ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КОСМЕТОЛОГИЯДА
ХАЙЛАЙТЕР – декоративдик косметикалык каражат. «Highlight» англисчеден «баса белгилеп көрсөтүү, биринчи планга алып чыгуу» деген маанини берет. Башкача айтканда, муну бетти сулуулантып, айрым бир бөлүктөрүн, мисалы, мурунду кырдуураак көрсөтүү, эриндердин контурун көзгө урунгудай кылуу же бырыштарды байкатпай коюу үчүн колдонушат. Билгичтик менен пайдалансаӊыз, жыйынтыгында жүзүӊүз жаркырап, жагымдуу көрүнүп калат. Хайлайтердин курамындагы жарыкты чагылдыруучу бөлүкчөлөр жүзүӊүздөгү бир бөлүктүн көбүрөөк көзгө урунуусун же, тескерисинче, байкалбай калышын камсыздайт. Баса, хайлайтер теринин кемчиликтерин жашыра албайт, эгер жүзүӊүздө кызыл тактар же безетки болсо, абайлаӊыз. Себеби туура эмес колдонуудан улам беттеги ар кандай тактар бадырайып көзгө урунуп калышы ыктымал.

СПОРТТО
ГЛОР же ГЛОРИХАНТЕР, «clory hunter» англис тилинен алынган, бизче «атак аӊдыган адам» деп которулат. Бул сөз футбол оюнунун алкагында пайда болгон жаӊы түшүнүк. Башкача айтканда, модага жараша же кайсы бир команданын популярдуулугуна карап күйөрман болгон адамдар. Глорлор бир командага берилип күйөрман болушпайт, эгер алар күйөрмандык кылып жаткан команда утула баштаса, аны таштап, утуп жаткан командага күйөрмандык кыла беришет. Чыныгы спорт күйөрмандарынын бирөө сизди глор дей деле коюӊуз.

КУРУЛУШТА
ТАУНХАУС – эки же үч кабаттуу, бир нече үй-бүлөгө ылайыкталган батирлери бар, бирок кирип-чыгуу эшиктери ар башка болгон үйлөр. Башкача айтканда, таунхауста жалпы подъезд болбойт. Таунхаустар көбүнчө Европада кеӊири таралган. Адатта андагы ар бир батирдин өзүнчө унаа токтотуучу жайы, кичине бакчасы болот. Таунхаус англис тилиндеги «townhouse» деген сөзүнөн алынып, ал «шаардагы үй» деген түшүнүктү берет. Акыркы убакта Бишкектин тегерегинде таунхаус деп аталган үйлөр көп курула баштады. Алардын көрүнүшү да көзгө толумдуу. Бирок айрым мамлекеттердеги тажрыйбаларга таяна турган болсок, таунхаустар өтө эле көп курулуп кеткен аймак атайын бир аскер гарнизонундай Көрүнүп калганы бар.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
A_l_i_b_e_k
2015-08-05 01:08:32
болельщиктер жакты. )))
0
№ 665, 31-июль-6-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан