ҮЙ-БҮЛӨДӨ АЙЫМ ЛИДЕР БОЛГОНДО ЖАРАЛУУЧУ КӨЙГӨЙЛӨР. АЛАРДАН КАНТИП КУТУЛУУ КЕРЕК?

Кыргызда илгертен үй-бүлөнү кожоюн башкарат, бардык керектөөлөргө каражатты табуу милдети эркекте. Ал эми аял бала багып, тамак бышырып, үй-бүлө очогун жылуу кармашы керек деген түшүнүк бар. Бул биздин канга сиңген талашсыз нерсе. Бирок заманга жараша бул түшүнүккө өзгөрүү кирип жаткан маал. Айрым айымдар жашоодогу бир катар оор сыноолордон улам башкаруучулук тизгинин колго алса, кээ бирлери жолдошунун жардамы менен ийгиликтерди багынтып келет. Бүгүн биз айымдардын лидерлигинен улам жаралган маселелер, андан кантип чыгуунун жолдору тууралуу сөз кылабыз.

ЛИДЕР АЯЛ КЕЗИККЕН МАСЕЛЕЛЕР

  • Аял көпчүлүк убактысын жумушта өткөргөндүктөн, балдарына жетишерлик көңүл бурулбайт. Бала менен эненин ортосундагы байланыш, мээрим азаят.
  • Эркек дайыма аялзатынын камкордугуна муктаж. Ал эми убактысы аз аял андай камкордукту бере албайт. Мунун айынан ортодо уруш-талаш көбөйөт.
  • Эркектердин үй-бүлөлүк маселелерде акыркы сөздү айтып чекит коюшу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул эч качан одоно көрүнбөйт. Ал эми аялы өктөм сүйлөгөндө эркектердин төбө чачы тик турат.
  • Аялы көбүрөөк акча тапкан эркек намысына бирөө шек келтиргендей чүнчүп кетет. Мен лидермин дегенди баса көрсөткүсү келип, кылдан кыйкым таап уруш-талаштын саны көбөйөт.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Айымдарга кеңеш:

  • Убакытты туура бөлүштүрүү. Күнүгө балдарга 5 мүнөттөн болсо да убакыт бөлүп, күнү кандай өткөнүн, кайсы кадамы туура же туура эмес экенин айтып кеңешүү зарыл. Эртеси ал маселенин кандай чечилгенине да кызыгыңыз. Эртең менен ойгонгондо, кечинде уктаарда өөп туруңуз. Бала энесинин жанында экенин, анын мээримин сезиши керек.
  • Үйдө назик аялга айланыңыз. Күйөөңүздүн эркелетүүсүнө, анын колдоосуна муктаж экениңизди билдириңиз.
  • Бардыгын кеңешип, андан акыл сураганга, оюн укканга аракет кылыңыз. Жолдошуңуз сизге керек экендигин сезиши керек.
  • Эркек жумуш кылып жатканда кийлигишип, акылдуусунбай, өз оюңузду сунуш катары билдириңиз.Акылдуу аял эч качан күйөөсүнөн сөз талашпайт.
  • Жолдошуңуздун лидерлик пайдубалын курууга жардам бериңиз.
  • Табияттан аялга берилген амалкөйлүктү колдонуу. Муну менен сиз күйөөңүздөн акылдуу же күчтүү экениңизди сездирбейсиз.
  • Психолог болуу. Күйөөңүзгө эмне жагарын, эмне жакпасын, кайсы учурда жинденерин да билесиз. Анын мүнөзүнө жараша аракет кылууну үйрөнүңүз.

Мырзаларга кеңеш:

  • Колдон келсе үй-бүлөнү бардык жагынан камсыздаңыз.
  • Эркектерге тиешелүү жумуштарды «сенин деле колуңдан келет, жасай берчи» деп шылтабай, өзүңүз жасаңыз. Эгер аял баарын өзү жасай берсе, эркекке муктаждыгы жок болуп калат.
  • Аялы ийгиликке жетишкен эркек достору тарабынан «подкаблучник» деген сынга кабылышы мүмкүн. Сиз өзүңүз аялдын акча табышы нормалдуу нерсе экенин түшүнүңүз. Эч кимдин башка бирөөнүн жашоосуна сын айтканга укугу жок.
  • «Элдин аялдары минтет экен...» деп аялыңызды башкалар менен салыштырбаңыз. Андан көрө жумшак тил менен аял кишинин үйдөгү милдеттерин түшүндүрүңүз.
  • Өзүңүздү аялыңыздын ордуна коюп көрүңүз. Кайсы учурда эмне кылмаксыз, анан аялыңыз сиздин ордуңузда болсо эмне кылмак?
  • Аялыңызга жакшы сөздөрдү айтып, жасаган тамагын, кийген кийимин мактап туруңуз. Ошондо ал үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бөлгөнгө, сулуу болгонго, жакшы тамак-аш жасаганга, кыскасы, сиздин мактооңузду дагы да болсо укканга аракет кылат.
  • Аял да, эркек да тапкан каражатын бир үй-бүлөгө жумшайт. Андыктан акча маселесинде ашыкча ызы-чуу сала бергендин кереги жок.

Жылдызкан Жолдошова, Жогорку Кеңештин депутаты: «АКЫЛДУУ АЯЛ ЭЧ КАЧАН КҮЙӨӨСҮНҮН ЭРКИНДИГИН ЧЕКТЕБЕЙТ»
– Мен «аялдарды сыйлаш керек» деген жазылбаган мыйзам иштеген муунда чоңойдум. Кайсы жакка барба эркектер аялдарды алдыга өткөрүп, колдоп, сыйлап турушчу. Ал эми саясатка аралашып, элдин ишеничине кирүү үчүн бир топ тайгак жолдон өтүүгө туура келген.
Албетте, жумуштан ийгиликке жетүүдө үй-бүлөңдүн, жолдошуңдун колдоосу абадай зарыл нерсе. Мен бул жактан жолдуумун десем болот. Жолдошум экөөбүздү чоң сүйүү бириктирген. Бирок ынтымактуу, бактылуу үй-бүлө курууда махабаттан да улуу нерселер бар. Алар: ортодогу сый-урмат, ишенич, колдоо, түшүнүшүү. Ушулардын арты менен жолдошум экөөбүз бактылуу мамлекет куруп, 2 уул, 6 неберени тарбиялап келебиз. Үй-бүлөлүк маселелерде кимдики туура болсо ошого жараша экинчибиз эпке келип, артка чегинебиз. Аялзатынын негизги милдети – жылуу очок куруу. Демек, аял үй-бүлөсүнө да, жумушуна да керектүү өлчөмдө убакыт бөлүп, баарына жетишүүсү зарыл.
Жаратылыштын мыйзамына ылайык, эркектер эркин келишет, андыктан акылдуу аял эч качан күйөөсүнүн эркиндигин чектебеши керек. Канчалык эркиндик берген сайын өмүрлүк жарың өзүндө ошончолук жоопкерчилик бар экенин сезет.

Кенже Кененбаева, «Тимур» эмерек чыгаруучу фирмасынын директору:«ЖОЛДОШУҢ КОЛДОБОСО ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕ АЛБАЙСЫҢ»
– Аял негизи бала багып, тарбиялап үйдө отурганы туура. Бирок азыр заман башка. Колдон келсе иштеп акча таап, жолдошуңа жардам берсең жаманбы? Бир киши тапкан акчага караганда эки адамдыкы кошулса пайдалуураак эмеспи. Албетте, аял иштеши үчүн биринчи кезекте үйүңдө бардыгы талаптагыдай болуш керек. Балдарыңдын курсагы ток, кийими таза, үй жыйналуу дегендей. Мен баарына жетишүү үчүн күнүнө 4 саат эле уктайм.
"Тимур" фирмасы 2002-жылы негизделген. Мен эмеректердин дизайнын иштеп чыгууга кызыгып, атайын дизайн-интерьер боюнча билим алгам. Азыр бардык эмеректердин дизайнын өзүм тартам. Жолдошум ишти түптөп берген соң башкаруучулукту мага тапшырган. Аял киши эркекке караганда так, жоопкерчиликтүү болот, бизге ишеним көбүрөөк. Кол алдымда 40тай киши эмгектенет, катаал башкаруучумун десем болот.
Эгер аялды күйөөсү колдобосо, ал ийгилик жарата албайт. Жараткан күндө да түшүнбөстүктүн айынан үй-бүлө эки ажырым жолго түшүп кетет. Аял киши эч качан эркекке теңелбеши керек, канчалык кыйын сүйлөсөң алар ошончолук каршы чыгышат. Аялдар күйөөсүнүн мүнөзүн жаттап калышат эмеспи. Ошого жараша эркекти бат эле көндүрүп, жөнгө салып койсо болот, башкача айтканда, үй-бүлөлүк чыр-чатактарды алдын алууда аялдын амалкөйлүгү чоң роль ойнойт.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Лидер айымдар үй-бүлөдөгү сырлары менен бөлүшөт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
nurperi8981
2015-10-12 13:12:52
пайдалуу кеп кенеш ала алган жокмун!
+1
AFRODITA-89
2015-10-12 22:57:42
оо кыйынсынарго тим эле!!! Мен куйоосун сыйлап эмне десе аткарып козунун кареги менен кошо айланганды жакшы кором албетте жолдошунда ошого татыктуу болсо! Динибизде озу жолдошун сыйлагандыгы жонундо сонун кооп нерселер жазылган ошолордун баарын аткарсак бактылуу гана болуп кетмекпиз бирок бизде анча мынча "кобра"лар барда.
+1
Guzi88
2015-10-13 01:53:39
AFRODITA-89,ошол кобраларда жаман жака ундой беле жакшы болсун деп кобра болотта
+1
Deniza88
2015-10-13 17:49:11
Жылдыз эженин акыркы цитатасы жакты, мен да ошол созду коп айтам
0
rus9203
2015-10-15 02:32:47
a9l kiwi ui buloodo.baw4y boluwuma 100%karwymyn.sebebi iwtep al4@ taap bagyp kalsa.anda erine mildet kylat.men ui bulony bagyp jatam.sen jatasyn uido beker4i bolup. j.b sozdor koboiot
+1
Laro4ka
2015-10-15 08:25:44
Жакшы. Кенже Кененбаева визажисттен кенеш сурап, кызматынан колдонсо ашыкча болмок эмес экен. А то лицо сильно отличается от зоны декольте.
0
Laro4ka
2015-10-15 08:30:06
Молодцы!Ишинерге ийгилик!
0
gulaza
2015-10-16 03:13:19
Нурзат эже ушундай тилинен чан чыгат суйлосо эмнеге жеке жашоодо женил ойлук кылып койот, же келечегин кыска ойлоп койобу эмнеси болса да ийгилик!
0
Kanat198816
2015-10-18 22:36:09
рахмат турмуштагы советинерге
0
Zholborsbek
2016-03-31 15:00:22
аял кишини сыйлаш керек дейбиз бирок башында сыйлап жатсан, алар негедир кыска ойлук кылып мен баш ийдирип алдым дейт экен
тобоо неге а неге а
качан эле эркек киши аял кишиден коркчу эле
0
Zholborsbek
2016-03-31 15:00:42
жада калса досторуна мактанат экен
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан