ЖЕӉИШ КҮНҮНДӨ ЖААНДА КАЛГАН АРДАГЕРДИН СҮРӨТҮ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

9-Май күнү жааган жамгыр «чуу» салып өттү. Дегенибиз, интернет айдыӊына адегенде Казакстандын Атырау облусундагы мааракелердин биринде согуштун ардагери жамгыр алдында калгандыгы чагылдырылган сүрөт жарыяланган. Кызыгы, ал сүрөттө ардагер жамгырда суу болуп турса, анын жанындагы чиновник кол чатырдын астында турган. Албетте, бул сүрөт талкуу жаратып, казакстандык ал чиновниктин дарегине сын-пикир эле эмес, каргыш дагы айтылган болчу.
9-Майда Бишкектеги жеӊиш парады да нөшөрлөп жааган жамгыр менен коштолду. Түш оогондо жамгыр алдында калып, сыгып алма суу болгон ардагер карыянын байбичесин жетелеп жаан алдында бара жаткан сүрөтү интернетке жарыяланды. Айрымдар ал сүрөткө бийлик башындагы адамдардын кол чатыр алдында турган башка сүрөттөрүн да тиркеп жиберишти. Кызуу талкуу жүрүп, ардагерлердин мындай абалда калышына айрымдар бийликти күнөөлөсө, айрымдар табиятты, айрымдар болсо аларга жардамга келе албаган жалпыбызды, коомчулукту күнөөлөштү. Өкүнүчтүүсү, согуш каарын көрүп, тынчтык жашоонун ар бир күнүнө шүгүр эткен ардагерлердин бул сүрөтүн кээ бирлер саясатка айлантып, оппоненттерине сокку уруу үчүн пайдаланышты.
Бул окуя тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы: «Жамгыр жаай турганын билгенбиз. Андыктан Бишкектин төрт районунун акимчиликтери ардагерлерди үйүнөн алып келип майрамдатып, кайра үйлөрүнө жеткирүүгө милдеттендирилген. Милдеттер аткарылды. Болгону айрым ардагерлерибиз күтүлбөгөн жагдайда башка аймактардан келип калып, алардын жамгырда калган учурлары кездешти»,- деп түшүндүрдү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (66)
bema_bema
2015-05-20 09:14:28
Жонокой карапайым элдер нарака берака отуп жатышат жанынан,суротко таркан неме деле озун баатыр сезбей жардамдашып зонтиги менен узатып койбойбу ..тиги чондорду айтпай эле койойун бергени гречка экен .оздору сауна дегенде он эсе коп акчасын чачышса керек
+1
nur4607
2015-05-20 15:07:32
El jardam berdi bolush kerek kim tartsada oshol el jardam bergiche jan talashyp tarta kaldyda kol chatyr bergendin orduna
0
Venchuk
2015-05-20 15:35:38
Чиновниктер дайым ак дайыма таптаза барган коноктор куноолуу, жааган жаан куноолуу.Кандай андай болуп кетет деп деле даярданып коюшса болмок да.Оздору кычыраган машиналарына олтуруп кетишти да.Каап ошолорду да суротко тартсак болмок уялышат беле балким.Эгер конечно уяттары болсо.
+1
Deniza88
2015-05-20 16:42:31
Чиновниктерди яманам жамандап жазабыз ээ. Бир эки кун алар менен иште шип корсок ваше минтип жазбай калмакпыз бирокчу))) а так алардыкы туура эмес да
0
chanel11
2015-05-20 17:08:37
Deniza88,анан эмне мактап жазалыбы бул кылыктары учун.9 майга ошол чиновник дегендери келей эле койбоптур .алардын келишине кеткен бензинге биздин ветерандарга жок дегенде бирден зонтик келмек.трибунада 2 саат онтолоп кагазын окуганын кимге кереги бар эле
0
chanel11
2015-05-20 16:54:19
эмне билишкен эмес экен би кыргызстанда канча ветеран бар экенин .булардын оюнда 5 чактуу оздорунун ветеран туугандарын эле сыйлап жонотуп коебуз деген го чамамда .эмне башка бээ бечараларга БИРДЕН ДА ЗОНТИК табылбай калдыбы .70 жылдыгында ушундай мамиле кылса .75 жылдыгын да эмне кылышат
+1
jypar.i
2015-05-20 21:54:52
chanel11,75 жылдыкта ушул ветерандар келе алышар бекен, келе алышса да, бул күндү ойлоп келбей коюшабы!!!
0
chanel11
2015-05-20 16:57:17
бир транспортко да жарашпады оздорунун чонтогунон кетип жаткандай .ветерандар оздору келип алышыптыр эми оздору кетип калышат .аларга жумшлган акчаны эмне анда жирный обед кылып койуштубу???
0
april
2015-05-21 10:42:04
биринчиден чиновниктерди куноолодон мурда, коомчулук озубузго деле карасак болмок. Ошо жерде ардагердин жамгыр астында калганын коргон адамдар деле кол чатырын берип узатып койсо болот го. Же эмне созсуз турдо чиновник барып кол чатыр кармап бериш керек беле.Алгач озундон башта жакшылыкты, анан бироого уйрот!
0
Maero
2015-05-21 12:39:33
Ой кетти ар бир арка минээрлердин жанында жан сакчысынан коро, бир эле суротчу болсо, ар бир кылган ишин, баскан турганын тартып,элге жарыялап турса
0
nurik903
2015-05-21 12:56:18
аталарыбыз канчалык кыйналып женишке жетишкен бой которуп ичин чардайдып жургон чондорго акчадан башка эчнерсе керек емес керек болсо башыбызда которуп журушубуз керек ардагерлерибизди ойлон .
0
jazgul_esengulova89
2015-05-22 09:57:53
окунучтуу!
0
Sezim.A
2015-05-22 10:01:35
Албетте аябай окунучтуу!!!АРДАГЕРлерибизге бул кечени уюштурушкан экен баардык тоскоолдорго шарт тузуп (жамгыр жаайбы,кун кайнайбы)анан чакырышы керек эле.Же эмне БААТЫР аталарыбыз ушунчалык коппу???2014-жылы 93 согуш АРДАГЕРи болсо,2015-жылы 86сы гана калыптыр.Ошондуктан ар бирин уйунон алып кетип,кайра уйуно алып келууго милдеттуусуздор Улуу Урматтуу чиновниктер!!!Саналуу гана калышты коздун карегиндей сактайлы!
0
Azura
2015-05-23 10:54:47
Только обсирать и умеем.асылганыбыз эле жогорку жак.алар баарына кантип жетишмек.кантип корот.а эл.сурот тарткан адам карап турбай жардам бербейби
0
Azura
2015-05-23 10:59:51
Ардагердин балдары.неберелери жылына бир жолу болчу майрамда жетелеп .жылуу машинасына салып келип.кайра алып кетпейби.ошолорго наалат.оозун ачып жогорку жакты карап умут кылып отурбай.азыр бомждор да машина менен журот.айтпаса жанды кашайткан.мамлекет.бийлик деп ошолорго асылганды эле билесинер? А сами что сделали?
0
Bek94
2015-05-24 14:13:03
Кызык эле го бул чондор боорум ооруп кетти, мен болгондо кол чатырым менен барып жамгырдан тосмокмун.
0
nurjasi
2015-05-24 20:13:34
биздин чиновниктерде бет жок, ардагерлерди деле алар чын журоктон куттукташкан жок, протокол учун эле.
0
№ 654, 15-май-21-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан