Өзгөчө стили, үнү, образы бар Каныкейдин чыгармачылык жолго түшкөнүнө алты жыл болуптур. Бул жылдарда ырчынын эч кимге айтпаган сырларын ырлары аркылуу уктук. Каныкейдин жүрөк түпкүрүнөн чыккан ырлары угармандардын көӊүлүнөн түнөк таап, «Носонте», «Сарала» деген сөздөрү менен жаӊылык киргизди.
«Жеке жашоомду кулпулап, сандыкка катып койгом» деген ырчы өзү күткөн, эӊсеген адамына жолугуп, турмушка чыкты. Учурда аялдык бакытка бөлөнүп отурган чагы. Биз Каныкейдин ушул күндөргө жетүү үчүн кандай жолду басып өткөнүнө кызыктык.
«ЖАКЫР ҮЙ-БҮЛӨДӨ ЧОӉОЙДУМ»
-Ырларымда дайыма «Жашоо татаал, келгиле, жашоонун баркын билели!» деп айтып келем. Анткени аны баалап жашоо керектигине турмушта өзүм ынандым. Кичинемден эле музыкага шыгым бар болчу, мектепте окуп жүргөндө бир да кароо-сынакты калтырбай катышчумун, ыр жазчумун. Балалыгымды эстесем, талаада кулпунай терип жүргөн күндөрүм эске түшөт. Таттуу балалыкты башымдан кечирдим деп айта албайм. Жакыр үй-бүлөдө өсүп-чоӊойдум. Ал кезде азыркыдай ырчы Каныкей болорум үч уктасам да түшүмө кирчү эмес.
3-4-класстарымда апам турмуш шартка байланыштуу Орусияга иштегени кетти. Мен туугандардын колунда калып, үй оокаттарын жасоону эрте үйрөндүм. 11 жашымда камыр жууручумун, 12 жашымдан баштап каникул сайын талаада акыга кулпунай терип иштечүмүн. Ата-энем мен 5-класста окуп жатканда ажырашып кетишти. Алардын ажырашуусу мага чоӊ сокку болду. Мен теӊдүү курдаш кыздар жигит күтүп, оюн менен алек болуп жүргөндө «эмнеге менин ата-энем бирге жашабайт?» деген ойго чөмүлүп эле жүрчүмүн.
Бирок атам менен мамилени үзгөн жокмун. Кабарлашып, сүйлөшүп турчубуз. Апам менен ажырашкандан кийин атам өзүн таштап, ичип кетти. Мен ошондо Кудай оозума сала бергендей «ата, ичпечи, көрөсүӊ, мен атактуу болом, бай болом, кыйын кыз болом, ошондо сени өзүм эле багып алам» дегем. Тилекке каршы, мен жаӊы чыгармачылыкка аттанган кезде атам каза болуп калды. Өкүнгөнүм, ал менин жарк деп күйүп, атактуу болгонумду көрбөй кетти. Жашоо ушундай табышмактуу, сен бир нерсени катуу каалап жатканда ал нерсе жок, каалаган нерсеӊ келгенде ал жакшылыкты көрө турган адам жок болуп калат экен. Атамдын арбагы мени колдоп жүрөрүнө ишенем.
«МАГА ЖӨН ГАНА ИЙГИЛИК КУШУ ЖЫЛМАЙДЫ»
-Азыр ушул күндөргө кантип жеткенимди анализдеп көрсөм, чынында, мага ийгилик кушу жылмайыптыр. Кудай мени ыӊгайлуу жагдай менен профессионал адамдарды бир убакта табыштырганына ыраазымын. Болбосо эӊ эле карапайым үй-бүлөнүн кызымын, апам ашпозчу, атам электрик. Ийгилик кушу жылмайбаса, мен катардагы эле көз айнек тагынган, чачы тармал Каныкей боюнча калмакмын.
2005-жылы Токмоктон мектепти бүтүп, борборго келип ырчы болом деп бир топ кастингдерге катыштым. «Поющий город» деген музыкалык долбоорго катышып, жарым финалына чейин жеткем. Ушундай күндөрдүн биринде Мамасадык Багышевге жолугуп калдым. Ал мени ырдатып көрүп, «Жүрөк сыздайт» деген ырымды ырдап берсем жактырды. Ошондо мага «Каныкей, жашооӊду толугу менен өзгөртүүгө даярсыӊбы?» деди, мен ойлонбой туруп «ооба» деп жооп бериптирмин. Ошондон тарта жашоомдо чоӊ бурулуш башталды .
«БЫШЫП ЖЕТИЛГЕНИМДЕ ПРОДЮСЕРИМДЕН КЕТТИМ»
-Продюсерим Мамасадык Багышев менен 2006-жылдан тарта иштеше баштагам. Мамасадык байке менин кумирим, агайым болду. Коомдо өзүн алып жүрүү маданиятын, ким менен кантип сүйлөшүүнү үйрөттү, бар дүйнөмдү ачты. Аны ээрчип жүрүп жакшы нерселерди губка сымал өзүмө сиӊирип алдым. Ошентип ал мени 3 жылдай даярдап, 2009-жылы гана ыр жаздырып, клип тартып, образымды иштеп, анан сахнага аттандым. Алгач «Коё бергин мени кайгы» деген ырыма клип тарттык. Биринчи жолу сахнага «Супер-Инфонун» концертинде ырдап чыккам. Ал концертти унутуу мүмкүн эмес, «Жылдын дебюту» наамын алгам. Ошондон кийин силердин гезитиӊерден жыл сайын сыйлык ала баштадым. Азыр үйдө «Супер-Инфонун» 7 статуэткасы бар, мен азырынча «рекордсменка» болушум керек (күлүп).
Мендеги талантты, харизманы байкап, ошону ачып берген продюсерим Мамасадык Багышев чыгармачылыгымдын тарыхында ири из калтырды. Менин колдогон демөөрчүм же бай тааныштарым болгон жок. Продюсерим экөөбүз профессионалдуу жолду басып өттүк. Ал мени Америкага жиберди, эл-жер көрдүм, дүйнө таанымым кеӊейди. Экөөбүз 6 жыл түйшүктүү иштедик, продюсериме аябай ишенчүмүн, акча маселесине кийлигишчү эмесмин. Экөөбүз иштешпейбиз дегенде акча маселеси козголду, бирок биз аны чоӊ көйгөйгө айландырбай эле чечип алдык. Албетте, Мамасадык байке үчүн бышып жетилип калганда кеткеним оор болсо керек. Чыгармачылыгымдын артынан байлык топтодум деп мактанбайм, адам ток пейил болсо баары өз убактысы менен келет экен. Кудайга шүгүр, маӊдай тер, ак эмгек менен 23 жашымда унаалуу, 25 жашымда батирлүү болдум.
«МЕНИН ИЙГИЛИГИМ – ЖЕКЕ БАКТЫМ»
-Жаш болгонума карабай жашоонун көп сыноолоруна тушуктум. Жолдошум Медерге турмушка чыккандан кийин Америкада жашап калуу планы бар болчу. Тилекке каршы, кайненем катуу ооруп, мекенибизге кайтып келдик. Аз өтпөй кайненем дүйнө салды. Албетте, мындай сыноолор адамды чыйралтып, күчтүү кылат экен. Азыр мен үчүн эӊ башкы орунда үй-бүлөм, аялдык бактым турат. Балалуу болуп, үй-бүлөмдү бир нукка салып алсам эле чыгармачылыкка киришем.
Учурда угармандарым үчүн 3-ырлар жыйнагымды даярдап жатам. Анан да мурун кара түскө көп басым жасаган, обу жок Каныкей болсом, азыр күйөөсү бар аялмын. Көбү «назик, жумшак болуп калдыӊ» деп жатышат. Эгер сен бирөөнүн сүйүктүүсү болсоӊ, аялдык касиет өзүнөн-өзү ойгонот экен.
Алгачкы ыры...
– 9-классымда байкеме Чыӊгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасына 22 куплеттен турган поэма жазып бергем. Ошол саптарды «Жүрөк сыздайт» деген ырыма да кошком.
Алгачкы концерти...
– Биринчи концертимди 2011-жылы январь айында бергем. Анда мен иштеген долбоордо жалаӊ профессионал музыканттар эмгектенишчү.
Алгачкы дизайнери...
– Менин биринчи дизайнерим, образымды ишке ашырганга жардам берген адис – Замира Молдошева. Мен кийген кыргыздын чапандарын Жумагүл Сариевадан, ал эми кийизден тигилген формаларды, көйнөктөрдү, билерик, шакектерди дизайнер Айдай Асангуловадан алгам.
Алгачкы курмандык...
– 2007-жылы эксперимент катары продюсерим чачымды кыска кылып кырктырып салган. Ошондо апам аябай кейиген эле. Ал мезгилде долбоор үчүн бардык эксперименттерге даяр кезим болчу.
Билими...
– Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык училищенин эстрадалык вокал жана Кыргызстан эл аралык университетинин финансы жана кредит бөлүмүнүн бүтүрүүчүсүмүн. Учурда Кыргыз улуттук консерваториясында 4-курста окуйм.
Мектепти бүткөнүнө 10 жыл...
– Токмоктогу №9-мектепти бүтүргөм. Быйыл классташтар 10 жылдык жолугушуу кечесине чакырып жатышат. Табиятымдан шаан-шөкөт, ызы-чууга жакын эмесмин, андыктан кечеге барбайм.
Гүлшан Коюкеева, апасы: «ТИТАНИКТИН» САУНДТРЕГИН ЫРДАП, СЫНАКТАН ЖЕӉИП АЛГАН»
– Мен эки баламды теӊ эрке өстүргөн жокмун. Каныкей да, байкеси да барды-жокту көрүп чоӊоюшту. Каныкей бала бакчага баргандан баштап эле ырдачу экен, биз аны кийин байкадык. Кылам дегенин кылган, жоопкерчиликтүү кыз болчу. Агасы дүкөнгө жиберсе, арткан акчаны алып келип муздаткычтын үстүнө коюп койчу, ашыкча өзүм билемдик кылып иштетчү эмес. 11-классында мектепте бир сынакта «Титаниктин» саундтрегин ырдап, Гран-прини жеӊип алган.
Белгилүү болгондо деле аны атактуулук өзгөрткөн жок. Турмушка чыккандан кийин гана бир аз өзгөргөнүн байкадым. Кайненеси ооруп жатканда Нарынга чейин барып карап жатты. Окуп жүргөн убагында жатаканасына барсам, чачын кыска кылып кыркып салыптыр. Көрүп, аябай жаман болгом. Анан продюсерине барып «эмнеге чачын эркектердикиндей кылып кырктырып салдыӊ?» деп айтсам, «эже, Каныкей сахнада эле ушундай, ал жакта болгону 5 мүнөт эле жүрөт» деп жубатып койгон. Азыр кызымдын ар бир ийгилигине кубанып эле отурам.
Замира Молдошева, дизайнер: «ПРОДЮСЕРИНЕН КЕТПЕСЕ, ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА ЧЫКМАК»
– Каныкей өтө таланттуу, уникалдуу адам, мен ошонусун сыйлайм. Анын имиджинин үстүнөн 2 жылдай иштегенбиз. Стилине, имиджине өзгөртүүлөрдү дайыма продюсери Мамасадыктын макулдугу менен киргизип турчубуз. Каныкейдин ыр чыгарып, ырдап койгону эле болбосо, калганын команда кылчу. Долбоор токтогондон кийин канча адамдын эмгеги күйүп кетти. Болбосо Каныкейдин дүйнөлүк аренага чыга турган даремети бар болчу.
Бул кыз продюсеринен кетип туура эмес кылды. Керек болсо келбети да идеалдуу болчу, бетинин формасы, ичкелиги, жадакалса көзүнүн бүтүктүгү да өзүнө жарашат. Мындай талант, уникалдуулук баарында эле кездеше бербейт. Бүтүндөй бир концепция иштелип, дүйнөлүк аренага чыгабыз деп турганда долбоорду таштап кетти, албетте, мунун баары өкүнүчтүү. Каныкейдин эӊ мыкты ырлары продюсери менен иштешип жүргөндө жаралган. Продюсеринен кетем деп жүргөндө Мамасадык бир америкалык компания менен Америкадагы турне тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан болчу. Тилекке каршы, ал да ишке ашпай калды. Эгер продюсеринен кетпей дагы деле иштешип жүргөндө, биз Каныкейди бул убакта дүйнөлүк аренадан көрүп калмакпыз.
Мамасадык Багышев, продюсер: «КАНЫКЕЙ МЕНЕН ИШТЕШПӨӨ КОМПАНИЯНЫН ЧЕЧИМИ»
– Мен шоу-бизнестеги тажрыйбам жөнүндө пикир бөлүшүү үчүн өткөндөрдү жакшылап талдап ала элекмин. Буюрса, Каныкей тууралуу убагы келгенде коомчулукка өз оюмду билдирем, бирок азыр эмес. Азыр шарт, жагдай ушундай (ред. Мамасадык Багышев учурда чет өлкөдө). Кыскасы, мен үчүн мунун баары болуп өткөн түштөй эле. Айтарым, Каныкей менен иштешпөө чечими продюсерлик компаниядан келип чыккан, бул чечим ошол окуяга күбө болгон юридикалык тараптарга да маалым. Эл эмгегин жер жебейт, кеткен эмгек, мээнет боюнча арманым жок, баары жакшы.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg