Дүйнөдөгү эӊ сулуу аялзаты – бул кош бойлуу айымдар. Алардын бири ажарына чыгып, бүгүн-эртеӊ көз жарам деп турган ырчы Анжелика менен баарлаштык. 3-наристесин күтүп жаткан бул айым жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маек курду.
– Кандайсыӊ, Анжелика? 3-наристеӊди күтүп жатасыӊ. Кош бойлуу кезиӊ кандай өтүп жатат?
– Жакшы, чыгармачылыктын үстүндө өзгөчө өтүүдө. Февраль айынан бери гастролдо жүрөм. Ош, Баткенге чейин барып келдим. Бүгүнкү күнгө чейин үгүт иштерине катышып жатам. Балам курсагымда эле жүрүп менин ырларымды жаттап бүттү го (күлүп). Баары «наристеӊ сөзсүз бийчи же ырчы болот» деп тамашалап жатышат. Кудайга ыраазымын, кош бойлуулугум жакшы өтөт. Ысып, суусаганым болбосо, бир нерсеге талгак болуп кыйналбайм.
– Ай-күнүӊө жетип калсаӊ, балага зыяны тиет деп кооптонбой элесиӊби?
– Ден соолугум жакшы болгонунан кооптонгон жокмун. 40 мүнөттүк жол жүрүп Ошко самолёт менен барып келгеним болбосо, унаа менен узак жолдо жүргөн жокмун. Учурда Бишкек шаарындагы үгүт иштерине катышып жатам. Концерт көп убакытты албайт. Балким, үйдө отурсам буулугуп кетмекмин. Күндө боёнуп, жасанып элдин алдында ырдоо мага стимул берүүдө.
– Наристенин ким болушун тилек кылып жатасыӊ?
– 2 кызыбыз бар экенин билесиздер. Улуусу Айыма 2-класста окуйт. Кичүүбүз Элима 5 жашта. Элимага «уулбу же кызбы, курсагыма башыӊды жөлөп сурасаӊ?» деп калам. Ал «Мен кыз болушун каалайм. Анткени аны жумшайм, чачын тарайм. Эмнеге Айыма эле мени жумшай бериши керек?» дейт. Жолдошум экөөбүз кыз же уул деп күткөн жокпуз. Кудайым 5 жылдан кийин наристе берип жатат. Анын аман-эсен төрөлүшү маанилүү. УЗИге барганда «ымыркайдын жынысын айтпагыла, мен үчүн ден соолугу башкы орунда» дейм. Эгер уул төрөлүп калса, Умар деген ысымды камдап койдук. Ал эми кыз болсо, эки кызымдын аттарына уйкаштырып ысым тандайбыз.
– Кайда барба сени жолдошуӊ жандап жүрөт. Мындан улам «бийлик Анжеликанын колунда» дегендер да жок эмес...
– Мен жолдошума баш ием. Атабыздын сөзүн эки кылбашыбыз керек. Муну кыздарым да билишет. Эгер аял тыӊ болсо, балага жакшы тарбия берет, жолдошун да жакшы карайт, иштейт. Акыркы учурда жолдошумдун жанымда көп жүргөнүнүн себеби кош бойлуулугума байланыштуу. «Бир нерсе болуп кетсечи» деп кооптонуп, мени эч кимге табыштай албайт. Менин жанымда жүргөндө анын жүрөгү тынч болот.
– Маегибиздин нугун чыгармачылыкка буралы. Сен тууралуу биографиялык тасма тартылып жатканын укканбыз. Ага качан күбө болобуз?
– «KG club» долбоору тарабынан тасмага тартылуу сунушу түшкөн. Сценарийи менин жашоомо окшошуп кетет экен. Фильмде ырчы айымдын сахна артындагы кыйынчылыктары, сүйүнүчү, кайгысы баяндалат. Менин каарманымдын апасынын ролуна актриса издеп, келбети жагынан окшошун таппай койгонбуз. Апамдын актриса болом деген кыялы бар болчу. Ал бул тасмага чейин эле аталган долбоордун кастингине барган эле. Тартуучу топ «сага апа таптык» деп өзүмдүн апамдын сүрөтүн көрсөтүп жатышпайбы (күлүп). Ал «50 жашта болсоӊ да кыялыӊ орундалат турбайбы» деп кубанды. Ошентип экөөбүз бир тасмада роль жаратып калдык. Кинонун бет ачары кыш айларына пландалган.
– «Аялдын амалы кырк эшекке жүк» деп коюшат. Айтсаӊ, амалкөйлүгүӊдү кандай учурларда колдоносуӊ?
– Албетте, аялзаты амалкөй болуп жаралганбыз. Мен күнөөлүү болсом жылмайып, күнөөмдү моюнума алып, адамды жибиткен жакшы сөздөрдү айтып көӊүлүн жубатып алам.
– Адамдарга маанайыӊа жараша мамиле жасайсыӊбы?
– Мага көп учурда «бой көтөрөсүӊ» дешет. Мен болгону ким кандай мамиле жасаса, өзүнө жараша жооп кайтарам. Мени жактырбаган адамга жакшы сүйлөп жагынайын деп аракет кылбайм. Андай нерседен өткөм. Баарына эле жага бербейсиӊ да. Ал үчүн периште болушуӊ керек.
– Кол алдыӊдагы кызматкерлерге кандай жетекчисиӊ?
– Кол алдымда эч ким жок. Кызматташкан адамдарым десем туура болчудай. Биздин жумушта «мен жетекчи, сен жөн гана жумушчусуӊ» деген түшүнүк жок. Ортодо келишим түзүлсө ал кагаз боюнча калып, адамгерчилик, достук мамиле биринчи орунда турат.
– Сүрөттөрүӊдү социалдык тармактарга жүктөп жатасыӊ, көз тиет деп корккон жоксуӊбу?
– Жолдошум менен түшкөн сүрөттү көп жарыялагым келбейт. «Бакыт тынчтыкты жактырат» дейт, ошого ишенем. Эки кызым кош бойлуу кезимде бир да жолу сүрөткө түшпөптүрмүн. Сүрөткө түшсөм эле бир нерсе болчудай туюлуп, кооптоно берчүмүн. Мунусунда болсо аялзатына келген бактылуу убакытты сүрөт менен кармап калууга эмнеге болбосун деп атайын фотосессия кылдым.
– Сени өзүн «пиарлаганды» жакшы көрөт» дешет...
– Интернеттеги баракчаларыма сүрөт жүктөбөй калсам, күйөрмандарым «эмнеге сүрөт жүктөбөй калдыӊыз, жеке жашооӊузда бир нерсе болдубу?» деп жазышат. Эгер мунун баары «пиардай» туюлса, анда ооба, өзүмдү «пиарлап» жатам. Негизи, сүрөттөрүм аркылуу айымдарга стимул бергим келет. Жөн отурбагыла, жарашыктуу кийингиле, өзүӊөрдү карагыла, балдарыӊарга кам көргүлө деген ойду жеткизсем дейм. Бул нерсе ар бир адамдын эле колунан келе бербейт болуш керек (күлүп).
– Жолдошуӊдун депутаттыкка талапкер болуп жатканын кулагыбыз чалды эле. Бирок тизмеден көрүнбөйт...
– Жолдошума 5 жыл мурун саясатка аралаш деген сунуш түшкөн. Мени менен акылдашканда «жакшы иштерди жасоо – ар бир инсандын милдети. Аны депутат болбой туруп деле жасаса болот. Сен депутат болсоӊ, бирөөнүн сөзүн угушуӊ керек. Айткан сөзүӊдөн кайтпаган сага кыйын болот» дегем. Ошондон кийин бул сунушту кабыл алган эмес. Азыр депутаттыкка талапкер болгон байкесине жардам берүүдө. Саясатка келүү үчүн тажрыйба топтоо керек. Учурда такшалып жатат. Балким, кийинки чакырылышка аттанып калышы мүмкүн.
– Маегиӊе рахмат, аман-эсен көз жарып ал!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg