Мирлан Бакиров, Жогорку Кеӊештин депутаты: «МАХАБАТ ДАСТАНЫ» БАЛАЛЫГЫМДЫ ЭСТЕТЕТ»

Союз учурундагы лимонаддын даамы, алгачкы сезим, кат жазышуу, таштай катуу пряник – мына ушулардын бардыгы депутат Мирлан Бакировдун балалыгынын үзүмдөрү. «Союздук» балалыгы жөнүндө жана ага өзгөчө таасир берген чоӊ атасы Бакир аксакал тууралуу Мирлан Исакбекович эргүү менен айтып берди.

Бакиров Мирлан Исакбекович
1975-жылы
Базар-Коргон районунун Кызыл-Үӊкүр айылында туулган.
1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен банктык мекемедеги эсепчи адистигин алып чыккан.
1996-2010-жылдарга чейин өз кесиби менен бир нече мекемелерде иштеген.
2010-жылы Жогорку Кеӊешке «Республика» партиясынан депутат болуп шайланган.
Учурда Жогорку Кеӊештеги «Өнүгүү» депутаттык тобунда.
Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.

«МЕН ЖЕГЕН АЗЫКТЫ ИЗДЕП, ЧОӉ АТАМ КОӉШУ ӨЛКӨГӨ ЧЕЙИН БАРГАН»
– Менин балалыгым санаасы жок, бакубат союз күндөрүндө өттү. 6 айлыгымда ата-энем жумушуна байланыштуу чоӊ ата, чоӊ энеме беришкен экен. Адатта чоӊ ата, чоӊ эненин балдары эрке талтаӊ болушат го, табиятымдан ошондойго жокмунбу, айтор, чектен чыгып эркелеген күнүмдү деле эстей албайм. Бирок чоӊ ата, чоӊ энем мени ушунчалык жакшы көрүшчү. Чоӊ атам Бакир Базар-Коргондогу Кызыл-Үӊкүр айылына таасири бар, барктуу адам эле. Ошол киши мен ымыркай кезимде жечү «Малыш» деген азыктарды табуу үчүн Кыргызстандан коӊшу Өзбекстанга чейин барып келчү экен. Азыр ошол нерсени биздин үйдө көп эскерип калышат.
Жума намазы райондук мечитте окулуп, чоӊ атам ошол жакка кетчү. Анан келе жатканда таттууларды сары баштыктарга толтуруп алып келет. Чоӊ атамдын жума намаздан кайтканы мен үчүн майрамдай болчу.
Чоӊ атам мендеги жигиттик сапатты тарбиялады. Ат таптап, кара жумушка көнүп өстүм.

«МАХАБАТ ДАСТАНЫ» БИЗДИН АЙЫЛДА ТАРТЫЛГАН»
– Чоӊоюп ат мингенге жарап калганда Дооронбек Садырбаевдин «Махабат дастаны» тасмасы биздин Кызыл-Үӊкүр айылында тартылып калды. Тартуу иштери бир айдай уланды. Кара атым бар эле, киночулар келгенден тарта таӊ эрте туруп атымды минип алып, жумушка кеткендей тасма аянтына жөнөчүмүн. Ал күндөр өзүнчө майрам болгон. Айылдын баары эле массовкага тартылганбыз. Бирок ал кинодон өзүмдү издеп таба албай койдум. Балабыз да, «тигил жакка чуркап кой, ат чап» десе баарын жасап берчүбүз. Азыр «Махабат дастанын» көргөндө балалыгыма кайткандай болом.

«ААРЫГА ТАЛАНГАНЫМ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ»
– Бала күндөрдөгү дагы бир эсте калганы – аарыга таланганым. Агаларыбыз бал челек кармашчу. Аны бир жерден экинчи жерге көчүрүү деген азап. Кечинде бал челектердин баарын бекитесиӊ да, таӊ эрте ордунан башка жакка көчүрүш керек. Биз уктап калып шашпай көчүрмөкчү болгонбуз. Бал челектердин бири чала бекилип калган экен, аарылар уюлгуп эле чыга баштады. Андайда алар эч нерсеге карабай калат турбайбы. Топ-топ болуп келип, араба сүйрөп бараткан атты деле, бизди деле чагып баштады. Же бир кутула алсакчы... Сай-сайды аралап качып, сууга секирип араӊ кутулганбыз.

ЛИМОНАД ЖАНА ПРЯНИК
– 1-Май майрамы союз маалында укмуш майрамдалчу. Өзгөчө шаан-шөкөт жаралат эле. Мына ошол майрамда, көбү райондун борборунда аянтта жүрсө, биз теӊтуштарыбыз менен акча чогултуп лимонад алчубуз да, кымыздык, ышкын тергени тоо коюнуна кетип калчубуз. Эми ал кезде лимонад биз үчүн укмуш суусундук эле. Ал лимонаддыкындай даам эч жерде жоктой сезилчү. Балалык дегенде ошонун даамы да эске келет.
Анан биздин айылдык дүкөнгө пряник деген таттуу келчү. Билбейм, же ал таттуу биздин айылга акыркы келип анан капкатуу болуп калчу беле же негизи ошондой жасалчубу... Эми тиш сындыргыдай катуу болчу. Ошону таш менен алты-жетиге бөлүп, мектептен кийин жеп отурганыбыз элестейт.

АЛГАЧКЫ СЕЗИМДЕР...
– Мектеп демекчи, биринчи класска мени чоӊ апам жетелеп барган. «Ак кеме» тасмасындагы Нургазыдай болуп портфель алдырып, толкундануу менен мектепке барар күндү күткөм. 1-сентябрда үйдүн жанындагы көк гүлдөрдөн терип, гүлдесте жасап алып барганым эсимде.
Мектепте эӊ алгачкы сезимдер пайда болот эмеспи. Мени менен агамдын Нурлан деген баласы да чогуу окучу, экөөбүз кайда болсо чогуу жүрөбүз. Нурлан Атыр деген кыз менен, мен Шайыргүл деген кыз менен кат жазышчубуз. Негизи ошондо кат жазуу, күндөлүк жазуу деген мода болчу.

«АПАМ ТАТТУУ ТАМАКТАН КӨӉҮЛҮМДҮ КАЛТЫРГАН»
– 6-класстан чоӊ ата, чоӊ энемдин колунан өз ата-энемдин колуна, Ноокенге бардым. Чынында, 2 жыл таптакыр көнө албай жүрдүм. Дем алыш күндөрү түз эле айылга зуу коём. Чоӊ ата, чоӊ энеме ушундай көнгөн экенмин. Анын үстүнө айылда улак ойнойбуз. Ал кезде улак тартыштан кызык нерсе жок болчу. Ошол учурда жалаӊ дем алыш күндү гана күтүп жашап калгам. Апам болсо мени көнүп кетсин деп абдан аракет кылган. Апам чынында өзгөчө аялзаты. Менин чочуркап жатканымды туюп, өзүнө имерип, көндүрүү үчүн дайыма эркелетип, мээрим төгүп турду. Жөнөкөй эле мисал келтирейин. Таттууну жакшы көрөрүмдү билип, тынбай таттуу алып бере берчү. Ширин тамакты өчү бардай жеген жаным, акыры таттуудан көӊүлүм калып калбадыбы.

«ДЕПУТАТ БОЛСОМ ДЕГЕМ»
– Улам бой жеткен сайын көкүрөктө келечекке болгон ой-тилектер ойгоно баштайт. Чоӊ атам дайыма «уктаарда тилегиӊди айтып, Кудайдан суранып жат. Жаштын тилегин берет» деп айтчу. Чынында, ошондой экен, менин тилектерим толугу менен орундалып келе жатат.
Бой тарткандан бери «Легендарлуу парламенттин» сессияларын үзбөй көрчү болдум. Ошондо көкүрөгүмдө «элге кызмат кылсам, эл өкүлү болсом» деген тилек пайда болгон. Анда Алмазбек Шаршенович, Эргеш Төрөбаев, Бекмамат Осмонов өӊдүү инсандар легендарлуу парламенттин депутаттары болушчу. Ошолордун таасири тийип, саясатка болгон кызыгуумду ойготушкан экен, минтип эл өкүлү катары иштеп жаткан кезим.

«КЫЗДАРЫМДАН ӨЗҮМДҮ КӨРӨМ»
– Учурда 3 кызым бар. Аларды карап отуруп, алардын кыял-жоруктарынан өзүмдү көрөм. Айрыкча кичүү кызымдын мүнөзү мага окшош. Бала кезимде жайлоодо жүргөндө унчукпай отура берип, качан гана элдин баары жатарга кам уруп уктамакчы болгондо «мен чай ичем» деп чыкчумун. Чоӊ атамдын баласымын да. Айла жок жеӊелерим, эжелерим мага чай беришчү. Эми кичүү кызым Мырзайым үйдө баарыбыз уктамакчы болгондо «чай ичем» деп чыр чыгарат. Окшошпуз. Экөөбүз жакынбыз. Кийин мени менен сырдашар, кеӊешер кызым болот го деп ойлоп калам.

"Чоӊ ата, чоӊ энемдин колуна ушундай кезде келгем".

"Лимонад ичип, пряник жеп жүргөн кез".

"3 кызым бар. Алардын кыял жоруктарынан өзүмдү көрөм. Айрыкча кичүү кызымдын мүнөзү окшош."

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Sayragul
2015-08-03 10:57:06
Чын эле, мен дагы макаладагы пряник жонундо бут бардык жерде эмнеге же мооноту откон пряник барчубу деп ойлодум. Бизде деле, капкатуу тиш отпойт, таш менен сындырып жечубуз.
+1
Chtc
2015-08-03 17:20:12
Пряник бизде да ошондой эле...
0
kaniet
2015-08-03 18:05:49
МИрлан менен сыймыктанабыз, биздин мектепте окуган 6-класстан кийин, өзү айткандай көнө албай жүргөнбү өтө жоош тартынчак бала болчу, МИрлан сага ийгилик, кыздарыңдын кызматын көр, бактылуу болгула!!!
0
Syrduu_kyz
2015-08-04 14:11:35
Мирлан агамдын айткандарын эстеп йылды сагынып кеттим. Бакир чон атам менен Мааржан чон энемдин эрке баласы болчу. Кызыл-Ункур айылы сиз менен сыймыктанат. Ысакбек авам (оз атасы) жонундо да суйлоп берсе болмок. Акылман, туугандарынын эн сыйлуу, улгулуу кишиси. Мирлан агамда анын да муноздору бар.
0
nurlan10000kg
2015-08-04 16:18:15
Эл шайлаганда Мирлан саяк уруусунан болот озунун созун бербейт деп шайлаганбыз. УЯТ кылдын мирлан
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан