СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫН ТАРЖЫМАЛЫ

Кат жазып, кагазга ороп сүрөт жиберип, «эмне деп жооп жазар экен, кандай сүрөт келер болду экен?» деп зарыгып күткөн заман артта калды. Бүгүн байланышуунун ар тараптуу жолдору бар. Кааласаӊыз телефон, мүмкүнчүлүгүӊүз артып турса социалдык тармактар аркылуу дүйнөнүн булуӊ-бурчу менен байланышууга шарт түзүлдү. Өзүӊүздүн сүрөтүӊүздү, ичиӊиздеги ой-толгооӊузду социалдык тармактагы досторуӊуз менен бөлүшө аласыз. Биз сөз кылган бул тармактар тууралуу кененирээк маалымат бул жакта.

FACEBOOK
Facebook (фейсбук) дүйнөдөгү эӊ ири социалдык тармактардын бири. «Китептин бети» деген маанини берет. Аталган тармак 2004-жылы 4-февралда Марк Цукерберг тарабынан ачылган. Ошол учурда Марк Гарвард университетинде окучу. Алгач бул веб-сайт «The Facebook» деп аталып, Гарвард университетинин студенттери гана колдоно алышса, аз убакыт өтпөй катталуу Бостондун башка окуу жайларында да уланып, андан соӊ АКШнын бардык студенттерине тараган. 2005-жылы компания «The» деген белгини алып, «Facebook.com» деген аталышты калтырган. 2006-жылдын сентябрь айынан тарта 13 жаштан өйдө, электрондук почтасы бар интернет колдонуучуларына бул тармак менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачылган. Бүгүнкү күндө активдүү колдонуучулардын саны күнүнө 936 миллиондон ашса, айына 1,44 миллиардга жетет. Жарнама берүүчүлөрдүн саны 2 миллион.
Күнүнө жиберилген каттардын эсеби 45 миллиард болсо, видео көргөндөрдүн саны 4 миллиард. Бир күндөгү «жакты» (нравится, like) белгиси 7 миллиарддан ашуун жолу басылса, жарыяланган сүрөттөр 2 миллиардга жеткен. 2013-жылы сайттын кирешеси 2,804 миллиард долларды түзгөн. Анын 73 пайызы жарнамадан түшөт. Мына ушундай олчойгон кирешенин артынан Марк Цукерберг 23 жашында планетанын эӊ жаш миллиардери болгон. 2014-жылы Фейсбуктун колдонуучуларынын саны 1 миллиард, 200 миллион адамга жетсе, анын 170 миӊден ашууну кыргызстандыктар. Күн сайын 80 миӊдей мекендештерибиз бул тармакка баш багышат.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • 2011-жылы болгон Мисирдеги революциянын катышуучусу өзүнүн кызына Фейсбук Жамаль Ибрагим деген ысымды берген. Себеби ошол учурдагы революцияда бул социалдык тармак маанилүү ролду ойногон.
  • Америкалык Дэвид Киркпатрик аттуу жазуучу «Социалдык тармак. Кантип Фейсбуктун негиздөөчүсү 4 миллиард доллар таап, 500 миллион адам менен достошту?» деген китеп жазган.
  • 2010-жылы Фейсбуктун түзүлүшүнө арналган «Социалдык тармак» аттуу фильм тартылган.
  • Фейсбукту колдонууга тыюу салынган өлкөлөр: Иран, Кытай, Пакистан, Сирия, Бангладеш, Түркмөнстан жана Тажикстан.

INSTAGRAM
Инстаграм (Instagram) мактанганды жакшы көргөндөр үчүн эӊ жакшы кызмат десек болчудай. Анткени колдонуучулар чөнтөк телефонуна же фотоаппараттын «чыйк» этмесинен калган сүрөттөрүн достору менен бөлүшүп, кандай ой-пикирлер жазыларын теше тиктеп отурушат. Статистикалык маалыматтарга караганда, бул тармактын колдонуучуларынын 68 пайызын аялзаты түзөт. Аталган тармакты америкалык Кевин Систром менен Майк Кригер түзүп чыгышкан. Колдонууга берилген күнү 2010-жылдын 6-октябры. Бул тармакты 2012-жылы 9-апрелде «Facebook» компаниясы 1 миллиард долларга сатып алган. Мындан улам аталган социалдык тармакка жүктөлгөн видео жана сүрөттөрдү Facebook, Twitter өӊдүү тармактардан көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө Инстаграм дүйнөдөгү эӊ белгилүү веб-сайттардын катарын толуктады. Тактап айтканда, 41 дүйнөлүк сайттын ичинен 21-орунда турат.
Байкоолор боюнча, 2014-жылдын январь айында Инстаграмга 150 миллион адам катталган. Бир секунд ичинде сайттын колдонуучулары 8500 «жакты» белгисин басып, 1000ден ашуун сын-пикирлерди калтырышат.

В КОНТАКТЕ
В Контакте – «байланышта» деген маанини билдирет. Аталган социалдык тармак 2006-жылы 10-октябрдан тарта колдонулуп келет. Негиз салуучусу Павел Дуров. Алгач бул тармак Орусиянын жогорку окуу жайларында колдонулуп баштаган. Жыл өткөн сайын аудиториясы артып, бүгүнкү күндө колдонуучулардын саны 219 миллионду чамалап, күнүнө 70 миллион адам бул тармактагы баракчасына баш бакмайын тура албайт. Негизги акционери «Mail.Ru Group» компаниясы. Башкы директорлору – Борис Добродеев, Олег Добродеев. Кыргызстанда В Контакте социалдык тармагынын колдонуучуларынын саны 2013-жылдагы көрсөткүч боюнча 319 миӊден ашкан.

OK.RU
Одноклассники (OK.ru) социалдык тармагы «Mail.Ru Group» компаниясына таандык.
Бул тармак 2006-жылы Альберт Михайлович Попков тарабынан түзүлүп, 4-мартта ишке кирген. Ошол эле жылдын ноябрь айында сайттын колдонуучуларынын саны 1,5 миллион болсо, 2013-жылы 205 миллиондон ашкан. Ал эми күн сайын колдонгондордун саны 44 миллионго жеткен. Бул тармакта ар түрдүү жаш курактагы колдонуучулар болгону менен, көпчүлүк аудиторияны 25-44 жаштагылар түзөт. Кыргызстанда дагы интернет илдети менен ооругандарды бул тармактан таба аласыз. 2015-жылы Кыргызстанда Одноклассники социалдык тармагын колдонгондордун эсеби 2 миллиондон ашкан.

TWITTER
Twitter англис тилинен түзмө-түз которгондо «быдылдоо, көп сүйлөө» деген маанини берет. Бул тармак 2006-жылы АКШнын «Odeo» компаниясынын кызматкери Жек Дорси тарабынан түзүлгөн. Долбоор 2006-жылдын 21-мартында саат 8:50дө ишке киришкен. Ошондо Дорси Твиттерге биринчи катын «мен азыр Твиттерди орнотуп жатам» деп жазган. Бул социалдык тармакты алгачкылардан болуп аталган компаниянын кызматкерлери колдонушкан. 2006-жылдын 26-июлунда толук версиясы элге көрсөтүлгөн. Компаниянын башкы кеӊсеси Сан-Франциско калаасында жайгашкан. Твиттерден 140 символго (тамга) чейин СМС жана кыска сөздөрдү жөнөтүүгө болот. 2010-жылы онлайн жарнама аркылуу түшкөн каражаты 45 миллион доллар болсо, 2011-жылы жалпы кирешеси 150 миллион долларга жеткен. Ал эми 2013-жылдагы «Forbes» журналынын жыйынтыгы боюнча, сайттын бюджети 168,6 миллион долларды чапчыган. Колдонуучуларынын саны 500 миллион болсо, активдүү колдонгондор анын 140 миллионун түзөт.

Султан Төрөбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
expert.007
2015-08-03 15:34:54
Марк Цукерберг тарыхта калчу инсан.
+1
Erniet
2015-08-03 17:18:01
Фейсбук иран бангладеш ж.б. олколорго оз тармагын колдонууга тыюу салганбы же ал олколор фейсбукту колдонууга оздору тыюу салганбы
0
marmara
2015-08-03 19:41:32
булардын баары эн мыкты тармактар,ар бири озунчо супер!
0
Oceana.
2015-08-03 19:45:46
Imo-тууралу маалыматчы?
0
stal.ks
2015-08-03 20:36:55
супер инфо деле приложение чыгарып койсонор ошолор сыяктуу
0
admin_media
2015-08-04 11:14:33
stal.ks, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
pepeshka-12
2015-08-03 23:46:04
Вконтакте менин музыка угуучу сайтым.
0
hayley
2015-08-04 00:31:20
Инстаграм, твиттер,в контакте самый самый лучший соц. Сеть а одноклассники болсо кызыксыз, бир кызык))
0
messidinho
2015-08-05 09:30:09
hayley,одноклассникиде кимдер отурат, билесиңби? Айтсам мени баары сөгүп салышат, бирок өзүңда түшүндүң мени)))
-2
hayley
2015-08-05 12:18:27
messidinho,отура беришсин мага от всей души баары бир, это моё личное мнение. Мен учун кызыксыз одноклассниктеги кобунчо группалар контактан плогиат кылышат 0_о
0
airada
2015-08-04 12:51:19
ватсаптан башкасына кызыкпадым
0
vrach
2015-08-04 23:32:34
агентчи ха ха ха
0
messidinho
2015-08-05 09:28:26
Вконтакте эң жакшысы, андан кийин Твиттер!
+1
AFRODITA-89
2015-08-05 09:59:58
мен бклардан бир гана одноклассникини колдонот экенмин инстаграммга кызыгып журом бирок менин телефонума кочпойт экен ким билет Ноия Люмияга кочурсо болобу билишимче инстаграммды уже кочуруп колдонууга токтотуп коюптурго
0
edu.kg.
2015-08-05 18:30:45
ИНСТАГРАМ мактанганды жакшы коргондордун кызматы,айрыкча селфилдегендердин кызматы 100%кошулам ушул нерсеге туура таапсынар. Кыздарга арналган атайын мумкунчулуктогу селфилдеш учун кызмат.
0
Jasko.
2015-08-06 14:18:04
Чын эле ар биринин орду бар...Мен мисалы:одноклассникиде баарлашам,вконтактеден тил,чеберчиликке байланышкан маалыматтарды окуп,сүрөт көчүрөм,фейсбуктан философиялык,логикалык ой жүгүртүүлөрдү көп кездештирем,твиттерден жаң.к окуйм,мой мирге кирбей калдым бирок.
0
bakay93ka
2015-08-07 16:51:59
Менда баардык сатцялдык тармактарга кирип журом баарынан жакканы Фейсбек
0
Tattybubu93
2015-08-08 09:51:45
Фейсбукту колдонууга тыюу салынган өлкөлөр: Иран, Кытай, Пакистан, Сирия, Бангладеш, Түркмөнстаn...munu kandai tuwunso bolot? Turkmonstandyk dostorum koldonuwat go...?
+1
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан