Эсиӊиздерде болсо, ырчы Самара Каримованын үйүнө конокко барганбыз. Ал фоторепортаж super.kg порталына жарыяланган соӊ колдонуучулар арасында катуу талкууга алынды. AKILBIRS15 деген колдонуучу: «Самара Каримова менин үйүм деген үй Ибрагим Жунусовдуку, булар аренда төлөп жашашат. Уялбай ошол адамдын үйүн кантип меники деп айтып жатышат?»,- деген билдирүү калтырган. Бул маалыматтын чын-бышыгына жетүү үчүн ырчыга байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
Самара Каримова, ырчы:
– Концертим бүтүп, эми үйүмө асылып башташыптыр да. Менин жараткан ийгиликтерим кимдир бирөөлөрдү уктатпай жаткан го. Ушул үйдөн канчалаган чыгармачыл инсандарды коноктоп, узатып жүрөм. Мындай ушакты чыгарган адамдарды түшүнбөй турам. Биз үйдү сатып алганбыз. Кимден, канчага, качан сатып алганымды айтып, аларга отчёт бергидей убактым жок. Бир гана айтарым, бул үй өзүбүздүкү. Бул ак жолтой ак өргөөдөн өсүп, өнүп, көп ийгиликтерди жаратуудабыз.