КЫРГЫЗСТАН ТООЛОРУН БАГЫНДЫРАМ ДЕГЕН ИСПАНИЯЛЫК 3 АЛЬПИНИСТ КАЙТЫШ БОЛДУ

21-июнь күнү Кыргызстандын тоолорунда 3 испаниялык альпинист кар көчкүдөн улам кайтыш болду. Алардын дайыны такталып, каза болгондор 1990-жылкы Алехандро Шафер Виседо, 1991-жылкы Жозеф Кабалерия Катрина жана 1996-жылкы Пол Вилар Родригес болуп чыгышты. 16-июнда 10 испан бийиктиги 4600 метр болгон Ак-Тоону багындыруу үчүн кыргыз жерине келген. “Кыргызстанга жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан 3 миңдей альпинист келет. Эл аралык эрежелерге ылайык, эгерде кырсык катталса, бардык жоопкерчилик альпинисттин моюнунда болот. Бул сапар испандардын тобун жеке компаниялардын бири чакырган”,- деди вице-премьер Абдырахман Маматалиев.

Эльвира Караева
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан