АТАКТУУЛАР БАЛДАРЫН МЕКТЕПКЕ ДАЯРДАШУУДА

Окуу мезгили жакындаган убак. 1-сентябрда үйдөгү кичинекей жөжөлөр ак бантигин тагынып, колуна гүл кармап мектеп босогосун аттоо алдында турат. Быйыл кайсы атактуулар балдарын мектепке даярдашууда жана кайсы мектепте балдарын окутууга ишенишет, сурап көрөлү.


Мирбек Иманбеков: «АРУУКЕ БАРДЫК САБАГЫНАН ЖАКШЫ ОКУП БИЗДИ КУБАНТЫП ЖАТАТ»
– Кызым Арууке 4 ай 1-класска даярдоо курсунда окуду. Окууга дилгирлиги күч. Чоӊойгондо дарыгер болом дейт. Буюрса, мамлекеттик эле мектепке барат. Азыр бардык сабагынан жакшы окуп бизди кубантып жатат. Өткөндө мугалими ырдай ала турган кыздарды доскага чыгарып, Арууке ырдаганда классындагылардын баары кол чааптыр. Аны азыркыга чейин айтып бүтө албай жүрөт. Кызымдын атасы ырчы экенин азырынча эч ким биле элек, 1-сентябрда өзүм алып барам, ошондо таанышат болушу керек. Жакында кызым «ата, эжей жакшы окугандарды артка отургузуп, жаман окугандарды алдыӊкы партага отургузуп жатат, мен дайыма арткы партада отура беремби?» деп капа болуп алыптыр.

Эмил Балтагулов: «КЫЗЫМ МЕКТЕПКЕ БАРЫП ЭЛЕ КОНЦЕРТ КОЁМ ДЕЙТ»
– Быйыл кичүү кызым Мадина 1-класска барат. Өзүбүз жашаган Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектепке берип жатабыз. Кызым мурун окубайм дей берчү, азыр тескерисинче «качан 1-сентябрь келет, качан мектепке барам?» деп күтүп жатат. Өзү ырга шыктуу, «мектепке барып эле концерт коём» дейт.
Мадинанын бармагын соро бермей адаты бар, ошону такыр калтыра албай келебиз. «Кызым, мектепке баргыча ал адатыӊды калтыр, болбосо классташтарыӊ шылдыӊдайт» деп жатам. Анан тамгаларды, сандарды тескери жаза берет. Жазууга колу көнүп үйрөнмөйүнчө адаша берет окшойт. Улуу кызым Амина 1-класска барганда чоӊ ата, чоӊ энеси болуп баарыбыз барып сүрөткө түшүп келдик эле. Быйыл Мадинаныкында да ошентели деп жатабыз.


Камчы Сарыбаев: «ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПКЕ БЕРСЕӉ МАКТАЙ ЭЛЕ БЕРИШЕТ»
– Уулум Барсбекти быйыл мектепке өзүм алып барам. «Жеке менчик мектепке берем, өзүнчө мугалим жалдайм» дегендин эмне кереги бар, өкмөттүн эле мектебине берем. Жеке менчик мектепте окуган инилерим бар, чогулушуна барып калсаӊ мактай эле беришет. Мактоо баланы көптүрүп салат. Менимче, билим берүүдө еврейлердин тарбиясын колдонгонубуз жакшы, бирок кыргыздардыкына жетпейт.
Балам 4-5-класста окуп калганда жөндөмүнө ылайык ар кандай ийримдерге берем деп турам. Бирок уулум атасын тартып актёрлукка жакын, бирөөнү туурап басып күлдүргөнү менин эле көчүрмөм. Азыр 1-класска даярдоо курсуна барып жатат, ал жактан бир кыз жагып калыптыр, ошого бир да жолу сабагын калтыра элек.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Mediziner
2015-08-24 10:55:51
Камчы Сарыбаевдин баласы "шустрый" окшойт)
+3
kirgizstan
2015-08-24 11:21:49
Эмил Балтагулов кызым бармагын сорот дейт бирок калтыруу кыйын. Себеби бир эжебиздин баласы жети сегизде окуп калганда да бармагын соро берчу. Азыр билбейм калганбы
+1
KYRGYZJERI
2015-08-24 11:42:30
Мындан 10 жыл мурун бир уйдо апам беш баланы, тагыраак айтканда бизди мектепке озу жалгыз даярдачу эле.
Сентябрга кам коруп жайы бою картошка жер жемиштерди багып анан кузундо кийим, мектеп жабдыктарын алганга бир топ чыгым кетчу.
Мектепке барган коп балалуу ата-энелерге бир топ кыйын болсо керек.
Баланы мектепке камдоодо канча каражат жумшалат кызык болуп кетти
+5
AFRODITA-89
2015-08-24 22:54:46
иий ушул Мирбекти аябай суйомго коруп алып бир суйунуп алдым кызы да озуно окшогон жагымдуу сулуу экен жакшы окуп кооп ийгиликтерге жетишсин а Мирбек болсо сагындырып эле журо берет качан дагы чыгар экен деп кутом ырлары болсо эн соонун молодец мырзада, Камчынын баласы приколныйго озуно окшоп...
+1
Meka77
2015-08-24 23:45:01
Эмил Балтагуловдун кызынын колун соргону калып кетээр.
0
chika-chika88
2015-08-25 03:48:21
Мен да бармагым сорчуу элем. Ал адат калып кетет кыжалат болбосо деле болот Эмил байкебиз.
0
Swallow
2015-08-27 09:42:32
Мирбек жаны ырларды жаратпай калды го, атккарган ырлары абдан уккулуктуу,чыгармачылыгын баалайм.
0
Nur.88
2015-08-28 18:09:39
Эмил Балтагулов суйуктуу ырчым.
+1
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан