Барпиев, Мирбек Масалиев жана өкүл атасы Бекбар мырза жубайлары менен 30 литр кымыз утуп алышты.

Кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын баары ушул тойдо болушту.

Эки жаштын ак бийи коноктордун өзгөчө кол чабуусуна арзыды.

Мээримдин жолдошуна арнап бийлеген бийи өзгөчө болуп, баарынын көңүлүн бурду.

Досунун тоюна келген казак ырчысы Айкын Мирбектин «Тумарым» аттуу ырын казакча аткарды.

Казакстандан келген дагы бир конок, ырчы Макпал Исабекова түгөйлөрдүн шылтоосу менен алгачкы жолу Бишкекке келгенин айтып өттү.

Торттун 5-бөлүгүн Мирбектин Казакстандан келген кесиптеши 25 миң долларга сатып алды.

Эки жаш жашообуз мындан ары торттой таттуу болсун деп бири-бирине даам сунушту.

Салтка айланган гүл ыргытуу аземи.

Мирбектин бир тууган агасы жана жеңеси.

Түгөйлөрдүн өкүл ата-өкүл энеси болуп шайланган жеке ишкер Бекбар мырза менен жубайы.

Үйлөнүү той калың журттун жубайларга берген ак батасы менен жыйынтыкталды.

– Тоюңуздар куттуу болсун! Мирбек, айтсаңыз, сиз тойлордо ырдап келесиз. Тойдун күнөөкөрүнүн ордунда отуруу кандай экен?
Мирбек: – Туура айтасыз, мен тойлорго барганда ырдап, каалоо-тилегимди айтып эле кетип калчумун. Бүгүн ошол каалоо-тилек угуп отурган адам катары үйлөнүп жаткан эки жаштын ичиндеги сезимин түшүнүп отурам. Той деген оңой нерсе эмес экен, буга дагы эки-үч күн уктабай даярданыш керек турбайбы (күлүп).

– Чогуу түтүн булатканыңарга 9 ай болуп калыптыр, кыз-жигит болгон кездегиден эмнелер өзгөрдү?
Мирбек:
– Мурун бири-бирибизден уялып, тартынып турсак, азыр тартынбай калдык. Эл катары эле жашап жатабыз. Мурункудан да жакын боло түштүк.
Мээрим: – Билбейм, мага кыз-жигит болуп жүргөндөй эле туюла берет (күлүп). Болгону чогуу жашайбыз, чогуу тамактанабыз.

– Слайд-шоудон көрдүк, экөөңөр интервью убагында таанышкан окшойсуңар?
Мээрим:
– Экөөбүз Мирбектин «Сени гана» аттуу алгачкы концертинде таанышканбыз. Башында жөн гана ага катары көрсөм, минтип убакыт өтүп сүйүктүү өмүрлүк жолдошума айланды.
Мирбек: – Ага-карындаш катары да жүрдүк, кыз-жигит да болдук, эми минтип түгөй болуп калдык.

Нуркыз Курманбек кызы
Андрей Шестаков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мирбек Атабековдун үйлөнүү тоюнан эксклюзивдүү репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
Oceana
2014-10-01 00:19:09
Baktyluu bolgula!
0
kymaw
2014-10-01 00:19:13
бактылуу болунуздар
0
nurik-jami
2014-10-01 00:51:19
Бактылуу болунуздар!
0
roza.90
2014-10-01 02:47:10
Уй булоолук Бакыт каалайм.Бактылуу болгула,быжырап балалуу болгула.
0
LadyD
2014-10-01 15:05:32
Мирбектин тою абдан жакшы отуптур. 500 адам тозуу оной эмес. Бирок Мирбеке негедир жашыл тус жарашпагандай корунду, ал эми Мээримдин досторуна аябай жарашкан жашыл тустогу койноктор. Мээримдин макияжы, прическасы аябай жакшы жазалган, бирок койногу кичине озуно чонураактай корунду. Статьяны окуп Мээримдин эле атасына боорум ооруду, 12 жылдан кийин эптеп кызына жетсе, кайра минтип куйоого тийип отурат... кыз уйдо конок, бараар жери куйоо деген ушул турбайбы.... туболук жубай жолдоштордон болушсун
0
talasbek.211392
2014-10-02 13:26:23
бактылуу болушсун ар дайым
0
edu.kg
2014-10-02 14:04:27
эээхххх кандай сонун откон тойлору суктануу менен кордум.. Эки жуп да суктанаарлык ... Бактылуу болгула ардайым бирге болгула демекчимин...Мирбекке ийгилик жана да уйбулолук бакыт таалай бар болгула!!!жакшы чыгармаларды жарата бер!!!!
0
ggvatua
2014-10-03 01:29:19
Мирбек,я тебялюблююю!(тамаша,кокуй)Мирбек такой милый,я обожаю его.Ещё помогал бы нуждающим,эх.Кому то деньги нигде прятать,кому то на хлеба не хватает.
0
maks93
2014-10-04 17:45:17
Аллах эки дуйнолук бактылуулук берсин.
0
nurauren
2014-10-04 18:30:11
класс
0
AMAH.
2014-10-04 18:48:16
Бактылуу болушсун! Кармашкан колдору эч качан узүлбөй,турмуш жолдору таттуу болсун!
0
Gulya141091
2014-10-05 03:16:33
Азаматсынар Аллахым ыйман берсин бакыт берсин туболуктуу жубайлардан болгула алга эки жаш балакайлар кобойо берсин
0
Aizatnur
2014-10-06 07:21:20
коментарийлерди бир эле киши жазгандай гоо, класс!!!
0
nurgyl
2014-10-14 12:11:47
Бактылуу болгула туболукко бир болгула тойунар сонун болуптур жашоонор да тойунардай сонун болсун!
0
RespecT
2016-08-25 08:39:19
Окул Атасы Бекбар мырза Ким озу негизи ?эмне иш менен алектенет ?рахмат
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан