Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союздун катарына кошулушу боюнча келишимди аталган биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн парламенттери бекитишти. Азыркы күнгө карата Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин аталган мамлекеттин парламенти ратификациялаган келишимге кол коюусу гана калды.
Эске салсак, ЕАЭСке мүчө – Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын парламенттери Кыргызстандын аталган союзга кошулушу тууралуу келишимди ратификациялаган соӊ гана документ күчүнө кирет.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg