АСАНКАЛЫЙ КЕРИМБАЕВДИН УУЛДАРЫ КАНДАЙ ЧЫРДЫН ҮСТҮНӨН ЧЫГЫШТЫ?

Белгилүү ырчы, обончу Асанкалый Керимбаевдин уулу, «Большие люди» теледолбоорунун актёру Канатбек Керимбаев жана анын бир тууганы Саматбектин МАИ кызматкерлерине баш бербей, сөгүнүп жаткан видеосу интернетке тарап, учурда талкууга алынууда. Аларды милиция кызматкерлери эмне үчүн кармаганы тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди.
– 26-сентябрь күнү таӊкы саат беште 2 адам Бишкек шаарынын Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде турган жол-кайгуул кызматкерлерине барып орой мамиле жасап, бирөөсү инспектордун погонун жулуп алган. Алар кармалып, Бишкек шаарынын тургундары Канатбек жана Саматбек Керимбаевдер экендиги аныкталды. Экөөнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Биринчи Май райондук соту аларды үй камагына чыгарды.
Канатбек Керимбаев болсо «МАИ кызматкерлеринин погонун жулган эмеспиз» дейт:
– Биз аларга «силер жөө жүргүнчүлөрдү карабайсыӊар! Биз эреже буздук, эмнеге унчуккан жоксуӊар? Силер бул жерде акча алуу үчүн эле турасыӊар!» деген күнөө койдук. Алар бизди наркологиялык борборго алып келишти. Ооба, биз мас абалда болчубуз. Ошондуктан өзүмдү туура эмес алып жүргөнүм үчүн элден кечирим сурайм.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
kubat_1973
2015-10-05 09:07:57
Кечирим сурагандан Эми не пайда жакшы деген бир ат бар кууса жеткис жаман деген бир ат бар жууса кеткис дейт жакшы атанын жаман баласы.Ичкенди эмне кыласын ичкенди билбеген сон тынч жаткан ата арбагына шек келтирип.
+18
knk
2015-10-05 09:09:00
Уят. Дароо эле атасына соз тийиптир.
+13
formula12
2015-10-05 09:12:36
Абдан эле булгашты атасынын атын.Эки бир тууган чогуу мас болуп ичип жургондору жийиркеничтуу корунуш
+17
Sake80
2015-10-05 09:36:43
Туштон кийин кечирим сурагандан не пайда.Кысып журбойсунорбу кыса турган жерди.Жолун менен кете бербейсинерби ар кимге сайылбай
+10
eliza5566
2015-10-05 09:40:09
Бутундой кыргызстанга абийри тогулуптур да.
+8
aksy.kg
2015-10-05 10:55:24
атын чыкпаса жер орто дешкен экен
+6
jetinur90
2015-10-05 11:17:04
жакшы атанын кашыктап жыйган кадырын чомучтоп чачкан тарбиясыздар
+10
jypar.i
2015-10-05 16:49:32
jetinur90,мен ушул балдарга таң калчу элем, башкалардын балдары өтүп кеткен ата-энелеринин атын чыгарып, аларга арнап аркандай кечелерди уюштуруп, элдин ыраазычылыгын алып жүрүшпөйбү. Бул жигиттер эмне үчүн ушундай талантту атасынын бир да эскерүү кечесин жасаган жок деп. Мына Ж.Алыкуловдун,Ч.Сатаевдин,Ч.Исабаевдин, Рыспайдын экерүү кечелери болду.Алардын ырларын талантту жаштар ырдап,күүлөрүн чертип чыгышты.А бул жигит сөрөйлөрдүн кылганын карагыла.Асанкалый кандай гана талант эле, өкүнүчтүү
+13
Arzu.kg
2015-10-05 14:24:35
Атасы кандай залкар киши эле, жакшы атанын жаман баласы
+11
amanatym
2015-10-05 15:20:34
акылдары жок балдар экен!
+7
AIZAD
2015-10-06 01:31:10
Жаннат Керимбаев деген дагы баласы барбы? Билишимче. Мен Жаннатты Кыргызстандын сыймыгы деп билем. (Сценарист)
0
nurzada78
2015-10-06 03:35:32
Озунон озу кулгонуно караганда,чегип,сайынып алгандай экинчи баласы!Кудайым балдарыбызга ыйман берсин!
+2
AIZAD
2015-10-06 06:51:39
Супер инфо,Асанкалый Керимбаев жонундо жазгылачы! Сураныч!
+2
admin_superstan
2015-10-06 10:19:37
AIZAD, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жиберип койдук. Рахмат!
+1
edelveis0088
2015-10-06 14:05:47
нтс каналынан коргозгон... Белгилуу сыймыктуу эл адамынын баласыго деп ойлогон эмесмин...
+2
Bereke10
2015-10-10 00:15:26
Ж. Керимбаев Российский "Кухня" телесериалына сценарий жазган мыкты жигит.

Эми мудурулбогон туяк жок дейт,бул жигиттер туура эмес иш жасашыптыр,эми бротоло эле буларды бракка чыгаруу да туура эмес.Бардык адам адашат.
0
erkish21
2015-10-14 21:10:12
Атадан артык бала, Ата менее тен бала, атадан кем бала деген ушул да.
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан