29-июль күнү Башкы прокуратура Улуттук онкология борборунун кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголгонун билдирди. Иш «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренелери боюнча ачылган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, текшерүү учурунда 2013-2014-жылдар аралыгында аталган ооруканада айыгып кете турган шишик жана онкологиялык эмес бейтаптардын дарылануусу үчүн көрсөтүлгөн акылуу кызматтан түшкөн киреше боюнча мыйзам бузуулар ачыкка чыккан. Баш-аягы мамлекет 7 миллион 483 миӊ сом зыян тарткан. Ушунча көлөмдөгү акча борбордун атайын эсебине которулган эмес.
«Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, залалдуу шишикти дарылоо мамлекеттин милдети болуп саналат жана Кыргызстандын залалдуу шишик дарты менен жабыркаган жарандарына дарылоо мамлекеттик мекемеде бекер жүргүзүлөт. Ал эми Улуттук онкологиялык борбор айыгып кете турган шишик жана онкологиялык эмес бейтаптарды акы төлөтүү менен дарылайт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg