Парламенттик шайлоо, партиялар, коррупция менен күрөш, Өмүрбек Текебаевдин учурдагы иш-аракеттери, Аида Салянова, Ак үйдүн жетинчи кабатынан түз эле УКМКнын абагына түшкөн Нарымбаев, Кудай жана Куран, Кыргызстан-АКШ, Конституция... Бул адамга бериле турган суроолор өтө көп эле. Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин журналисттер менен жолугушуусу дайыма кызуу талкуу, кескин сындар жана эч жерде айтыла элек билдирүүлөр менен коштолот. 27-июлда, Чолпон-Ата шаарында, керемет Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн жолугушуу да ушундай күүсүнөн жазган жок. Эки сааттан ашык убакытка созулган баарлашуунун урунттуу учурлары төмөнкүлөр болду.
АКШ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМИЛЕСИ БОЮНЧА
-Тышкы мамилелер боюнча мага өлкө башчысы катары бир гана вектор бар. Ал – Кыргызстан. Бардык иштер мамлекеттин кызыкчылыгында болушу керек. Азимжан Аскаровго берилген сыйлык жөн эмес. Ал өчүп бараткан отко май тамызуу. Бул иш Кыргызстанда улуттар аралык конфликтти жаратуу үчүн атайылап жасалган провокация деп ойлойм. Мени аябай ачуулантканы бул болду: Биз баарына, АКШнын өкүлдөрүнө, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө дагы бир нече ирет сунуштаганбыз, «эксперттериӊерди, юристтериӊерди жибергиле, Азимжан Аскаров боюнча материалдарды силер менен бирдикте дагы карап чыгууга даярбыз» деп. Кайсы бир бирикмелердин, бейөкмөт уюмдардын каттарына таянуу менен атайын ушундай чечим чыгаруу туура эмес. Бизде сот системи деген бар да?! Ошол эле бейөкмөт уюмдар, АКШнын мамлекеттик департаментинин чиновниктери «сот системи көз карандысыз болушу зарыл, президент кийлигишпеши керек» деп кыйкырып эле жүрүшөт. Ага карабай мына, үч жарым жылдан бери менин кандайдыр бир чечимим аркылуу соттун өкүмүнө кийлигишүүгө аргасыз кылууга аракет кылып келишти. Бул абсурд.
СӨЗ ЭРКИНДИГИ, СЫНДАР, КАРАЛООЛОР ТУУРАЛУУ
-Бир тууган агам инфаркттан көз жумду. ММКларга жарыяланып жаткан каралоолорду анын жүрөгү көтөрө алган жок. Бизде сөз эркиндиги эмес, оозго келгенди оттогондук өкүм сүрүп жатат.
«Вечерний Бишкек» гезитине келсек, Александр Ким өзү гезиттин 50 проценттик үлүшү Рябушкинге тиешелүү экендигин айткан материалдарды көрдүм, 2004-жылдын декабрындагы материал экен. Ал үч ай өтпөй бул тууралуу унутуп калып жатат. Эртеби-кечпи, чындык баары бир чыгат. Эгер бирөөлөр миллиондогон долларларды талашып урушуп жатышса, өз ара уруша беришсин да?! Президенттин агасын же башкаларды чатагына кошуп ууландыруунун кереги барбы? 1995-жылы КТРден «Атамбаев – элдин душманы» деп какшай башташкан. Ошонун айынан апам көз жумган.
Эгер сен бизнести чогуу баштаган өнөгүӊдү орто жолдон сатып кеткен болсоӊ, бир күнү жооп берчү күнүӊ келет. Ал айыбыӊды бирөөгө, болгондо да президентке жүктөөнүн кереги жок.
ҮРКҮН ТУУРАЛУУ
-Эгер мындай дата болбогондой түр кылсам, анда мен өзүмдү кечире алмак эмесмин, эл да мени кечирбесе керек эле. Ал окуяны геноцид же башкача деп атоону мен чечпейм. Бирок карапайым, эч кимге зыяны жок адамдарды массалык өлтүрүү фактысы болгон. Негизи, тарыхтын айрым барактарын жаап-жашыруунун кереги жок, жакшысы – ачык талкуулаш керек. Бул датаны белгилөө менен антиорустук маанай күчөйт деп чочулаган жокмун. 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 100 жылдыгын мамлекеттик деӊгээлде белгилөөнү туура кабыл алынган чечим деп эсептейм.
ЭКИ ТООНУН ЧӨБҮН ЭӉСӨӨ...
-Мен кээде таӊ калам. «Ата Мекен» бир буту менен бийликте, бир буту менен оппозицияда жүрөт. Менимче, адам деле талтайып көпкө чейин тура албайт. Негизи, ар бир саясатчы, ар бир партия жоопкерчиликти шайлоодо эл добуш бергенде алат. Ким түз баратат, ким ары-бери секирип ойноп жатат, эл көрүп турат. Менин Өмүрбек Чиркешовичке каалоом бар эле да, талтайбай эле түз жүргөн жакшы, адам болобу, партия болобу... Кыргыздын «эки тоонун чөбүн эӊсеген эчки ачкадан өлөт» деген макалы бар.
КОРРУПЦИЯГА ШЕКТЕЛИП КАМАККА АЛЫНГАН ДАНИЯР НАРЫМБАЕВ ТУУРАЛУУ
-Данияр Нарымбаев менен 3 жыл чогуу иштештик. Аппарат жетекчиси катары жакшы иштеди. Соттун жыйынтыгы чыкканга чейин бирдеме деп айтууга эрте. Данияр Ильич убагында сот системинде иштеген, арбитраждык соттун төрагасы да болгон. Албетте, Данияр Ильич менен сүйлөшүүлөрдө «мен баарын кечиришим мүмкүн, бирок уурулукту кечирбейм» деп айтып келгем. «Муктаждыктар болуп жатса, жакшысы – мага кайрылгыла» дечүмүн. Өткөндө «карызым бар» деп келгенинен акча да бергем.
Нарымбаев боюнча адаштым деп ойлобойм, аппарат башчысы катары жакшы иштеди. Бирок ар бир адамдын, өзгөчө мурунку режимдерде иштеп калган адамдын талуу жерлери болот экен. Данияр Ильич Жогорку Соттогулардын бир тобу менен чогуу иштеген. Албетте, башында эле бул ишти жаманатты болбоюн деп токтотуп койсом болмок. Чынын айтайын, атайын эле токтоткон жокмун. Билесиздер, убагында Акаев «коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти» деп айткан. Ак үйдү 7-кабатына чейин тазалаш керек. Нарымбаевдин окуясынан аппарат кызматкерлери жакшы эле тыянак чыгарышты деп ойлойм. Мен таза иштеп кетпесем, анда менден кийинкилер таза иштегенге көнбөйт. Ким уурдаса, кармаш керек. Ошондо баарына сабак болот. Мейли, мени сындагандар сындай беришсин, шыбай беришсин. Бирок мамлекет тазаланып жатат. Жок дегенде Ак үйдүн 7-кабаты, президент тарабы тазаланып жатат. Эгер буга чейин кимдир-бирөөлөр толук түшүнбөй келген болсо, эми уурулук боюнча эч кимди аёо болбосун билип калышты.
ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТ БҮТКӨНДӨН КИЙИН...
-Ордума бирөөнү коюп кетүү үчүн кандайдыр бир аракеттерди кылбайм. Мен жаӊы муундагы саясатчыларга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү көздөйм. Өзүмдүн алдыма коюп жаткан негизги милдетим – өлкөнү өнүгүү жолуна салуу. Эл кандай болсо, журт башы да ошондой болот. Андыктан өлкө башчысын эл өзү тандап алганы туура. Биз мүмкүнчүлүк түзүп берсек, элибиз татыктуу адамды тандап аларына көзүм жетет.
Ким келбесин, эл үчүн таза, так иштегенге аргасыз болот деп ойлойм. Анткени азыр бизде коом күчтүү. Президенттик мөөнөтүм бүткөн соӊ өзүмдү премьер катары да, спикер катары да көрбөйм. Жаӊы президентке тоскоол болгум келбейт. Тынч иштей берсин. Бир кездерде жазуучу болууну эӊсегем, бизнесмен болгум да келчү. Эми жөн гана эс алууну да эӊсей баштадым.
«КУДАЙ ЖОЛУНА КАНДАЙЧА КЕЛДИМ?»
-Жашоомдо баары сатып кетип, таптакыр жалгыз калган күндөрүм болгон. Бул боюнча тамашалап «мени сата албай тургандар эле сатышкан жок» деп калам. Балким, жалгыздыктан улам Кудай жолуна түштүм окшойт. Кудай – ааламдык аӊ-сезим, ааламдык энергия. Бүгүнкү диндердин башкы кемчилиги – алар динди Кудайдан өйдө коюп алышканында. Жер жүзүндө жашоо кайсы бир миллиард жылдан кийин жок болуп кетет, диндер дагы жок болуп кетет. Бирок Кудай кала берет.
ЭШЕКТИН ЭТИ ТУУРАЛУУ
-Евразиялык экономикалык биримдикке кирдик. Казакстандын чек арасын ачышын көпчүлүк күтүп жатат, аны билем. Казактар фито-санитардык, мал чарбалык коопсуздук боюнча тынчсызданып жатышат. Бир чети мен аларды да түшүнөм. Эшектин этине байланыштуу чуу менен биз атыбызды жакшы эле чыгарып алдык.
САЛЯНОВА «ШОК» КЫЛГАНДА...
-Кээ бир чиновниктер куйругунан алганда эле оппозиция болуп кетет. Аксакалдар келишет «Балам, коррупция менен күрөшкөнүӊ туура, абдан жакшы иштеп жатасыӊ, бирок бул биздин айылдын баласы эле. Ушуну жөн эле койбойсуӊбу» деп. Аларды түшүнөр элем, бирок Башкы прокурор «коррупция менен күрөшүү керек, бирок менин күйөөм менен эмес» деп чыкканда ачыгын айтыш керек, «шок» болгом.
КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ
-Эл коррупция менен күрөш жүрүп жатканына эми гана ишене баштады. Азыр деле ар кандай ушактарды таратып жатышат, «Күрөш тегиз жүрбөй жатат...» «Бул шайлоонун алдындагы оюндар...» жана башкаларды айтып. Андай эмес. Ким коррупцияга аралашкан болсо, анын иши далилденсе, демек, жоопко тартылат.
Мени сүйүнткөнү – эл ишене баштады. Эл ишенбесе, башкы прокуратуранын негизги башкармалык башчысынын үстүнөн арыз түшмөк эмес. «Нарымбаев коррупцияга шектелип жатат» деген арыз мага келмек эмес. Өзүӊөр деле элестетсеӊер, Акаев, Бакиевдерге минтип арызданып барышмак эмес.
ЖАШТАР ТУУРАЛУУ
-Адамды кызматка коюп жатканда бардык жагынан карап көрөм, адистигин, тазалыгын. Жаштар эле жакшы, улуулар жаман деп айта албайм. Ооба, улуу курактагы кадрлардын көпчүлүгү мурунку заманда иштеп калышкан. Ылай менен жүргөндөр ылайга жабышып калышат экен. Антейин десеӊ, Максим Бакиев деле жапжаш болчу да? Айдар Акаев дагы... Андыктан, менимче, кадрларды жашына карап тандабаш керек. Адам тазабы, ишин билеби? Мына ушул маанилүү.
Эльвира Караева
politika@super.kg