Жакында эле үчүнчү баласын жарыкка алып келген Самара Каримова «төрөдүм» деп үйүнө жатып албай, Ош шаарында 19 күндүк концертин берип баштады. Айрымдар таӊ калуу менен карап, катуу сынга алгандар да чыкты. «19 күн бир ырчынын концертине ким келмек эле? Обу жоктук кылып жатат» деп сындагандар да жок эмес. Ал арада редакциябызга «Самара Каримованын концертинин билетин алгыла» деп ишканабызга таштап кетишти. Жетекчилерибиз "айлыгыӊардан кармап калабыз" деп жатышат. Биз концертке бармак турсун өз арабабызды араӊ тартып жан багып жүрсөк, билетин зордоп сатып минтип 19 күн концерт бергендин зарылчылыгы барбы?» деп кайрылгандар болду. Окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн ырчыга собол салдык.
– Самара айым, бүгүн концертиӊиздин алгачкы күнү. Бир шаарда жарым айдан ашык концерт берүүӊүздү кандай бааласак болот?
– Мен элди топтоп алып жаман нерсеге үгүттөп жаткан жокмун да?! Жаз келди, элибизге ыр майрам тартуулайлы деген максат менен концертимди берип жатам. 1-күнүндө эле эл
аябай жакшы келди.
– 19 күн концерт берип "Гиннесстин рекорддор китебине" кирейин деп жатасызбы?
– Жок, андай оюма деле келбептир (күлүп).
– "Жолдошу Асан Мансуров Ош улуттук драма театрынын директору, ошон үчүн 19 күн концерт берип жатат" деген кептер айтылууда. Сиз үчүн ыгым-чыгымы бекерби?
– Жолдошум жетекчи болгону менен, баарын мыйзам чегинде кылып жатабыз. Эл катары эле салыгын, ижара акысын төлөдүк. Концерттин билеттерин эч кимге зордоп саткан жокпуз. Беш кол теӊ эмес, бул сөздөр көрө албагандардын эле айткандары. Бүгүн концертимде орундук жок, туруп көргөндөр да болду. Элдин суранганынан улам 8-Март күнү эки сеанс менен концерт берейин деп жатам. 19 күн удаасынан коёлу деп белгилегенбиз. Эгерде эл келбей калса токтотулат.