Парламенттик шайлоого катышуу боюнча БШКга билдирүү каттарын жиберген партиялардын катары суюла баштады. Анын ичинен «Ыйман нуру», «Улут ордо» менен «Эркиндик жана демократия» партиялары шайлоого катышпай тургандыгын билдиришти.
Ал эми шайлоого билек түрө киришкен партиялар Боршайкомго талапкерлеринин тизмесин тапшырып жатат. Биринчи болуп «Ата Мекен», кийин «Бир бол», «Ар-намыс», «Өнүгүү-Прогресс» тизмесин каттоо үчүн жеткирди. Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо 4-сентябрда аягына чыгат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg