«АТА МЕКЕНДИН» АЛДЫӉКЫ ТИЗМЕСИНДЕ КИМДЕР БАР?

Өткөн аптада Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Ата Мекен» саясий социалисттик партиясынын Х съезди болуп өттү.
Иш-чарада «Ата Мекен» партиясынын тарыхын жана 5 жылдык ишмердигин чагылдырган фильм көрсөтүлүп, партиянын лидери Өмүрбек Текебаев доклад жасады. Ал өз докладында дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө жана анын алкагында Кыргызстан баштан кечирип жаткан саясий урунттуу окуяларга баа берип, партиянын 5 жыл ичинде жасаган иштерине жана алдыда жасала турган иш-аракеттерге токтолду. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин «Ата Мекен» социалисттик партиясы мыйзамдуу бийлик органдарын калыбына келтирүү милдетин өз моюнуна алып, Баш мыйзамдын жаӊы редакциясы кабыл алынгандыгы белгилүү.
«Ата Мекендин» партиялык курулушу тууралуу Ө.Текебаев: «Биз партиядагы авторитаризмди, партия жетекчилеринин өзүм билемдигин жоёбуз. Баш калаада жана аймактарда жаӊы лидерлердин чыгышына өбөлгө түзүү максатында партиялык турмушту борборлоштурууну азайтабыз. Партиялык уюмдардын демократиялык принциптерин бекемдеп, партиялар ортосунда, ошондой эле партиялардын ичиндеги саясий коррупцияга каршы (жеӊ ичинен соодалашуу, кызмат орундарын сатуу жана башка) күрөшөбүз»,- деди. Партиянын алдыга койгон максаттарынын катарында калктын турак жайга болгон укугу, жаӊы турак жай программасы, спутник шаарлар жана башка маселелер бар. Кыргызстанда 300 миӊ үй-бүлөнүн өз үйү жок. Партиянын лидери белгилегендей, жүз миӊдеген адамдар туруктуу жарыгы, суусу, канализация жана башка заманбап ыӊгайлуулуктары жок жер тамдарда күн кечиришип, өткөн кылымдын жашоо-шарттарында жашашат.
Ушундай үрөй учурган көрүнүшкө карабастан мамлекет 24 жылдан бери турак жай курулушунун бирдиктүү мамлекеттик программасын бекитүүгө жараган эмес. Докладчы өз сөзүндө: «Биз эмне үчүн турак жай маселесин приоритеттүү деп эсептейбиз? Себеби турак жайдын жоктугу башка бардык укуктарды жокко чыгарат»,- деди.
Андан кийин экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экс-баш прокурор Аида Салянова, «Айтыш» студиясынын жетекчиси, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, Жогорку Кеӊештин депутаты Наталья Никитенко, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев жана башкалар чыгып сөз сүйлөштү.
Съездде партиянын төрагалыгына кайрадан Текебаев шайланып, ал өз сөзүндө 2019-жылы партиянын лидерлигин татыктуу жаштарга өткөрүп бере тургандыгын айтты. Иш-чарада партиянын 120 адамдан турган саясий кеӊеши шайланып, ошондой эле Жогорку Кеӊешке «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмесинде бара турган талапкерлер аталды. Алардын алдыӊкы сабында Өмүрбек Текебаев, Садык Шер-Нияз, Мелис Мырзакматов, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Жоомарт Оторбаев, Жоомарт Сапарбаев жана башкалар бар.
Бул арада «Ата Мекен» партиясынын тизмесиндеги алдыӊкы орундарды ээлеген айрым талапкерлердин айланасында «Күчтүү Кыргызстан» партиясынын саясий кеӊешинин мүчөсү Расул Умбеталиев партиянын «Ата Мекен» менен кызматташуусуна каршы пикирин билдирип, «партиянын лидери Аида Салянова кызматташуу тууралуу чечимди жалгыз кабыл алган» деп айыптап чыкты. Анын мындай пикирине «Күчтүү Кыргызстан» саясий партиясы «Ата Мекен» партиясы менен кызматташуу тууралуу чечим партиянын саясий кеӊеши тарабынан 2015-жылдын 4-августунда кабыл алынган» деген жооп кайтарды.
«Ата Мекен» партиясынын тизмесинде үчүнчү сап менен шайлоого бара турган Мелис Мырзакматовдун айланасындагы окуялар дагы коомчулуктун көӊүл борборунда. Жактоочусу белгилегендей, Ош облустук соту Мелис Мырзакматовго тийиштүү кылмыш иши менен коомчулукту адаштырууда. Буга чейин Мелис Мырзакматовго тиешелүү ордунан жылбаган кылмыш иши «Ата Мекен» менен «Улуттар биримдиги» өз ара кызматташууга кол койгон учурдан баштап тездетилип, мурдагы мэр сыртынан соттолгон эле. Анын «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде шайлоого бара тургандыгы маалым болору менен Ош облустук соту Мелис Мырзакматов боюнча ишти карап, шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул арада облустук соттун имаратынын алдына Мырзакматовдун тарапташтары чогулуп митинг өткөрүштү. Мырзакматовдун жактоочулары облустук соттун курамына ишенбөөчүлүк жарыялап, Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун аракетине баа берүү боюнча өтүнүчтү Конституциялык палатага жиберишкен. Буга карабастан Ош облустук сотунда Мырзакматовдун иши каралып, жактоочулары Ош облустук сотуна ишенбөөчүлүк жарыялап чыгып кетишти. Мырзакматовдун жактоочусу Чынара Жакыпбекованын маалыматына караганда, бул соттук процесс мыйзам боюнча облустук сотто эмес, Жогорку Сотто каралышы керек болгон. Бирок «Ата Мекендин» алдыӊкы тизмеси менен шайлоого бара турган Мелис Мырзакматовдун айланасындагы окуялар мыйзамды дагы аттап кетүүгө негиз түзүп жаткандай.
Жыйынтыктап айтканда, «Ата Мекен» партиясынын юбилейлик Х съезди партиянын алдыга койгон максаттарын, программаларын гана аныктабастан, өлкөдөгү саясий окуялардын чордонуна айланды.

Айжамал Туратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Pantherka
2015-08-24 15:37:48
Салянова тороп алса керек ээ, ичи жок го ...
0
bektursun2010
2015-08-25 21:57:59
жаштарга азыр еле бербептир да
0
Amir201519
2015-08-26 16:36:47
Бийликтин баркы кетип жатканын билдирди Омурбек Черкешович.
0
vrach
2015-08-28 00:17:36
молодец кылмышкерлерди озуно кошуп алыптыр
-1
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан