Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышына шайлоочулар 2015-жылдын 4-октябрь күнү добуш бермей болушту. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катыша турган партиялардан билдирүү каттарды кабыл ала баштады. 30-июлга карата мындай каттарды «Аалам», «Аруу эл», «Ата Мекен», «Ар-намыс», «Бир бол», «Демократия жана эркиндик үчүн», «Замандаш», КСДП, «Келечек», «Мекен ынтымагы», «Өнүгүү», «Республика-Ата Журт», «Союз», «Улуу Кыргызстан», «Эмгек-Бүтүн Кыргызстан» жөнөтүштү. Билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 2-августта аяктайт. БШК шайлоого сарпталчу чыгымдын көлөмүн 219 миллион 580 миӊ 400 сом деп бекитти.
Ошентип добуш берүү алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда старт алат. Ага чейин мыйзамга ылайык, партиялардын үгүт иштерине тыюу салынган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg