МАЛАЙЗИЯГА ЖОЛДОМОНУ УТКАН 9 ЖЕТКИНЧЕК

Жаӊы жылда балдар кереметтерди күтүшөт. Төмөндөгү 9 бала үчүн кереметтер орундалды.
Мындан бир ай мурун мектеп окуучулары арасында «Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм» деген аталыштагы дил баяндар сынагы башталган. Мындай демилгени Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султанов көтөрүп, Кыргызстандагы 9 ЖМК колдоого алышкан. Ар бир маалымат булагы бир аймакты алып, ошол аймактан келген дил баяндарды кабыл алуу менен, аягында бирден жеӊүүчүнү аныктамак. Эмне үчүн 9 аймак? Эмне үчүн 9 жеӊүүчү? Элчи мырза «Кыргызстандын мектептеринин деӊгээли ар бир аймакта ар башка. Ошондон улам 7 облус, Ош жана Бишкек шаарларынан бирден болуп, жалпы 9 жеӊүүчү чыксын, аларды өздөрү бөлүп алганына жараша 9 ЖМК аныктап берсин деген чечимге келдик» деп түшүндүрөт. Ошентип жалпысынан сынакка 1000ден ашуун окуучу катышып, эӊ мыкты делген 9 окуучу тандалып алынды. Эми бул жеткинчектер кышкы каникул маалында Малайзияга барып, эс алуу, саякат менен катар ал өлкөнүн алдыӊкы мектептерине барып, окуу шарттары менен да таанышып кайтышат. Жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирген элчи мырза сынакка дил баян жиберген ар бир окуучуга белекке Малайзиядан сувенир жиберерин убада кылды.

БИШКЕК ШААРЫ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ АЙЖАМАЛ МАРИПОВА
Айжамал Марипова Бишкек шаарындагы №61-мектеп-лицейинде 10-класста окуйт. Ал окуу менен биргеликте тил үйрөтүүчү курстарга барып, бийге катышып, фортепианодо ойноону үйрөнүүдө. Сынак тууралуу жогорку класстын окуучуларынан угуп, катышып көрүүнү чечкенин айтат. «Дил баянды жазуу үчүн көп адамдар менен баарлашып, маалыматтарды издеп, тактап, Кыргызстаныбыз тууралуу буга чейин билбеген, байкабай келген көп маалыматка ээ болдум. Мекенибизде чечилиши керек болгон маселелер толтура. Мен ошолорду чечүүгө катышкым келет»,- дейт Айжамал.

ОШ ШААРЫ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ МЭЭРИМ РАХМАНОВА
Мээрим Рахманова Ош облусунун Кара-Суу районундагы Питомник айылында 2000-жылдын 27-апрелинде туулган. Учурда 10-класста Ош мамлекеттик университетинин Билим лицейинде окуйт. Ал дил баянында айылындагы улуу-кичүүнүн бирдей баш оорусу болгон таза суу маселесин кантип чечишкенин жазган. «Көрсө, биз таза сууну тебелеп жашайт окшойбуз. Саз эмес, таштак, бийигирээк жерди казышып, тереӊдеп кирип отуруп акыры суу чыкканда кудук кылып коюшту. Кудук казгандарга тимеле алтын казып жаткандай анын арасында менин да атам аралашып жүргөнүнө сыймыктанып, апам демдеген ысык чайды улам ташып жүгүрүп жүрдүм. Ушинтип мамлекет мага эмне кылып берди деп керсейбей, мен мамлекетке эмне кылдым деген суроонун үстүндө ойлонсок, ар бирибиз моюнубуздагы жүктү сезет белек.
Мен мектепте жакшы окууга тырышып, келечекте мыкты котормочу болом деп аракеттенип жүрөм. Ошондо айылыбызга кудум шаардагыдай чачтарач, өтүк оӊдоочу жай, спорт зал курам. Анан ага бүт айылдын чачын үйүндө тегиздеген Замирбек акени, айылдын өтүгүн тиккен Талип абаны алып келем. Балким, кимдир бирөө да ушинтип ойлоп жаткандыр. Эгерде ал ушунун баарын менден мурун жасап койгон болсо кандай жакшы болор эле. Анда мен андан да башка маселени чечүүгө жардамдашам. Ошондо мага окшогон дагы бир секелек кыз «мен ушундай болорун билгем» деп кубанат»,- дейт ал.

ЧҮЙ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ МАРИ РАИМБЕКОВА
Мари Раимбекова Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында жашап, түрк лицейинде билим алат. Учурда информатика сабагы боюнча облустук олимпиадага даярданууда. Өзүнүн дил баянында ал учурдагы билим берүү системинде жаӊычылдыктын жоктугунан балдар билим алууга умтулбай жатышканына, балдарды тарбиялоодогу катачылыктарга жана шаардын, жалпы мекенибиздин тазалык боюнча маселелерине токтолгон.

БАТКЕН ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ АДИЛЕТ САЙДИЛАЕВ
Адилет Сайдилаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейде 7-класста окуйт. «Кыргызстандын келечеги биз сыяктуу жаштардын колунда. Эгерде биз тереӊ билим алып, кен байлыктарды иштетип, элибиздин керегине жарап, экономиканы көтөрүп, жашоо шартыбызды оӊдосок, биз да эӊ бай, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз. Ушундай өнүккөн кыргыз эли деген атка жетүү үчүн, албетте, биз эне тилибизди сакташыбыз керек, себеби тил болсо, улут болот. Улут болсо, мамлекет болот. «Элди бузгуӊ келсе, дилин буз» деген кеп бар»,- дейт жетинчи класстагы жеткинчек.

ТАЛАС ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ НУРЭЛ АБАСКАНОВ
Нурэл Абасканов Талас шаарындагы «Манас Ата-Себат» лицейинин 6-»б» классынын окуучусу. «Мен бул сынак тууралуу телеканалдан берилген жарыядан улам билдим. Андан кийин апам «Супер-Инфо» гезитинин 2015-жылдын 4-декабрында чыккан санын алып келип «Балам, сен айтып жаткан дил баян сынагынын шарттары бул санга чыгыптыр» деп калды. Өзгөчө сынак экен деп катышууну чечтим. Жыйынтыгын чыдамсыздык менен күн санап күттүм. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине, мени жеӊүүчү кылган гезиттин жамаатына тереӊ ыраазычылык билдиребиз» ,- дейт Нурэл.

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ ЗЫЯГҮЛ ИСКЕНДЕРОВА
Чоӊ атасынын акыл кептерин турмушта кеӊири колдонгон Зыягүл Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Миӊ-Өрүк айылындагы Токтосун Темирбаев атындагы №6-гимназия-мектебинде окуйт. Ал дил баянында айылында таза суунун жоктугун, ата-энеси үй салуу үчүн чет жакта иштеп жүргөнүн айтат. «Үй курабыз деп айылда алардын адистигине ылайык жумуштун жоктугунан атам, апам Москвада алмак-салмак иштеп келишет. Көбүнесе чоӊ ата, чоӊ энемдин карамагында калабыз. Чоӊ атам телевизордон дайыма кечки жаӊылыктарды көрөт. Биз да чогуу көрөбүз. Биздин президентти көп көрсөтөт. Аны баарыбыз тааныйбыз. Ал өтө жакшы адам, себеби ал араздашкан эки элди жараштырып, өлкөгө тынчтык, ынтымак алып келген. Агай-эжейлерибиздин айлыгын көбөйтүп, көп бала бакчаларын ачкан. Түндүк-түштүк жолун курууга киришти. Эми биз Ысык-Көлгө тез эле сонун жол менен жетебиз. Мунун баарын бизге чоӊ атам айтты. Менин тилегим – ата-апама жумуш болуп, биз менен экөө теӊ чогуу жашашса. Азыр биздин республика өлкөлөр, коӊшу мамлекеттер менен карым-катнашта, ынтымакта. Ушул ынтымак бузулбай, тынчтык болсун. Албетте, биз Кыргызстаныбыздын өнүп-өсүшүнө чогуу салым кошобуз»,- деген тилегин билдирет Зыягүл.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ ЖУМАДИЛ МУӉАЙТПАСОВ
Жумадил Муӊайтпасов Балыкчы шаарындагы №4-гимназия-мектебинин 8-классынын окуучусу. 14 жаштагы окуучу эмгегинде кыргыз жеринин кооздугун, туристтик мүмкүнчүлүгүн, ысык-көлдүк балдардын учурдагы турмушун жана өзүнүн жеке кыялын баяндап жазган. Кыялында Балыкчы шаарына кирип келе жаткан жерге Ысык-Көлдүн дарбазасын курсам дейт. «Балыкчынын кире беришинде жалаӊ алты канат ак өргөөлөрдөн турган боз үйлөр комплекси жайгашса, атайын чет өлкөлүктөр үчүн ар бир боз үйдө кыргыздын дасторкону жайылып, улуттук суусундуктар, тамак-аштар даярдалып турса…»,- деп кыялданат.

ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ АБДЫЖАПАР УУЛУ МЕДЕРБЕК
Медербек 2001-жылдын 6-ок­тябрында туулган. Учурда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кожоке айылындагы Кожоке орто мектебинде 8-класста билим алат. 14 гана жашта экенине карабай ал чоӊ адамдай ой жүгүртөт. «Элдин жашоо шартынын начардыгына бийликти күнөөлөгөндөргө кошулбайм. Менин оюмча, ар бир жаран үчүн шартты түзүп берүү мүмкүн эмес. Жашоо турмушту жакшыртуу үчүн ар бирибиз өзүбүз аракет кылышыбыз керек»,- дейт ал.

НАРЫН ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕӉҮҮЧҮ УЛАНБЕК УУЛУ ЭЛНАЗАР
«Супер-Инфо» гезити сынакты Нарын облусу боюнча жүргүздү. Жүздөн ашык дил баяндын арасынан бирөөнү жеӊүүчү катары тандап алуу оӊойго турган жок. Алгач редакциялык кеӊеш тарабынан алдыӊкы бештик аныкталды. Балдар менен телефон аркылуу кошумча баарлашуудан кийин редакциялык кеӊеш бир добуштан Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу Уланбек уулу Элназарды жеӊүүчү деп тапты.
Байланышка чыкканыбызда Элназар жыйынтыкты бүткүл үй-бүлөсү менен күтүп отурушканын айтып, кубанганынан күлүп, кыйкырып да алды. «Ушундай сынак болуп жатканын алгач атам айтты. Катышып, өзүӊдү сынап көр деп сунуштады. Өзүм орус тилдүү мектепте окуйм. Бирок дил баянды кыргыз тилинде жаздым. Бир топ эле убакыт кетти. Жазып бүткүчө атам менен акылдашып жаттым»,- дейт ал.
«Илгери бардык гезиттерди сатып алчумун. Байкап көрсөм, ошончо гезиттеги маалыматтын баары бир эле «Супер-Инфодо» болот экен. Ошентип жалаӊ ушул гезитти алып калдым. Аны окубасам башым ооруйт. Мектеп окуучулары арасында сынак жарыяланганын да силердин гезиттен окуп, уулума сунуштадым. Мен балдарды япондорчо тарбиялайм. Кичинекейинен бир катуу жекирип, кол көтөрүп урушкан күнүм болбоду. Элназар тун уулум. Экөөбүз бардык теманы эркин, ачык сүйлөшө беребиз. Жакшы билим ал, өзүӊ жаратуучу бол, бир нерсе жарат деп Фейсбуктун жаратуучусун мисал келтирем»,- дейт Элназардын атасы Уланбек мырза.
Элназар үйдө төрт бир туугандын улуусу. Бир иниси жана эки карындашы бар. Бизге жиберген дил баянында ал 7-классында Москвадагы Ломоносов атындагы мектепке барганын, анда эл аралык интеллектуалдык олимпиадага катышканын, ал мектептин окуучуларынын билим деӊгээлин көрүп ыза болуп кайтканын айтат. Өзү учурда гимназиядагы сабактары менен катар «Ага Хан» фондунун мектебинен IT-технологиялар, математика жана англис тили боюнча кошумча сабак алат.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Almazbek-1987
2015-12-28 10:42:51
Азаматсынар Кыргызстандын келечектери! кана эле баардык жаштар силердей ой жугуртсо, аракетчил болсо. Менин да уулдарым силердей болсо.
+6
aizada15
2015-12-28 11:57:56
Жакшы эс алып келишсин
+7
Elnura96
2015-12-28 14:24:32
МашАЛЛАХ куттуктайм силерге окшогон балдар кобойсун
+5
asko55
2015-12-28 14:55:33
Эн негизгиси,биздин жаштардын ой жугуртуусунон балдардын ой пикирин айтуусу кобойгонуго кубадым,себеби кобун эсе мындай сынакта кыздар катышат эмеспи..
+4
cholpontolgongylyn
2015-12-28 18:43:22
Азаматсыз Кылычбек мырза.Балдардын баяндарын аябай толкундануу менен окудум.Жумадилдин баяны озгочо таасирлентти.Ушундай сынактар тез тез болуп турушун каалайм.Ал эми женуучулорго кааларым:конулдуу эс алып келгиле.Женишинер кут болсун. Жалпы Кыргыз элиме жаны жылда жаны ийгиликтер каалайм.Элибиз,буткул дуйно тынч болсун.
0
azamatzh
2015-12-28 23:34:05
Жаштын тилегин берет.Ылайым ушул окуучулар дил баянда кыялданган Кыргызстан болсун олкобуз!
+3
edu.kg.
2015-12-29 00:28:50
Баардык элчилер Кылычбек байкедей бир пайдалуу болушса кана,туризимды оркундотууго да салым кошо алды.Мамлекетибиздин идеологиясын которуу менен бирге,окучулар арасында жакшы мумкунчулук тузуп берди малазияны корууго. Негизи келечек жаштардыкы эмеспи,ошондуктан жаштарга ушуга окшогон программалар иштелип чыгып билим алуусуна дуйно таанусуна,бардык жактан шарт тузуп беришибиз керек. Башка элчилерибиз аман эле болушсун.
+3
balzak
2015-12-30 13:24:19
Жаны толкундун башаты, бул жакшылыктын башаты жаштарга гана эмес, улууларга, "чондорго" да пайдалуу үлгү болчу корунуш деп тушуном.
-1
Bermet_Kasymova
2015-12-31 01:15:09
Азаматсынар))! Женишинер кут болсун.
+2
alomir
2016-01-01 02:36:37
Jenishiner kut bolsun. Kelechek jashtardyn kolunda.
Nege baaryle gimnazia je litseiden chykkan okuuchular? Aiyl jerlerinde oto kop kuchtuulor birok sharty joktor. Oshentseda uwundai synaktar ulana bersin toktoboi.
-1
Akbarkg
2016-01-01 20:12:45
Абдыжапар уулу Медербек азаматсын! Кожоке айылы Кожоке орто мектеби, окуп алып аябай сыймыктандым. Себеби менда ошол жердин кулунумун.
0
Bowen
2016-01-03 00:45:56
Malatsy baldar.
0
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан