АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА МЕНЕН РОЗА ШАКИРОВА АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛЫШТЫ

26-сентябрь күнү ырчы Алтынай Нарбаева менен Роза Шакированын автокырсыкка кабылгандыгы тууралуу кабар маалымат каражаттарына чыккан болчу. Маалыматта айтылгандай, алар Хонда үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен Ноокат районунан Ош шаарын көздөй баратып, саат 17:00 чамасында Папан айылында унаасы оодарылып кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан аталган ырчылар жеӊил гана жаракат алышкан. Алар жергиликтүү медициналык мекемеден биринчи жардам алган соӊ сапарын улап кетишкен. Ырчылардын абалын суроо үчүн байланышканыбызда, Алтынай Нарбаева: «Кырсык каш-кабактын ортосунда» дегендей, кырсыктап калдык. Кооптончудай оор жаракат алган жокпуз. Кудайга шүгүр, азыр бары жакшы»,- деген жооп узатты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
eliza5566
2015-10-05 09:33:15
кудай сактаптыр кан чыгарып назыр берип коюшу керек.
0
bakan
2015-10-05 21:34:14
eliza5566, кайсы Партия акча берсе автосун катуу айдап, акчанын артынан кууп ... Мына кырсык. Коп акчанын артынан куубай, наказ болбой, Аллахты эстеп, намаздын артынан куугула. Акча Акча деп авария болуп...
+2
cezim01
2015-10-05 13:51:43
Кучагы толгон ооматка, куш келипсиз Ноокатка болуптурда. Кудай сактасын аман-эсен эле болушсун
+3
arash96
2015-10-05 15:59:57
Бул да болсо бир белги эжелер.Коп эле акчанын артынан тушпой намаз окугула.
+1
mirlanpiter
2015-10-05 19:05:54
Эжелер катуу ылдамдыкта козун оозун бойоп жатышып,бурулуштан туз эле кетип калышканго
+2
briliant87
2015-10-05 20:03:51
Намаз окугула.
0
MAKALAK
2015-10-05 22:12:12
неге ноокаттан келе жатып папанда папан башка жакта го ноокат жолунда эмес
+1
Jonaruk
2015-10-12 00:58:24
Кудай сактаган экен
кудай кырсыктан сактасын
0
Shat.88
2015-10-13 00:33:04
Кудай сактаа,деги абайлап суйлогулочу партия,акча пакча дебей,анан намазды деле тим койгулачы,муну кырсык дейт,жоо деле намаз окуп мечиттен чыгып келатсан деле машина коюп кетиши мумкун айла жок кырсык.
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан