ОМУРТКА ГРЫЖАСЫ ОСТЕОХОНДРОЗДОН, ООР КӨТӨРҮҮДӨН ПАЙДА БОЛОТ

«Белимде грыжам бар, бутум жакшы иштебей баштады. Врачтарга барсамбы же «костоправтаргабы?» дегендерди угуп эле жүрөбүз. Бул оору эмнеден улам көбөйүүдө? Айыктыруунун кандай жолдору бар?

МОЮН, КӨКҮРӨК, БЕЛ-ЧЫЧАӉ ГРЫЖАСЫ ДЕП БӨЛҮНӨТ
Жаныш Сулайманов, Бишкектеги ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, ортопед-вертебролог.
– Адамда 7 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел-чычаӊ омуртка бар. Алардын ортосунда узунунан жүлүн кетет. Омурткалардын каналдары (тешикчелери) аркылуу жүлүндөн нервдер чыгып, өзүнө тиешелүү органдарды иштетет. Моюн омурткаларынан чыккан нервдер кол, көз, тиш, мурун, ооз, калкан сымал безди иштетип, баш мээдеги кан айланууну көзөмөлдөйт. Көкүрөк омурткаларынан чыккан нервдер борбордук нерв жана гормоналдык системди иштетет. Ошондой эле жүрөк, өпкө, боор, өт, бөйрөктүн, ашказан-ичегинин иштөөсүнө катыштыгы бар. Бел-чычаӊ омурткалардан чыккан нервдер буттарды иштетип, жыныстык органдардын, табарсыктын кан айлануусун көзөмөлдөйт.
Ал эми омурткалар арасында кемирчектер жайгашкан. Алар фиброздук шакекчелерден турат. Анын ортосунда килкилдек масса (пульпоздук ядро) бар. Грыжа деген ошол фиброздук шакекче жарылып, ичиндеги массанын жүлүндү көздөй агып, омуртка каналдарынан чыккан нервдерди кысып калганы. Жайгашкан ордуна карата моюн, көкүрөк жана бел-чычаӊ грыжасы деп аталат.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Моюн грыжасында баш, желке, моюн ооруйт. Кол чымырап уюп, бара-бара жакшы көтөрүлбөй калат, булчуӊу кичирейет. Көкүрөк грыжасында борбордук нерв жана гормоналдык системдин иштөөсү бузулуп, оорулар жаралат. Ошондой эле жүрөк, өпкө, боор, өт, бөйрөк, ашказан-ичегиде оорутуу пайда болот. Грыжасы бар экенин билбегендер тигил же бул жерим ооруп жатат деп дары иче бериши мүмкүн.
Бел-чычаӊ грыжасында бут ооруп, уюп, чымырайт. Бара-бара жакшы иштебей баштайт. Адам бат-баттан заара ушатып калат. Эркектердин бел күчү начарлайт. Грыжа омуртканын сол тарабында болсо, анда оорутуу сол бутка, оӊ тарабында болсо оӊ бутка берет. Кокус грыжа омуртканын ортосунда болсо, анда оорутуу 2 бутка теӊ берет.

ФИБРОЗДУК ШАКЕКЧЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАРЫЛАТ?
Себептери:

Остеохондроз. Бул оору кемирчектердеги зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Буга көбүнчө дамамат бир орунда жылбай отуруу себеп болот. Зат алмашуунун бузулушунан кемирчекке азык заттар керектүү деӊгээлде барбай, ал бара-бара кургап, жарылат.
Ар түрдүү жаракаттар (жол кырсыгы, бийиктиктен кулоо жана башка)
Айрым оорулар (рак, бруцеллёз жана башка)
Тубаса патология. Бала ичтен грыжа болуп туулат.
Оор жүктү көп көтөрүү.

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ
Консервативдүү дарылоо
Грыжанын өлчөмү 4-5 миллиметрден ашпаса жана оорутуу адамды анча кыйнабаса, анда дарылоо жүргүзүлөт. Ага физиодарылоо, ийне терапиясы, дары-дармек берүү, дарылык физкультура, укалоо сыяктуулар кирет. Кийин ооруган сайын келип дарыланат. Эгер адам оор көтөрбөй, врач сунуштаган көнүгүүлөрдү жасап жүрсө, грыжаны өстүрбөй кармап турууга болот.

Операция ыкмасы
Эгер кол же бут иштебей, майып болуп калуу коркунучу жаралса, операция жасалат. Биз кемирчекти кырып, грыжаны алып чыгуу ыкмасын колдонобуз. Кемирчек
кырылган соӊ омурткалар жылып кетпеши үчүн атайын пластинкалар менен кадалат.
Учурда остеохондроздон жабыркагандар жана оор жумушта иштегендер көп, ошондуктан грыжага кабылгандардын саны өсүүдө. Айрымдар элдик дарыгерлерге көрүнүп жүрө берип, колу же буту иштебей калганда келишет. Андай кезде операция да жардам бербей, адам өмүр бою 2 буту иштебей, майып болуп калат. Укалоо, көнүгүү жасап жана ийне терапиясы убактылуу жардам берет, бирок грыжаны кетире албайт. Андыктан врачтарга гана кайрылып дарылануу зарыл.

АЛДЫН АЛУУ

Остеохондроз бар болсо, убагында дарылануу
Оор жүктөрдү көтөрбөө
Көбүрөөк кыймылдоо
Ашыкча салмактан арылуу
Жаракатка кабылуунун алдын алуу жана башка

ЭЛДИК ДАРЫГЕРЛЕР КАНТИП ДАРЫЛАШАТ?

«КЕМИРЧЕК ӨЗҮНӨ КЕЛГЕН СОӉ ГРЫЖА АРТКА ТАРТЫЛАТ»
Съездбек Рахматов, массажист-хиропрактик.
– Биз мануалдык терапияны, физикалык көнүгүүлөрдү жана укалоону колдонобуз. Көнүгүүлөрдү жасоо жана укалоо аркылуу омурткадагы чыӊалган булчуӊдарды жибитип, кысылган нервдерди, тарамыштарды бошотобуз. Кемирчекке да азык заттар бара баштап, ал иштөөсүн жакшыртат. Кемирчек өзүнө келген соӊ грыжа артка тартылууга өтүп, оорутуу азая баштайт. Дарылоо курсу 15 күн. Кээ бирлер 2-3 курс алышат.

«КӨНҮГҮҮЛӨР МЕНЕН АЙЫГУУГА 98 ПАЙЫЗ КЕПИЛДИК БАР»
Медер Бишкек (Итибаев), чыгыш медицинасы боюнча адис, тайцзи чебери, медициналык орто билими бар.
– Биздин борбор грыжаны айыктырууда Император-каган укалоосун, цигун жана йогатерапиясын, тайцзи (тайцзицюань) көнүгүүлөрүн колдонобуз. Жана нейрохирургдар, ортопед врачтар менен кеӊешип иш жүргүзөбүз. Жыйынтыгында грыжаны операциясыз айыктырууга 98 пайыз кепилдик беребиз. Дарылоо курсу грыжанын чоӊ же кичинесине жараша чечилет. Бизден үйрөнгөн көнүгүүлөрүн адам өмүр бою колдоно алат.

«МЕНИН ЫКМАМДА МАЙДА ГРЫЖАЛАР СОРУЛУП КЕТЕТ»
Кабылжан Юлдашев, тибет медицинасы боюнча адис.
– Мен грыжаны дарылоодо ийне терапиясын, укалоону жана дары майды колдоном. Алгач ооруган жерди майлап, укалайм. Мындан омуртка, байламталар бошоп, жибийт. Кемирчекте зат алмашуу жакшырат. Ийне саюу менен нервдерди иштетем. Ошентип акырындык менен кемирчек калыпка келип, кичине грыжалар сорула баштайт. Дарылоо курсу 10 күн. Чоӊ грыжаларды кетирүү кыйын. Акысына мынча дебейм, ар ким колунан келгенин берет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
omka100514
2015-10-05 13:03:11
супер инфо спинномозговая грыжа, гидроцефалия жонундо да жазгылачы
+1
admin_superstan
2015-10-06 10:35:59
omka100514, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
0
dubai
2015-10-06 05:21:21
Тиги Сокулуктагы чечен-костоправдан да интервью алып койсонор болмок,мен ошондон айыккам.
0
enka
2015-10-06 17:06:02
Телефон номерлерин же адрестерин калтырып коюшса жакшы болот эле
0
secret8BMW
2015-10-06 18:11:34
Саламатсыздарбы Супер Инфо Медер Бишкек агабыздын адресин же телефонун бере аласыздарбы кандай жолугуп дарылана алабыз?Алдын ала рахмат.
0
Nuraiym.marasilova
2015-10-06 18:17:07
Бизде Кыргызстанда "физиотерапевт" деген тушунук жок болгондуктан, массажисттер даарылайт, а башка онуккон мамлекеттерде операциалык даарылоодон кийин сразуле физиотерапевттерге жолдомо беришет, буйруса бизге да ал келет деп ойлойм
0
kilim
2015-10-09 17:40:54
номерлерин же адресин кошо жазгыла сураныч
0
mirlanchik9
2015-10-10 15:57:16
Супер инфо Сиздерден сураныч комментарии Берген врачтардын адресин бере аласыздарбы?
+1
kuba-kg1987
2015-10-11 00:00:28
Грыжаны кантип аныктайт?
0
mirlanchik9
2015-10-11 15:59:28
kuba-kg1987, Невролог же терапевт алар направления берет МРТ. Диагноз МРТ снимок болот ошого карап врач диагноз койот.
0
kilim
2015-10-11 14:34:41
ооба каментарии берген врачтардын адгесин же тел номерин бере аластарбы сураныч
0
Mambet1984
2015-10-12 09:22:42
Кеминдин Боролдой деген жеринде Женя деген костоправ пар ошол да жакшы жардам берет телефону 0555094484
0
Mambet1984
2015-10-12 09:25:47
Кеминдин Боролдой деген жеринде Женя деген костоправ бар ошол да жакшы жардам берет телефону 0555094484
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан