БИР БҮРКҮМ

  • 1-11-классынын окуучуларына бир апта ичинде 297 сааттык, жылына 100 миӊ 78 сааттык САБАК өткөрүлөт. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бир апталык окуу жүктөмү кыскартылды.
  • Премьер Темир Сариевдин айтымында, 2014-жылы ЖАШ БАЛДАР жабыркаган 909 кылмыш иши катталган. Анын ичинде 10 наристе өлтүрүлсө, 66сы зордукталган.
  • ААЛЫ КАРАШЕВ Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугунан бошотулду.
  • Жогорку Кеӊештин депутаты Майрамбек Расуловдун айтымында, өлкөдө аскердик кызмат өтөөдө жыл сайын 50-60 жоокер каза табат.
  • «Орусиянын «КАРА ТИЗМЕСИНДЕ» 77 миӊдей кыргызстандык мигрант бар»,- деди Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев. Бүгүнкү күнгө карата аталган тизмеден 2 миӊдей киши чыгарылган.
  • Акыркы 8 жыл ичинде өспүрүмдөр арасында БОЙДОН АЛДЫРГАНДАР 2 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
  • Президент Алмазбек Атамбаев: «2015-жылдын октябрь айына барып калктын саны 6 миллион кишиге жетиши керек»,- деди. Өлкөдөгү БААТЫР ЭНЕЛЕРДИН саны болсо 15 миӊ адамдан көбүрөөк.
  • Жазуучу, драматург, экс-министр СУЛТАН РАЕВ премьер-министрдин кеӊешчиси болуп дайындалды.
  • Республикалык наркология борборунун маалыматына ылайык, өлкө боюнча АРАКЕЧТИККЕ берилген адамдардын расмий саны 40 миӊге жакын. Анын 4,5 миӊин аялдар түзөт.
  • «Эмгек» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары биригишти. Аталган партиялардын лидерлери АДАХАН МАДУМАРОВ жана АСКАР САЛЫМБЕКОВ болуп саналат.
  • «ЭЛТР» ТРКсынын башкы директору болуп кайрадан Максуда Айтиева дайындалды.
  • Бишкек шаарында 22-24-май күндөрү эстетикалык медицина жана ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГИЯ боюнча биринчи эл аралык конгресс болуп өтөт.
  • Жогорку Кеӊештин депутаты Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Украинанын ДОНЕЦК шаарындагы конфликтке катышып жаткан кыргызстандыктарга айына 100 миӊ рублдан төлөп берип жатышат. Буга чейин укук коргоо органдары бул маалыматты чындыкка дал келбейт деп келишкен.
  • ЫСЫК-КӨЛДҮН суусунун түбүн жана түндүк жээгин таштандыдан тазалоого 900 миӊ сом бөлүнүп берилди.

 

 

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан