«Супер сулуу-2013» наамынын ээси Орункүл Шабралиева Түркияда өткөн сулуулар сынагына катышып, бир эмес, 2 таажы кийип кайтты. Кыргызстандын атынан барган бийкеч «Ааламдын 7 континентинин сулуусу» жана «Дүйнөнүн фотомодели жана топ модели» сынактарында дүйнөнүн булуӊ-бурчунан келген кыздар менен ат салышты. Белгилей кетсек, сынакка Орусия, Америка, Түштүк Африка, Таиланд, Португалия жана башка мамлекеттеринин керилген карлыгачтары катышкан.
Орункүл Шабралиева: «Сынак боюнча жарым жыл кастинг жүрүп, сүрөттөр аркылуу мени тандап алышты. Сынак Бодрум шаарында өтүп, 2 күнгө созулду. «Ааламдын 7 континентинин сулуусу» сынагында баш байгеден кийинки орунду алып, алдыӊкы бештикке кирдим. Анан «Дүйнөнүн топ модели» наамын жеӊип, алдыӊкы үчтүккө кошулуп эки таажы кийдим. Ушунча мамлекеттин ичинен бештикке, үчтүккө киргениме абдан кубандым. Айрыкча улуттук кийим менен чыгып, Кыргызстандын желегин көтөргөндө патриоттук сезимдер курчап турду. Келе жатканда өлкөмө кичине болсо да салым кошконума сүйүнүп толкундандым»,- дейт.