(Башталышы өткөн сандарда)
– Жаныӊдан кетким келбей жатат,- деди Арууке үйүнө киргени жатып.
– Үшүп кеттиӊ, кир.
– Бүгүн да Волганы айдап келчи түндө.
– Кошунам бүгүн бербейт. Анын майын түгөтө айдап коюптурбуз.
– Жанар, чын эле кетким келбей жатат,- кыз жигиттин моюнуна асылып ыйламсырады.
– Үшүп кеттиӊ.
– Анда 5 мүнөт тура тур. Жыттап-жыттап алайын, анан кетесиӊ. Баса, сенин үйүӊдө ким бар?
– Эч ким, жалгыз жашайм.
– Анда мени бүгүн үйүӊө алып кетчи.
– Жок, болбойт.
– Жанар, суранам. Жаныӊдан кетким келбей жатат.
– Апаӊ урушат да.
– Апамдан суранып чыгам.
– Мен деле сенин жаныӊдан чыккым келген жок. Бирок туура эмес болуп калбайбы?
Арууке Жанарга жооп бербестен үйүнө чуркап кирип кетти. Аз өтпөй бактылуу жылмаюусу менен апасынан уруксат алып чыга келди. Ал күнү алар Жанардын үйүнө барышты. Жаӊы конуштагы үйдү иниси экөөлөп өз колу менен салышкан. Үй кичине, бирок абдан тыкан, жылуу. Арууке сөз кылгандай эле алар жылуу пледди оронуп кино көрүштү. Эркелешип, божурашып көпкө сүйлөшүштү. Эртеси уктап калгандыктан экөө теӊ сабакка барышкан жок. Ооруканадагы анализдердин жыйынтыктарын алууну да унутушту. Кечке жуук Арууке үйүнө барыш керек эле. Бирок ал апасына телефон чалып курбулары менен тоого лыжа тебүү үчүн кеткенин, дагы 2 күн жок болорун айтты. Келерки 2 күнү да Жанар менен Арууке үйдөн чыгышкан жок. Алардын бактысында чек жок эле. Кээде жөн гана үн-сөзсүз бири-бирин сүйүү толгон көздөр менен тиктеп отура беришет. Кээде кыткылыктап күлүп жаш баладай ойношот. Музыка коюп ак бийге түшүштү. Бирок көпчүлүк убакта жөн гана кучакташып жата беришти. Үчүнчү күн дегенде гана алар чогуу окуу жайга келишти.
***
– Силер эмне, бир түнөдүӊөрбү?- аудиториядан Адилет суроо менен тосуп алды.
– Жок. Ким айтты?
– Хе, экөөӊөр бүгүн таӊ атпай бир автобустан түштүӊөр го. Анын жөн кыз эмес экенин билгем.
– Эмне дейсиӊ? Жөн кыз эмес дегениӊ кандай?- Жанар туталанып кетти.
– Жеӊил ойлуу неме да,- Адилет көз кысып койду. Жанар аны бет талаштыра муштум менен уруп жиберди. Лекция окуп жаткан эжей түшүнбөй калды. Жыгылып түшкөн Адилеттин үстүнө Жанар былчылдата сокку жаадырып жатты. Экөөнү араӊ ажыратып калышты.
– Энеӊ!- Адилет оозунан аккан канды аарчып жатып сүйлөндү. – Бир кыздын айынан өлөйүн деп калган го. Жеӊил ойлуу экени көрүнүп турбайбы. Эш-шек!
– Оозуӊа карап сүйлө!
– Эй, мадыра баш! Ал кыз сага чейин эле далайы менен жүргөн. Эмне эле болуп жатасыӊ?
Жанар аны кармап турган балдардын колун силкип бошонду да, кайра Адилетти басып жыгылды. «Ме, сага!» Адилеттин көздөрүнөн учкун чачырады.
– Көк мээ! Адамдардын баары сендей эмес, уктуӊбу?! Өзүӊдүн сасык ойлоруӊду башка жагыӊа катып жүр, уктуӊбу?! Мал! Дагы бир жолу ал тууралуу оозуӊдан ушундай сөз угайын, жанчып салам!- Жанар токтоно албай жатты. Адилеттин чындап жүрөгү түштү. Бирок көкүрөгүндө кек калып калды. «Шашпа-а!» деп жатты ичинен.
Адилетти балдар тышка алып чыгып кетишти. Аздан соӊ Жанар экөө деканаттан эскертүү алып чыгышты.
– Жанар, эркек болуш керек. Бир кыздын айынан минткен болбойт. Кыз кызылчадан көп,- деди Адилет деканаттан кайтып келе жатып.
– Эй, акмак! Ал кыз үчүн мен сени асып да коюшум мүмкүн. Тилиӊди тартып жөн жүр!- Жанардын ачуусу тарай элек экен.
– Өзүӊ бил, тууган! Бирок мынабу көгөргөн көз үчүн жооп бересиӊ. Сабактан кийин жолугабыз. Мен сени менен башкача сүйлөшөм.
– Азыр эмне экен? Азыр сүйлөш да. Адилет, мени коркута албайсыӊ! Токтотчу, макулбу?- Жанардын күпүлдөгөнүнө Адилет үн катпады. Ал башынын ооруганын шылтоолоп сабактан эрте чыгып кетти.
***
Арууке Жанарды күтүп жаткан. Капысынан эле анын алдынан көзү көгөргөн Адилет чыга калды.
– Сойку!- деди Адилет ачуусун жашырбай.
– Эмне дейсиӊ?
– Сойку. Бүгүн Жанар бүт баарына мактанып жатат. Сен анын үйүндө болгон турбайсыӊбы?!
– Адилет, мээӊ ордундабы? Сага эмне болгон? Адамдардын баарын өзүӊдөй кара мүртөз, арамза ойлойсуӊбу? Мен билем, Жанар эч убакта андай сөздү сүйлөбөйт. Ушинтип
айтып койсом экөө кырылышып калат деп жатасыӊ го. Жаӊылышасыӊ!- Арууке шылдыӊ менен күлүп басып кетти.
– Энеӊ...Тим эле муну! Эй, билесиӊби сен кимсиӊ?
– Адилет, дагы бир сөз сүйлөсөӊ, Жанар берки көзүӊдү да түздөп салат. Эркектей бол! Кетип кал!- Аруукенин бул сөзүнөн кийин Адилет токтоп туруп калды. Жанардын жана эле жанын көзүнө көргөзгөн муштумдары элестеди.
Арууке Жанар аудиториядан чыгары менен анын моюнуна асылды. Жигит аны кучагына бекем кысып, көпчүлүккө көрсөтүп так көтөрүп тегеретти да, жүзүнөн сүйүп койду. Мунусу «мен бул кызды жакшы көрөм. Ал жөнүндө бирөөӊ жаман сүйлөп көргүлө, Адилеттей кылып коём» деген ишарат болчу...
(Уландысы кийинки санда)