Чет элде мыктылардын катарына кошулуп, ийгиликтерди багынтып жаткан кыргызстандыктар менен тааныштырууну улантабыз. Бул ирет дүйнөлүк деӊгээлдеги модель, мекендешибиз Тимур аттуу жигит тууралуу кеп козгодук. Ал дүйнө жүзүнүн булуӊ-бурчуна таанымал Луи Виттон, Кристиан Диор сыяктуу бренддер менен иштешип, мода дүйнөсүндө бутуна турган жигит.
Толук аты-жөнү – Енгалычев Тимур Анварович
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 17-январь
Бою – 190 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Туулган жери – Өзбекстан, Андижан облусу, Асака шаары
Билими – Шанхай лингвистикалык институтунун кытай жана англис тили факультетин аяктаган. Маркетинг жана менеджмент институтунун люкс жаатындагы диплому бар.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Дүйнөлүк Луи Виттон (Louis Vuitton) брендинин Кытайдын Шанхай шаарындагы эӊ ири дүкөнүнүн жетекчиси.
– Сөз башында Өзбекстанда төрөлсөӊ, кыргыз жерине кантип келип калдыӊ эле деп сурагым келип жатат?
– Биздин үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келгенде 2 жашта экенмин, ошондуктан эч нерсе эсимде жок, мен билгенден Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында жашадык. Кийин Бишкекке көчүп келгенбиз. Көлдү эстесем, мекенимди өзгөчө сагынып кетем. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барбайын, кайсы океанды жээктебейин, биздин көлүбүзгө жетпейт.
– Моделдик жумушуӊ кандай башталган жана бул кесипти тандооӊо эмне себеп болду?
– Мектепте окуп жүргөндө модель болом деп ойлогон эмес элем. Ишенесизби, мага кыздар өмүрү кат жазып же Сүйүшкөндөр күнүндө открытка белекке беришчү эмес. Боюм өтө эле узун болгондуктан кысылып, дайыма бүкүрөйүп жүрчүмүн. Акыры ата-энем «ушул уулубуз түз жүргөндү үйрөнсүн» деп моделдер мектебине алып барышкан. Ал жерде көпчүлүгү эле кыздар болчу (күлүп), ошентип кыздарга аралашып, модель мектебин аяктап калгам. Ал кезде модель болом деп аракет деле жасабаптырмын. Бишкекте И.Арабаев атындагы университеттин астындагы кытай жана англис тилин үйрөткөн мектепте окуп жүрүп, аны аяктаган соӊ мугалимдердин сунушу менен Кытайга билим алууга жөнөдүм. Мына ошол жактан баары башталды.
Бул жакта тасма, жарнама, клиптерге тартуу үчүн режиссёрлордун жардамчылары чет элдик студенттердин арасынан кыз-жигиттерди издешет экен. Ошентип жүрүп мен дагы моделдик чөйрөнүн бир өкүлүнө кабылып калдым.
– Анан дароо эле баары боло калдыбы?
– Жок, алгач ал киши мени кастингге чакырды. Ошондо моделге атайын сүрөттөр топтому (портфолио) керек экендигин билбей, өзүм эле жетип барыптырмын. Албетте, тандоодон өтпөй калдым, анын үстүнө жаӊы эле мектепти бүтүп барган кезим. «Сен али жаш бала турбайсыӊбы, 2 жылдан кийин кел» деп коюшкан. 2 жылдын ичинде кытай тилин үйрөнүп, сүрөткө түшүп даярданып алып кайра бардым. Жактым окшойт, кийимдер көргөзмөсүнө катыштым, кийин экинчисине. Ал жактан байкаган дизайнерлер гезит-журналдарга чакыра башташты. Алгач Кытайда атым чыккан.
– Луи Виттон бренди менен кантип иштешип калдыӊ?
– Бир-эки журналдын бетине чыгып калган соӊ Луи Виттон, Кристиан Диор сыяктуу бренддер кийим көргөзмөлөрүнө чакыра башташты. Мода дүйнөсү чакан эле да, бир журналга чыксаӊ эле «бул бала ким экен?» деген кызыгуулар башталат.
– Бир учурда Голливуддун «Белая графиня» аттуу тасмасына да тартылган экенсиӊ. Сенде дүйнөлүк жылдыз болууга мүмкүнчүлүк бар эле да, эмнеге Голливудда калган жоксуӊ?
– 2005-жыл болсо керек, ошол тасмага тартылып жүргөн күндөр сонун болчу. Мага атайын бөлмө бөлүп беришкен. Дүйнөлүк жылдыздардын катарына кошулуп, өзүмдү бактылуу сезгем. Ушинтип ысык-көлдүк бир жигит Голливуд тасмасына тартылып калат экен да деп ичимден кымыӊдап койгом. Эсимде, 2500 доллар гонорар төлөшкөн болчу, кубанычым коюнума батпай, акча колума тиер замат өзүмө ноутбук алып алгам (күлүп).
Бул фильмден кийин дагы сунуштар түштү, бирок Голливудда баары төшөк аркылуу деген нерсе мага жеткенде баарынан баш тарттым. Мен ата-энемден андай тарбия алган эмесмин, бизде кандай тарбия беришерин билесиз го. Ыйманым ал нерсеге жол бербеди, ошондон тартып моделдикти да жыйыштырдым, актёр да болбой койдум. ө
– Бирок мода дүйнөсүнөн алыс кетпептирсиӊ да?
– Ооба, көпчүлүк кийим көргөзмөлөрүндө жүрүп Луи Виттондун жетекчилери менен жакшы мамиледе болуп калган элем. Алар мени Кытайдагы аталган бренддин эӊ ири дүкөнүнүн жетекчиси болууга чакырышты. Мен ойлонуп көрүп макул болдум. Азыр Шанхайдагы 4 кабат дүкөндү башкарам. Менин милдетим – бул брендге байланыштуу Кытайдагы бардык иш-чараларды уюштуруу, кызматкерлерди көзөмөлдөө, кыскасы, өтө жоопкерчиликтүү жумуш.
– Моделдиктен кеткениӊе өкүнбөйсүӊбү?
– Жок, себеби моделдик жаштыкты талап кылат. Кыргыздарда айтып коюшат го, сулуулук өмүр бою сакталбайт деп. Жашым өтүп баратат, андан көрө башка максаттарымды орундатканым оӊ.
– Кандай максаттарыӊ бар?
– Дүйнөнүн булуӊ-бурчунан мех сатып алып, андан кийимдерди тигип чыгаруучу ишкана ачсам дейм. Азыр ошол нерсеге көп басым жасап жатам. Кыргызстандан да дүйнөгө таанылган бренд буюмдары чыкса деп тиленип жүрөм. Ага болгон аракеттеримди жасайм жана оюм ишке ашмайынча артка кайтпайм.
– Жумуш өз нугу менен дечи, жеке жашоого убакыт табылып жатабы?
– Ушул суроо мага абдан жакты. Менде жеке жашоо деген түшүнүк жок болуп калды. Бир учурда бир кызды аябай сүйдүм, ага баш кошуп, бактылуу үй-бүлө курууну эӊсечүмүн. Бирок экөөбүздүн оюбуз эки башка чыкты. Азыр болсо жумуштан башым чыкпай жүрөм.Кээде жумуштан келсеӊ, ушунчалык жалгыздык жаныӊа батып кетет. Азыр балдарым чуркап чыгып тосуп алса кана деп кыялданып калам.
– Тилектериӊдин батыраак орундалышына тилектешмин.
– Рахмат, мекендештериме Кытайдан салам!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg