Режиссёр Эрнест Абдыжапаров 18-июнда экинчи неберелүү болду. Кубанычы коюнуна батпаган режиссёр социалдык тармактагы баракчасына "кыргызда "балам, балалуу болгондо билесиң" дечү эле. Көрсө, андан дагы көп нерсени неберелүү болгондо билет экенсиң. Бүгүн келинибиз кыз төрөп, мен чоң ата болдум. Мына, накта жашоонун маңызы!» деп жар салды. Режиссёрго телефон чалып куттук айтып, небереси тууралуу сураганыбызда, «Чоң энеси кызыбыздын атын Саадат деп койду. Неберем төрөлө электе эле атасы менен апасы да ушул ысымды коёбуз деп жүрүшчү экен. Ат коёрдо ойлору бир жерден чыккандыктан, алардын оюна макул болдум».
Ал эми "тамашоудон" тушоосу кесилген алып баруучу, шоумен Кубат Кубанычбеков кыздуу болду. Тун наристе көрүп, бала жытына балкып турган Кубат: "17-июнь күнү жубайым Айжан аман-эсен көз жарып алды. Кызыбызга чоң эне, чоң атасы Аиша деген ысым ыйгарышты. Кызым Аиша буудай өңдүү, кара тору болуп төрөлдү. Азыр кубанычым коюнума батпай, наристемдин жытына тойбой турган чагым. Мен үчүн үйгө шашыла турган дагы бир себеп пайда болду»,- дейт.