Статистикага таянсак, учурда Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн 15 пайызы өз алдынча балалуу болууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Бирок медицина аларды баласыз калтырууга жеткирбей, жасалма бойго бүтүрүү ыкмасын сунуштайт. Бул жаатта иштеп келе жаткан Бишкектеги "Профессор Асымбекованын клиникасынын" жетекчиси ГҮЛНАРА АСЫМБЕКОВА баяндайт.
ЭКУ – БАЛАЛУУ БОЛО АЛБАЙ ЖҮРГӨНДӨР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК
Жасалма бойго бүтүрүү медицинада экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО – экстракорпоральное оплодотворение) деп аталат. Латынчадан "extra" – "сырткары", "сorpus" – "дене" деп которулат. Мында бойго бүтүрүү аялдын денесинен сырткары жүрөт, эркектин уруктугу (сперматозоид) менен аялдын уруктугунун «жолугушуусу» пробиркада өтөт. Ушундан улам пробиркада жаралган балдар деген аталыш калган.
ЭКУ – балалуу боло албай жүргөндөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана бул ыкманын арты менен туулган балдар табигый жол менен бойго бүтүп, төрөлгөн балдардан эч айырмаланбайт. Кийин турмуш куруп, кадимкидей балалуу боло алышат.
КИМДЕР КОЛДОНСО БОЛОТ?
Аялдарда: жатын түтүкчөлөрү сезгенүүдөн улам урук клеткалары өтпөй калганда, жатын түтүкчөлөрү алынып салынса, гормоналдык бузулуудан улам бойго бүтпөгөндө жана башка учурларда. Бирок башкы талап аялдын жатыны соо, кемтиги жок болушу шарт. Жашы 45ке чейинкилерге сунушталат.
Эркектерде: урук клеткаларынын кыймылы аз болсо, варикоцеле оорусунда (жумурткалыктагы венанын кеңейип кетиши), крипторхиз оорусунда (жумуртканын урук баштыкчасына түшпөй калышы) жана башкада.
АЛГАЧКЫ ЭТАП – ТЕКШЕРИЛҮҮДӨН ӨТҮҮ
Жубайлар алгач маектешүүдөн, анан текшерүүдөн өтүшөт. Экөө тең ВИЧ, сарык, жыныстык ооруларынын бар же жок экендигине анализ тапшырышат. Заара жана жалпы кан анализи, кандын биохимиялык анализи (мисалы, белок, кандагы канттын өлчөмү) жана башкалар керектелет. Аялына гана тиешелүү текшерүүлөр: гормондорго анализ, эмчегинин жана жыныстык органдарынын УЗИси.
Күйөөсүнө гана тиешелүүлөр: уруктугунун кыймылдуулугуна анализ (спермограмма), флюорография жана башкалар. Анан негизги этапка кадам коюлат.
УРУК КЛЕТКАСЫН АЛУУГА АЯЛДЫ ДАЯРДОО
Аял этек кири келе баштагандан экинчи күнү клиникага чакырылып, УЗИден эн бездеринин абалы (яичники) текшерилет. Негизи, этек кир келгенден баштап 13-14 күн дегенде аялдын эн безинен табигый түрдө өсүп жетилген 1 гана урук клеткасы бөлүнүп чыгат. Ал эми ЭКУ үчүн жок дегенде андай клеткалардын 7-8и керектелет (урук клеткалардын ичинде уруктанууга жөндөмү жоктор болот. Андыктан запас болушу кажет). Ушул себептүү аялдын эн бези текшерилгенден кийин эн безине гормоналдык суюк дары сайылат. Ал дарынын натыйжасынан урук клеткаларын 7-8ге чейин алууга болот. Аял ал дарыны үйүндө да 9-10 күн киндик алдына сайып турат. Эгер корксо, анда клиникага келип алып турса болот.
ЖУБАЙЛАРДЫН УРУКТУГУН АЛУУ
9-10 күн өткөн соң аялдын урук клеткалары өсүп жетилет. Клиникага аялы менен күйөөсү экөө тең чакырылат. Аялга жалпы наркоз берилип, эн безиндеги жетилген урук клеткалары атайын шприц менен сордурулуп алынат.
Бул кезде күйөөсү башка бөлмөдө өзүнүн уруктугун атайын контейнерге чогултат. Эгер эркек уруктугун өз алдынча чогулта албаса, анда врачтар ага жалпы наркоз беришип, уруктугун шприц аркылуу жумурткалыгынан сордуруп алышат.
УРУКТАРДЫ КОШУУ ЖАНА ЖАТЫНГА ЖАЙГАШТЫРУУ
Эми аялдын жана эркектин уруктугу ичинде атайын суюктугу бар пробиркага салынат. Уруктанган клеткалардан түйүлдүктөр жаралат. Түйүлдүктөр инкубатордо кармалып, аларга 3 же 5 күн болгондон кийин түйүлдүктүн үчөөсү аялдын жатынына катетер менен жайгаштырылат. Алар жатынга жабышып, андан ары жашап кетиши зарыл. Кокус алардын экөөсү жашабай бири калса, 9 айдан кийин бир бала туулат. Кокус экөөсү жашап кетсе, эгиздер төрөлөт. Кээде бири да жашап кетпей, бойдо бүтүү күтүлбөйт. Мындайда аял кайра 1-2 айдан кийин ЭКУнун жардамына кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар. Кээде экинчи же алтынчы жолку аракеттен бойго бүтүшү да мүмкүн. Булардын баары аялдын ден соолугуна, организминин жеке өзгөчөлүгүнө байланыштуу.
Негизи, жатынга 3төн көп түйүлдүк жайгаштырса болот, бирок баары жашап кетсе, анчаны аялдын көтөрүшү кыйын. Андыктан бизде 3өө жайгаштырылат.
Айтып кетчү нерсе, жубайлар артып калган түйүлдүктөрдү кийин балалуу болуу үчүн клиникада 1-2 жылга сактатып коюшса же башкаларга колдонууга уруксат беришсе болот. Мисалы, күйөөсү каза тапкан айым аны колдонуп, балалуу болсо жаманбы?!
БОЙГО БҮТКӨНДҮ ТЕКШЕРҮҮ, ТӨРӨТ
Арадан 10 күн өткөндө аялдан канга анализ алынып, боюна бүткөнү же бүтпөгөнү аныкталат. Бойго бүтсө анда аял демейдегидей эле жашоо кечирип, убагында врачтарга көрүнүп, кеңеш алып турат. Анан кадимки жол менен төрөтүлөт. ЭКУ ыкмасы менен төрөө акысы дары-дармектерден тышкары 5 миң долларды түзөт.
Туулган бала 18 жашка чейин клиникада каттоого коюлуп, врачтардын көзөмөлүндө болот.
ЖАСАЛМА БОЙГО БҮТҮРҮҮГӨ ДИН КАНДАЙ КАРАЙТ?
Бул суроо менен биз дин аалымы ЧУБАК ЖАЛИЛОВГО кайрылдык.
– Эгерде никеде турган жубайлар табигый жол менен балалуу боло алышпаса жана ошол себептен ажырашып кетүү коркунучу жаралса, анда алар жасалма бойго бүтүрүү ыкмасын колдонушса болот. Буга шарият жол берет. Анткени бала өздөрүнүн уруктугунан жаралат жана өз энесинин жатынында чоңоёт.
Ал эми күйөөсү жок аялдарга донор түйүлдүктү колдонуп, балалуу болуусуна шарият жол бербейт.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg