«КЫРЧЫНДАЙ КЫЗДАР ТУРГАНДА СЕНИ МЕНЕН ЖАШАП ЭМНЕ КЫЛАМ?»

«Ичимде азап, көзүмдө кайгы. Көп нерсе айтып бергим келди. Себеби эскергенге, көз жаш төккөнгө арзыбаган күн­дөр. Жүзүм жашка жуулганча ыйласам да бөксөрбөдү» деп кебин баштады орто жашап калган каарманым Жанара эже.
– Бул окуя мурунку Союз учурунан башталат. Айбек карапайым колхозчунун баласы эле. Өзүнө тартып турган жүзү, келбети, жүрүм-туруму деле жок. Ак кө­ңүл болгондуктан жактырчумун. Мектептеги балдар мыскылдашса аларды кө­ңү­лүнө албай күлүп кутулчу. Аны башка балдар сыяктуу кайрат­туу, сөзмөр, тарсылдаган чы­ныгы эркекке тийиштүү мү­нөздөргө ээ болгон мырза катары көргүм келчү. Ошентип мектепти бүтүп, мен шаарга окууга кеттим. Жайкы каникулда үйгө барып, Айбек экөөбүз бир топко сүйлөшүп отурдук.
– Эптеп окуп алсаң болмок...
– Кайдагы окуу, улуусу болгондуктан үйдө калышым керек. Бөбөктөрүм менен төшөктө жаткан атамды жалгыз апама таштап кайда барам?
– Анда үйлөн да, келин­че­гиң апаңа каралашат, сен иш­тей­сиң.
Биздин ошондогу сүйлө­шүү­бүз мени көпкө ойлонтту. Шаар­да жүрүп Айбекке телеграмма жибердим. «Шаарга кел. Жу­му­шуңа жардам берем. Кыймылда да эркекке окшоп...» деп жазып жибердим. Көп өтпөй эле келип калды. Институттун буфетине жумушка киргиздик. Пирожки бышырып, чай ташып, буту бутуна тийбей иштеп жатты. Ошентип үй-бүлөсүн бага баштады. Кайда барсак да бирге барып, бир туугандай болуп калдык. 3-курсту аяктап жатканымда мени алысыраак тууганыбыздын баласына турмушка беребиз деп калышты. Бир күнү Айбек мас абалында келип, «Мен сени сүйөм! Сени алайын, мени таштап кетпечи. Мага баарын үйрөттүң, эми жашоомду сенсиз элестете албайм. Сен кетсең, мен кантем?» деп эжелеримдин көзүнчө ыйлап жиберди. Мени ошол учурда тилден калтырган анын «сени сүйөм» деген сөзү болду. Атам менен апам «Айбекке бербейбиз» дейт. Мен болсо кайсы жол менен кетишимди билбей башым катты. Айбекке болгон сезимим бар экенин байкадым. Көз алдыма ал экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүз, ынтымактуу жашообуз гана тартылып туруп алды. «Өз жашоомду өзүм чечем» деген принцип менен туугандардын астында бетим кызарбай, «мен Айбекке турмушка чыгам» деп айта салдым. Той да бербедик. Тууган-урукту топтоп батасын алдык да, шаарга жөнөп кеттик. Күндүз окуп, кечинде Айбекке жардам берип буфетти тазалап, полдорун жууйм. Түн жамынып экөөбүз жетелешип, ар нерсени кыялданып үйгө келебиз. Кээде ачка-ток калып жүрдүк. Ошол учурда Союз тарап, биз эле эмес, эл да кыйналган күндөр башталды. Төшөккө чүмкөнүп жатып алып, «бир учурлар келип биз да жылуу үйдө май чайнап жаткан күнүбүз келет, мын­дай кыйынчылыктар бизди ажырата албайт, баарын биргеликте жеңебиз» деп сууктан муздаган илептерибиз менен араң үн чыгарып сүй­лөшчүбүз. Кудай бизди эч качан айрыбаса экен, балдарыбызды чоңойтуп, үй­лөп-жайлап койгондон кийин оору-сыркоосуз ушинтип жетелешип турган боюнча тиги дүйнөгө да бирге кетсек деп жашып алчубуз. Уулдуу болдук. Тиричилик деп кылбаган ишибиз калган жок. Бир күнү Айбек:
– Жанара, бизди бат байыта турган, туруктуу бизнес ачайын деп жатам,- деди.
– Кандай бизнес? Аны ачуу үчүн да канча чыгаша болорун билесиңби?
– Сен унчукпай тур, алдыда көрөсүң баарын.
Ошентип жолдошум базардын так ортосунан бир жай таап, ал жерге мончо ачты. Дагы кардар чакыруу үчүн сойку кыздарды алып келип иштете баштады. Кийин чоңойтуп сауна кылып алдык. Үйлүү, машиналуу болуп, бат эле бутка турдук. Бирок үйүбүздөн бакыт, ынтымак кетти. Жолдошум акчага көөп, мени көзгө илбей, жаш кыздар менен жүрүп алды. Муздак батирде бири-бирибизди кучактап, сууктан титиреп араң сүйлөп куру кыялданган күнүбүздөн башка бактылуу күндү эстей албайм.
Менин «эркекке окшоп» деп айткан сөзүм кайра өзүмө муш болду. Бир нерсе десем «мен да эркекке окшоп басып жатам, ичип жатам, жүрүп жатам» дейт. Канчалык күч­түү аял болсок да, биздин эң талуу жерибиз жолдошубуз болот экен, азыр баламдын келечеги үчүн гана жашап жатам. Бир күнү уулум ооруп калып, күйөөмө телефон чалсам «кырчындай кыздар турганда, сени менен жашап не кылам?» деп мас абалында ырдап жатат. Ары жакта каткырган үндөр. Ичим күйүп кетти, баланын ооруп жатканын айта албай ыйлап жатсам, ого бетер каткырып күлөт. «Сени бул даражага жеткирген ким эле?» деп көзүн ачкым келет, бирок... Күндөн күнгө жан дүй­нөм жанчылгандан жанчылып барат.

Жанара
Уулбү Каныбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
arisim
2014-09-30 19:58:52
Муну окуп алып менда коркуп жатам,
0
altysia
2014-10-01 03:21:27
Корбогондун коргону курусун дегендей,дунуйону которо албаган адам ушундай иттик жолго барат оз уй-булосун тебелеп. Мындай адамдар карыганда кар,кор болушат,ошондо катын керек болуп алдына мышык болуп келишет. Келгенде озуно окшоп карабай коюш керек.
0
Esmerallda
2014-10-01 15:33:18
Азыр ушуну куйоомо окутуп жатып айтып алдым,мен бул аялга окшоп тилими тилиме кыса албай.Эмне болорун ошондо коросун,билесин ээ кооп баратасын сен дагы.Башында ким элен,азыр кимсин.Жайына коюп коем,мен башка аялдарга окшоп коз жашымы токпойм,жанада кылганынды мойнун менен башкача тартасын деп эле.Тим койсо откон кундору эстен чыгып баратат.
-2
Ariet7
2014-10-02 05:20:48
arisim эмне сенин куйоон да сауна ачтыбы?
+1
Ariet7
2014-10-02 05:25:08
esmerallda кудаай сакта озундун куйооно кантип ошентип айттын?аял эркектен бир тепкич ылдый туруш керек а сен сатып алган кулга обращаться этип аткансып айтыпсын го?эми анын эмнесине мактанып жатасын?мактанаарлык деле соз айтпапсын куйооно
+2
gulperi.kg
2014-10-05 18:18:31
козун май басып калган тура.Бир кун кудай каттуу жазаласа озуно келип калаар.Ошондо сиздин колоконузго зар болот.
0
furkat80
2014-10-06 01:12:16
ата энени нааразы кылбашыбыз керек ошон учун.
0
miia
2014-10-11 05:33:50
ошондой эрдин барынан жогу жакшы
0
Aika.janka
2014-10-11 09:19:27
"Ушул кунго жеткиpген"-деген создун экинчи мааниси да баp. Баня ачсын биpок, кыздаpды киpгизгенге маакул болбош кеpек эле. Сизди тебелеп, тепсеген адам менен жабышып эмне жашап жуpосуз?
0
Frunze1
2014-10-11 14:42:37
Эмнени эксен ошону жыясын деген соз бар, арамдан тамак таап тетири жолдо журсон аягы да ошол болот.... 90-жж бир силер эмес копчулук кыйналган, ошолор арамдан тамак таппай эле кыйналса да туз жолдо журуп жашап келди го... Куйоонуз сойку кармаган банянар бар экен, эртен аларга барбайбы деп ошондо арканды алыс таштап ойлонуш керек болчу, акылдуу адам ошондо эле мунун аягы эмнеге бараарын билмек... Баарына экоонор куноолуу болуп келип эмнеге мындай деп тагдырга нааразы болуп, озунузду аппак
0
Frunze1
2014-10-11 14:44:20
элестеткениниз болбойт, куноону озунордон издегиле, эгер окуп жаткан болсонор, эми тек жол, экоонор тен намазга жыгылып куноонордун кечирилишин сурангыла ар куну 5 маалдан. Арам жолго экинчи баспай, банянар болсо бузуп ордуна пайдалуу нерсе кургула... Башка жолу жок...
0
Deniza88
2014-10-11 17:41:04
Мен да бир куну башка бироо менен кетет деген ой так мээмде орноп алган, анткени ал ойноок адам
0
tululuk2418
2014-10-13 13:53:23
акча баардыгын коптурот, откон кундорду унуттурат. Эгерде журогундо ыйман ары жагында бирдеме болбосо
0
koiluev-m
2014-11-03 14:48:25
акча колдун кири болот туугандар уй було алтынданда кымбат болот ошол нерсени унутпандар
0
aykosh
2017-02-28 15:22:26
Баланы атасы жок чонойбосун дейт да байкуш, бироонун баласын бирооо суйбойт да, азыр эми толтура да ажырашып балдарын ата энесине карматып койуп оздор жок, дагы эрге тийип кетишет, аял алып алат эркеги болсо
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан