КАРЫЯ ЭКИ УУЛУ МЕНЕН СЕКЕЛЕК КЫЗДЫ ЗОРДУКТАП ЖҮРҮПТҮР

Жакында Ош облусунун Өзгөн районунда жүрөктүн үшүн алган окуя катталды. Аталган райондун 65 жаштагы тургуну 36 жана 22 жаштагы балдары менен секелек кызды 2 жыл бою коркутуп, зордуктап жүрүшкөнү белгилүү болду.

ЖАБЫРЛАНУУЧУ АСЫЛЫП ӨЛҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН
Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуя төмөндөгүчө болгон: Көр тириликтин айынан 10 жаштагы Самаранын (белгилүү себептерден улам каармандын аты өзгөртүлдү) атасы менен апасы ажырашып кетет. 2009-жылдын аягында Самараны апасы өзүнүн тууганы Раимжан аттуу адамга «карап тургула» деп таштап, Казакстанга жумуш издеп жөнөйт. Раимжандын кошуналарынын айтуусунда, Самара бул үй-бүлөдөн көп таяк жечү.
2011-жылы Самара теӊдүүлөр 6-класста окуп жатканда ал болгону 2-класста окуган. Сабакты көп калтыргандыктан айыл башчысы жана социалдык кызматкерлер кызды издеп, кошуна жайгашкан үйдүн чатырында жаткан жеринен табышкан. Кыз ошондо комиссия мүчөлөрүнө «асылып өлөм» деп айткан. Себебин ал Раимжандын үйүнөн дайыма токмоктолуп жатканы менен түшүндүргөн. Айыл өкмөт кызды интернатка өткөрүп берүү чечимин чыгарганда Самараны апасы "өзүм тарбиялап алам" деп экинчи үй-бүлөсүнө алып кеткен. Бирок өгөй атасы кабыл албай койгондуктан, кыз өзүнүн чоӊ апасынын колуна барган. Самаранын атасы Өзгөн базарында араба түртүп иштейт. Кызы атасына зордукталгандыгы туурасында жакында гана айткан. Аны уккан атасы ушул жылдын 8-декабрында Өзгөн РИИБине арыз менен кайрылган.

«ДАГЫ АЙТСАӉ КӨРӨСҮӉ»
Самаранын укук коргоо кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө үй ээсинин жубайына «жолдошуӊуз, балдарыӊыз мени зордуктады» деп айтканын, ал жардам бергендин ордуна кайра депкирди отко кызытып, жыныстык мүчөсүнө басып, «дагы айтчу болсоӊ, ушуну көрөсүӊ» дегенин билдирген. «Раимжандын жубайынын бул кылмышы иликтенип жатат, аныгына чыксак, ага да кылмыш иши козголот» дешет укук коргоочулар. Ал эми Самара өзү төмөнкүлөрдү айтып берген:
– 2010-жылдын жаз айларында элдер жайлоого көчүп кетип жаткан мезгилде Усу (Раимжандын кичүү уулу) мас абалында келип, кыйнап зордуктап салды. Өзүмдү билбей калыптырмын, ойгонсом төшөктөр кан болуп калган экен. Эки күн ордумдан тура албай жаттым. Бир апта өтпөй Раимжан таяке өзү мас болуп келди. Үйдө эч ким жок эле. Мен уктап жаткан жерге кирип, качып-кыйкырганыма карабай сабап кирди. Эсимди жоготуп коюптурмун. Эртеси ойгонсом жылаӊач жаткан экем. Эмне болгонун түшүнбөйм, корктум, бирөөгө айтуудан да уялдым. Кийин улуу баласы Мики байке жайлоодон келди. Ал да мас экен. Үйдө жалгыз болчумун. Эшикти кулпулап, мага жакындай баштады. Көз алдыма мурунку окуялар элестеп, коркконумдан кыйкырып, бөлмөнүн ичинде качып жүрдүм. Белиндеги курун чечип, анын темир тарабы менен уруп кирди. Ал да зордуктап туруп жайлоого кетип калды. Эки күндөн кийин келип, «эч кимге айтпагын, айтсаӊ таяк жейсиӊ» деп дагы сабады.

КЫЛМЫШТАРЫН МОЮНДАРЫНА АЛЫШКАН
Тергөө учурунда кылмышка шектүү Усу кайсы жерде зордуктаганын, кандай жагдайда болгонун толук көрсөтүп, андан бир апта өткөндөн кийин дагы жыныстык катнаш жасагандыгын айтса, ал эми Мики «мас болчумун, кандайча болуп кеткенин билбей калдым» деген көрсөтмө берген. Ал эми булардын атасы Раимжан «Шайтан азгырып ушундай болуп калды. Мен болгону кыздын чурайына эле тийгем» деп билдирген.
Мындай кылмышка барган үй-бүлөнүн жашоо абалы кызыктырбай койбойт. Иликтөөдө кичүү уулу Усу такыр билим албай, айылда жумушсуз жүргөн, ал эми Мики 9-класска чейин гана окуган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Бардык үй-бүлө 2 бөлмөлүү, пол кагылбаган үйдө жашашат. Элдин малын багышат. Ал эми жабырлануучу Самара учурда чоӊ апасынын колунда тарбияланып, Өзгөн районунун мектептеринин биринде 9-класста билим алууда.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН ЗОРДУКТАЛГАНЫ АНЫКТАЛДЫ»
Ош облустук ИИБинин басма сөз кызматкери Жеӊишбек Аширбаев буларга токтолду:
– 2014-жылдын 8-декабрь күнү Өзгөн районунун жашоочусу, 47 жаштагы Т.К. аттуу жаран Өзгөн
РИИБине арыз менен кайрылган. Ал 2010-жылдын жаз айларында 2000-жылы төрөлгөн, ошол убакта 10 жашта болгон кызын таякеси Раимжан, анын Усу жана Мики аттуу балдары менен зордуктап, жыныстык катнаш жасагандыгы тууралуу билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129 (зордуктоо), 111 (кыйноо) жана 161-беренелеринин (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголуп, 1949-жылы туулган А.Раимжан, уулдары 1978-жылы туулган Р.А. 1992-жылы туулган М.А. кылмышка шектүү катары кармалышып, Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабыр тарткан кыздын зордукталганы аныкталган. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (136)
Nora92
2014-12-27 23:06:52
Эмне кайда баратат адамдар тушунбой калдым ,оздору араан жашап журуп кылган ишин ,мага кызык жери буларга канча жыл берилет болду экен.омур бою жазага тартылсада аздык кылатго дейм !!! Ушуларды окуп угуп КЫРГЫЗ деген ат жоголуп кетет деп корком!(
0
Xabibbullo
2014-12-27 23:09:41
Урматуу супер инфо жамааты Президентке кайрылыныздарчы сураныч Педиофилдерге олум жазасын киргизсин бул не деген мыкаачылык адам эмес булар. Олум жазасы кирсе дагы публично эл астында ото кыйноо менен олтурулсун
+1
aiba91kg
2014-12-28 01:20:56
Урматтуу супер инфо ушул жерине тушунбодум ондоп койсонуздар
РИИБине арыз менен кайрылган. Ал 2010-жылдын жаз айларында 2000-жылы төрөлгөн,
0
admin_superstan
2014-12-29 10:29:14
aiba91kg, саламатсызбы! Зордукталган кыз 2000-жылы төрөлгөн. 2010-жылы он жашында зордукталган. 2014-жылы арыз менен кайрылышкан.
0
IAMHAPPY
2014-12-28 19:56:11
Баардыгы келип кыздын апасыны такалат)))
Казакстанда иштеп байып келиптирби ошондо)))
0
tachkomur
2014-12-28 20:01:50
буларды бул дуйнодон жок еле кылып салган жакшы го
0
chyngyz84
2014-12-28 23:15:25
ХХХ ХХХ ХХХ керек!!!
0
admin_superstan
2014-12-29 10:14:08
chyngyz84, этика нормаларын сактаңыз! Провокацияга жол жок! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
jypar.i
2014-12-30 00:11:01
Мындайларды илгеркидей эшекке тескерисинен жылаңач мингизип алып, элди аралатса, эл бетине түкүрсө, таш менен урса да аздык кылар. Ал эми эне сөрөйү 2жыл бою эмне кылып жүрдү, кызынын ал-абалын билбей. Мындан көрө атасына эле калтырып кетпейби, ал да бир акмак экен
0
jypar.i
2014-12-30 00:11:57
Энесин, анан тиги кемпирди кошуп соттош керек
0
Akai4ik
2015-01-01 18:15:31
Учону тен XXX XXX керек, XXX
0
admin_superstan
2015-01-01 23:44:29
Akai4ik, провокацияга жол жок!
0
Ulutum_Kyrgyz
2015-01-06 13:38:20
Адам эмес экен ай буларын.
0
Nur45
2015-01-22 18:29:29
жаман болуптур ааа .
0
femidakg
2015-02-10 17:33:46
Аксакал башы менен ушул ишке барса анда эки баласына жол болсун да... Не балядай уй булоо бул.
0
Bektur2
2015-02-25 19:17:39
Аялы неге депкирди ысытып басат аны да сотош керек тиги учону чымчып туруп сотоп жибериш керек сакалын ортоп салчу неме экен
0
aldamchy
2015-04-22 17:07:39
ХХХ ХХХ сотолгондо не пайда
0
admin_media
2015-04-22 17:52:05
aldamchy,
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
tatata
2015-07-23 03:24:26
Байкуш кыргыз аялдар..Тентип иштейм деп журушот.Кыргыздар, аяланынарга жакшы мамиле кылбайынча онолбойсунар и кобойбойсунор
0
№ 633, 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан