ДИСК ЫРГЫТУУ ЖЕ ФРИСБИ

Эл аралык Олимпиада комитети жыл сайын жаӊы оюн түрлөрүн спорт катары таанып, аны Олимпиада оюндарына кошуп келет. Өткөн жумада жаӊы оюн – фрисби Токио-2020 оюндарына кошулуп калуусу мүмкүн экени маалым болду. Бул макалада аталган жаӊы спорттун чоо-жайын териштирип, кызыктарын бирге изилдеп көрөлү.

ФРИСБИ
Фрисби
– диск ыргытуу оюну. Анда оюнчулар бири-бирине оюн шайманын (диск) ыргытып, эӊ көп упай чогултканы жеӊишке жетишет. Бул оюндун башка спорт түрүнөн айырмачылыгы – калыстардын жоктугу жана «оюн жүрүшүн талдоо» деген түшүнүктүн болушу.
«Тарелка ыргытуу» оюнун Эл аралык Олимпиада комитети кезектеги кеӊешинде расмий түрдө спорт деп таанып, эми бул спорт федерациясына каражат бөлүнө баштайт. Мындан тышкары фрисби федерациясы Дүйнөлүк чемпиондуктарды өткөрүүгө жана Олимпиада оюндары катары бааланууга ири мүмкүнчүлүк алды.
Аталган оюндун ылдам өнүгүүсүнүн себеби – аны бардык курактагы адамдар ойной алгандыгы жана ал үчүн физикалык жактан даяр болуу мааниге ээ эмес экендиги. Оюн үчүн атайын талаа деле керек эмес, үйдүн короосу же сейил бакка деле ойной берсе болот.
Диск ыргытуу байыркы Грецияда эле пайда болгону айтылып келет. Ошондой эле алгачкы Олимпиада оюндарында, тактап айтканда, 1896-жылы 2 килограммдан ашык дисктерди ыргытуу боюнча мелдештер өткөрүлгөн.
Ал эми азыркы фрисби – учкан дискти 1947-жылы калифорниялык уста Уолтер Моррисон ойлоп тапкан. Анын алгачкы диски анчалык жакшы уччу эмес. Моррисон бара-бара дисктин формасын өзгөртүп, учканга ыӊгайлуу кылып жасайт. Жыйынтыгында 40-жылдардын аягында уста оюнчук катары бир канча миӊ дисктерди сатууга жетишет. 1956-жылы «Wharm-O» компаниясы бул шайманды Моррисондон сатып алып, АКШга «жаӊы оору» – дискти жайылткан.
Диск ыргытууну командалык оюн катары АКШнын Колумбия штатында мектеп окуучулары ойной башташкан. Бул оюн бат эле АКШга тарап, 1968-жылдан тарта мелдештер уюштурула баштаган. Командалык диск ыргытуу оюнун алтимат фрисби деп атап коюшат.

ОЮН ЭРЕЖЕСИ
Оюндун эрежеси регби жана америкалык футболдукуна окшош. Оюндун негизги максаты – дискти пас аркылуу атаандаштын бөлүгүнө жеткирип көп упай чогултуу. Оюн төрт бурчтук талаада өтүп, эки бөлүктөн турат. 17 упайга чейин жүрөт.

НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕР:

  • Көчөдөгү алтимат фрисби оюнун 7 оюнчудан 2 команда ойнойт. Ал эми залда же кумдуу талаада оюнчулардын саны 5тен ашпашы шарт.
  • Упай алуу үчүн атаандаштын бөлүгүндө турган оюнчу өнөктөштөн келген дискти тосуп алуусу керек.
  • Оюнчуга диск менен чуркоого болбойт.
  • Дискти бири-бирине пас аркылуу гана өткөрүп берүү керек.

ОЮНДУН НЕГИЗГИ ТЕРМИНДЕРИ:
«Оюн жүрүшүн талдоо» (Spirit of the Game) – калыстардын жоктугуна байланыштуу эреже бузган спортчу өзү эреже бузгандыгын билдириши керек.
«Стек» – оюн тактикасы. Оюн жүрүшү үчүн талааны бошотуу.
Оюндун жүрүшүндө өзгөчө диск ыргытуу техникасына көӊүл бурулат. Диск ыргытуунун бир канча өзгөчө техникасы бар. Алардын негизгилери:

Бекхэнд – колдун сырткы бөлүгү менен ыргытуу. Дискти ылдам айлантып ыргытууга ыӊгайлуу.

Форхенд – катуу жана тез ыргытуу. Алакан алдыга карай кыймылдайт.

Хаммер – колдун учу менен ыргытуу.

Дискти тосуу – ыргытуу эки алакан менен ашырылат.
 

Алтимат фрисби оюнчуларынын жакшы көргөн учкул сөзү: «Оюндагы эӊ оор кыймыл – бул дискти жерге коюу». Бул фрисбиге берилген оюнчу оюндан чыккысы келбейт дегенди түшүндүрөт.

ФРИСБИ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:

• Дисктин диаметри 27,5 сантиметр, салмагы – 175 грамм.
•Дүйнө жүзү боюнча фрисбинин диски бейсбол, футбол, баскетбол топторуна караганда көп сатылган.
• Кезинде АКШнын деӊиз аскер флоту фрисби дисктерин курал кылып пайдалануу үчүн 400 миӊ доллар короткон. Жыйынтыгы натыйжа берген эмес.
• Изилдөөлөргө караганда, АКШнын жашоочуларынын 99,8 пайызы фрисби эмне экенин билет. Ошондой эле 90 пайызы дискти өмүрүндө бир жолу болсо да ыргытып көрүшкөн.
• Эӊ алыс ыргытылган диск 255 метрди түзгөн.
• Профессионал спортчунун ыргыткан дискинин ылдамдыгы саатына 70 чакырымга чейин жетет.


Учурда Олимпиада оюндарында 28 (41 дисциплина) жайкы жана 7 (15 дисциплина) кышкы спорт түрү ойнолуп келет. 2016-жылкы оюндарга жаӊыдан гольф жана регби түрү кирип жатса, 2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына шахмат көргөзмө спорт түрү катары кирүүдө. Мындан тышкары 33 спорт федерациясы (арасында фрисби федерациясы да бар) 4 жылда бир өтүүчү оюндарга кирүү үчүн аракет көрүшөт.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mani
2015-08-24 22:46:20
Даа эмне деген оюндар Олимпиадага кирип баратат? Тушунбойм эч
+1
AFRODITA-89
2015-08-24 23:33:41
сонун оюн мага жаккан ойногом мен кооп жыл мурун жаш кезде бойдокчулукта лагерде
-1
boris8907
2015-08-25 13:08:07
AFRODITA-89,2004-жылы кызыл ункур деген лагерде ойногонсунбу? Менда ошол лагерде журуп ойногом биринчи жолу аябай кызык оюн.
0
AFRODITA-89
2015-08-25 20:45:05
boris8907,жок мен 2008 беле же 2009бу унтуп атам Ысык-Колдун Жети Огузундогу лагерде ойногом, Польшалыктар менен болгон лагер
0
88inara88
2015-08-27 00:54:02
Жаш кезде бизда ойночук.уйдогу илгерки дисктерди топтоп алып кочо менен бир болуп кыйкырышып.эх ошол сонун кундор кайда калды.
0
nurik903
2015-08-27 17:08:23
perfect
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан