28-сентябрда түнкү саат 3төр чамасында талибдер Ооганстандын Кундуз шаарына кол салышкан. Ал күнү кечинде согушкерлер шаардын теӊ жарымын өздөрүнө каратышса, эртеси толугу менен басып алышкан. Учурда шаардын борборунда согушкерлердин желеги желбиреп турат. Мындан тышкары талибдер шаардагы түрмөдө отургандардын бардыгын эркиндикке чыгарып жиберишкендери да айтылууда. Дүйнө коомчулугу Кундузду басып алуу согушкерлердин 14 жылдагы алгачкы чоӊ ийгилиги катары баалашууда. Мындан соӊ Ооганстандын өкмөттүк аскерлери шаарды бошотуп алуу үчүн согушкерлерге каршы чабуул баштаганы кабарланган. Соӊку маалыматтарга таянсак, өкмөттүк армия талибдерден шаардык түрмөнүн жана провинциянын полиция башкармалыгынын имаратын кайтарып алышты. Буга кошумча АКШнын согуштук учактары да согушкерлерге абадан сокку урганын НАТО билдирүүдө.
Айта кетсек, Кундуз шаарынын калкы 100 миӊден ашуун жана шаар аркылуу бир катар стратегиялык жолдор кесилишет. Ал эми провинциянын өзү Тажикстан менен чектешкендиктен, согушкерлерден коӊшулаш тажик туугандар да чочулап турган чагы.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg