Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы мектептердин биринде 8-класста окуган кыздын боюнда бар экендиги тууралуу факт ачыкка чыкты. Маалым болгондой, 15 жашар кыздын ата-энеси Орусияга иштегени кетишип, кызын эжесинин үйүнө убактылуу ташташкан. Мына ошол тууганынын 21 жаштагы уулу окуучу кыз менен жыныстык катнашта болгонун 4-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Боюнда болуп калган кыздын ата-энеси курсактагы баланын атасын жазалоо суранычы менен органдарга кайрылышкан. Учурда бул окуя боюнча «16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 21 жаштагы жигиттин Орусияга иштегени кеткени айтылууда.
Ал эми окуучу кыздын өзүнө келсек, курсагындагы бала 7,5 айлык болуп калган. Кош бойлуу өспүрүм доктурларга ооруп жатканын айтып кайрылган. Текшерүүдө анын жакында балалуу болору билинген. Ага чейин кыздын ичи чыгып калганын байкабаган туугандары менен мектеп мугалимдерине да таӊ калуу жаралбай койбойт.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg