2015-жылдын 9 айында КОРРУПЦИЯГА байланыштуу 662 кылмыш иши козголгон. Анын 260тан ашууну сотко өткөрүлгөн. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке келтирилген зыян 225 миллион 223 миӊ сомду түзүп, анын 22 миллиону мамлекетке кайтарылган.
Мамлекеттик айыптоо экс-баш прокурор АИДА САЛЯНОВАНЫН күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду 7 жылга кесүүнү суранды. Эске салсак, ага «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү», «алдамчылык» беренелери менен айып тагылган.
«ОРУСИЯ-2018» футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондугунун тандоо турунда Кыргызстан курамасы 8-октябрда саат 19:30да Тажикстан, 13-октябрда Бангладеш курамасы менен Бишкекте беттеш өткөрмөкчү. Буга карата Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион толугу менен оӊдоодон өтүп, уюштуруу иштери жогорку деӊгээлде болору күтүлүүдө.
ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО 607 байкоочу көз салат. Бул тууралуу БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.
«Дин башкармалыгын башкарып жүргөндө ажылыктан түшкөн кирешеден салыкты төлөбөй жашырып койгон» деп айыпталып жүргөн экс-муфтий ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДУ Жогорку Сот күнөөсүз деп тапты.
28-сентябрда БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК БОРБОРУНУН 1959-жылы курулган түтүн чыгуучу мунарасы оӊдоо иштерине байланыштуу кулатылды. Анын ордуна бийиктиги 150 метрлик жаӊы мунара орнотулат.
Кыргызстанда жыл башынан бери 1 миллион 200 миӊ тонна КӨМҮР өндүрүлдү. Өлкөнүн көмүргө болгон жылдык керектөөсү 2 миллион 718 миӊ тоннаны түзөт.
Ош шаарындагы ЖАПАЛАК айылына биринчи жолу газ түтүктөрү тартылып, айылдын төрт көчөсү газ менен камсыз болду. Газ түтүктөрү айылдын 125 үйүнө тартылып, жалпы узундугу 4 чакырымга жетти.
Окуучуларга 10-октябрга чейин мектепке БИРДИКТҮҮ ФОРМА эмес, каалаган кийим менен барууга уруксат берилди. Эске салсак, окуучулар 30-сентябрдан тарта мектепке бирдиктүү форма менен баруусу керек болчу.
Адистердин айтымында, Кыргызстандагы УНАА ЖОЛДОРУНУН 20 пайызы гана минималдык коопсуздук жана сапат нормаларына жооп берет. «Кыргызстандын унаа жолдорунун 52 пайызын жол деп айтууга кыйын»,- дейт өкмөт башчы Темир Сариев.
SIM-КАРТАЛАРДЫ каттоого алуу 2016-жылдын 1-февралына чейин узартылды. Уюлдук операторлордун абоненттик базасындагы 1 миллион 82 миӊ 601 абоненттин SIM-карталарынын каттоодон өтпөгөнү буга себеп болгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.