Омар 2008-жылы «Жаӊы толкун» аталыштагы эл аралык сынакта Алла Пугачёванын колунан «Алтын жылдыз» сыйлыгын алып, ырчы катары калыӊ элдин назарына түшкөн. 2011-жылы «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамын алган. Ырчы үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү Талас шаарынан алдамчылыкка шектүү катары кармалып камакка алынып, жакында ага карата кылмыш иши токтотулду. Ырчы менен кылмыш иши токтотулгандан кийинки жаӊылыктары тууралуу сүйлөштүк.
– Омар, суроо-жоопту ток этер жеринен баштасак. Кашыктап жыйган кадырыӊ чөмүчтөп чачылып калгандай эле болду. Башыӊдан өткөн окуяны өзүӊдүн, элдин эсинен чыгарыш үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыӊ?
– Болгон окуяны элдин, өзүмдүн эсимден чыгарыш үчүн атайын аракет кылган жокмун. Азыр эӊ биринчи максатым – элдин купулуна толгон чыгармаларды жаратуу. Жакында жаӊы ырлар жыйнагым чыгат. Ош, Жалал-Абад шаарларына концерт берүүнү пландап жатам. «Мезгил – эӊ мыкты дарыгер» демекчи, башымдан өткөн күндөрдү убакыт унуттурат го.
– Адамдын башына кыйын иш түшкөндө ою, мүнөзү өзгөрүлөт дешет...
– Бул окуя мага турмуштук чоӊ сабак болду. Кол сунгандардын баарына эле жардам бериш керек деген түшүнүктөн алыстадым. Жакындарымдын айтымында, мүнөзүмдө да өзгөрүү болуптур. Өзүмө дагы кооптонуп жүргөндөй сезилип жатам.
– Азыр мага мурунку Омар көрүнбөй турасыӊ. Бир аз кыйналып калгандайсыӊ...
– Жок-жок. Клип тартабыз деп эрте тургандыктан ушундай көрүнүп жатсам керек. Негизинен бул маселе мени чүнчүтпөш керек. Эр жигиттин башына эмнелер гана келип кетпейт? «Тыйындын эки бети бар» дегендей, эки тарабын теӊ көрдүм. Жаман адамдар кайсы жерде экенин, ал жер жакшы жер эмес экенин көрдүм.
– Камактагы күндөрүӊ түшүӊө кирип кыйналган жоксуӊбу?
– Кудай сактасын, андай болгон жок.
– «Сотко күбө катары катышасыӊ, кылмыш иши токтотулду» деген чечимди укканда кандай сезим болду?
– Бул чечим сентябрда эле кабыл алынган. Нуржан Токтогуловдун (ырчы менен чогуу айыпталып жаткан досу) сатып алган сарайын таптык, акчаны кайда жумшаганын билген күбөлөр табылды. Мен берген көрсөтмө 100 пайыз туура чыгып, Нуржан доомат таппай калды. «Сотко күбө катары катышасыӊ» деген чечимди укканда кубанганымдан ыйладым. Үйгө келип жети токоч бышырып түлөө өткөрүп, курмандык кылып мал союп бей-бечараларга тараттык.
– Бул окуя башыӊдан өткөндөн кийин жанымда жубайым болсо, кайгымды теӊ бөлүшөр беле деген ой келбедиби?
– Ооба, андай ой келди. Аял – кабыргаӊ деп коёт эмеспи. Жанымда жубайым болсо, ал процесс жеӊилирээк өтмөк беле деп ойлодум. Бир туруп эгер үйлөнгөнүмдө өзүм тарткан азапты жубайымдын башына үйүп, аны жагымсыз жагдайга калтырат белем деген да ойлор болду. Эмнеси болсо да ал күндөр артта калды. Эми жашоомду жаӊы барактан баштайын деп чечтим. Үйлөнүп балалуу болсом, бул күндөр бат эле унутта калат.
– Сен үйлөнөм деп айткандан бери чыгармачылыктагы досторуӊдун айрымдары балалуу болуп калышты...
– (Күлүп). Буюрса, үйлөнөрдөн мурун «Супер-Инфого» келип кетем. Социалдык тармактардан элдер качан үйлөнөсүӊ деп сурап жатышат. Ата-энем да үйлөн деп кыйнап жатышат. Чын эле досторумдун алды эки балалуу болуп калды. Алардын балдарын көргөндө балалуу болгум келип кетет.
– Кыйынчылыкта дос-тууган иргелип калат эмеспи. Кимдин ким экени билиндиби?
– Кимиси дос, кимиси менин атагыма дос экени билинди, электен өттү.
– Азыр Нуржан менен мамилеӊ кандай, сенден кечирим сурадыбы?
– Менин оюмча, ал тарап өзүнүн көз карашында турат болуш керек. Анткени айтчу сөзүн айтып алды. Учурунда ата-энеси ыйлап, элди калп менен ынандырышты. Ачык айтканда, алардын ою менден акча алуу болчу. Бул иш ачыкка чыга электе Болот байке (ред. жабырлануучу) мени «Омар, кара пиар деген бар» деп коркутканда, «мен акча алган эмесмин, мени коркутпаӊыз» деп айткам. Ал киши 50 жаштан өткөндө ушундай нерсе кылып туруп кечирим сурайбы билбейм. Бирок Нуржан түшүнсө азыр болбосо да кийин кечирим сурайт болуш керек. Кечирим сура же сураба деп деле айтпайм, алардын кечирим сурашына муктаж эмесмин.
– Алдамчылыкка шектүү катары кармалган ишиӊ тууралуу сүйлөшкөндөн тажадым дедиӊ. Эмне тууралуу сүйлөшкүӊ келди эле?
– Бирөө айткан экен, «кедей өлкөдө саясатты, бай өлкөдө маданиятты сүйлөшөт» деп. Азыр кенедей баладан аксакалдарга чейин саясатты сүйлөп калышты. Кыргызстанда дагы футбол өнүгүп жатат. Бизде дагы футбол оюндары өтүп, элдер спорт тууралуу сөз кылышса сонун болмок. Коомчулукта сахна, маданият, адабият тууралуу талкуу жүрүп, «жаӊы акындын китеби чыгыптыр, мындай жазылыптыр» деп сүйлөшсө жакшы болмок.
– Жакшы китеп демекчи, сөзүбүздү китеп тууралуу сүйлөшүп жыйынтыктайлы. Акыркы ирет кайсы жазуучунун китебин окудуӊ?
– Китепти сүйүп окугандардын катарына кирбейм. Антсе да психология, диний, экономикалык багыттагы китептерди окуйм. Көркөм адабиятты окуй албайм, 50 беттин тегерегинен кийин кызыктуу сюжет таппасам токтотуп коём. Акыркы жолу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын окуп чыктым.
– Маегиӊе рахмат!
Султан Төрөбеков
star@super.kg