Майкл Панкенин жашоодогу окуядан алынып жазылган романынын негизинде тартылган «Аман калган» тасмасы 2015-жылдын декабрь айында көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Башкы ролду ойногон Леонардо Ди Каприо бул тасманын көркүн толугу менен ачып бере алган.
Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Вестерн, триллер
Урааны – «Кашык кан калгыча...»
Режиссёру – Алехандро Гонсалес Иньярриту
Сценарийин жазгандар – Майкл Панке, А.Г.Иньярриту, Марк Смит
Башкы ролдордо – Леонардо Ди Каприо, Том Харди
Узактыгы – 2 саат 36 мүнөт
Бюджети – 135 миллион АКШ доллары
Сатыктан түшкөн акча – Январга карата 225 миллионго чукул АКШ доллары
Чыккан жылы – 2015-жыл
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
ХIX кылымдын экинчи бөлүгү. АКШнын түндүк батыш жагы. Индейлердин жерлерин талашуу курчуп турган маал. Териси баалуу жаныбарларга аӊчылык кылуу Жапайы Батышта жөнгө салынган кез. Бир канча адамдардан турган топтогу аӊчыларга индейлер кол салып, аӊчылардын кээ бирлери качып кутулушат. Индейлерден жашынып токой, тоо аралап бараткан аӊчылардын бири Хью Гласска аюу кезигип, аны оор жарадар кылат. Глассты кароо үчүн анын уулу Хоук менен Жим Бриджер, Жон Фицджеральд аттуу аӊчылар калса, калганы сапарын улантышат. Оор абалдагы Гласстын тирүү калары күмөн жаратат. Аны карамакчы болгон Фицджеральд Хоукту өлтүрүп, жаны чыга элек Хью Глассты тирүүлөй көмүп салат. Ал эми Жим Бриджерди өзү менен кошо ээрчитип кетет.
Өжөрлөнгөн Гласс тагдырга баш ийбей, аман калат. Эми анын бир гана максаты бар – өч алуу...
РЕЖИССЁР МЕНЕН БОЛГОН ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕР
Чындыгында, бул тасманы тартуу режиссёр үчүн гана эмес, бардык тартуучу топ үчүн оӊойго турган эмес. Канада менен АКШнын каардуу аба ырайы ыӊгайсыздыкты жараткан. Алар күз айы деп болжолдогон жерде ызгаардуу суук болсо, кыш маалы керек учурда күн тийип, жылуу болуп калган. Мындай учурда керектүү техника, жабдыктарды бир жерден экинчи жерге тик учак менен көчүрүү керектелип, дээрлик күндүн жарымын көчүү үчүн гана жумшашкан.
Мындан улам тасманы тартуудагы иштегендердин ортосунда пикир келишпестиктер күчөп, жумушчулардын туруксуздугу орун алган. Жыйынтыгында тасманын продюсерлеринин бири жумуштан четтетилип, Том Харди менен Иньярритунун ортосунда да пикир келишпестиктер болуп турган.
ТАСМАГА ДАЯРДЫК|
«Аман калган» Голливуддагы көп азап көргөн долбоорлордун бири. Анткени Майкл Панкенин романынын негизинде тасма тартуу тууралуу идея 2001-жылы эле жаралып, бир канча себептерден улам долбоор он жылдан ашык кармалат. 2011-жылы гана режиссёрлукка Алехандро Иньярриту бекитилгенден тарта иш алдыга жыла баштайт. Башкы ролдорго Леонардо Ди Каприо менен Шон Пенн бекитилет. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам долбоор өз убагында ишке ашпай, дагы кармалат. Жыйынтыгында Шон Пенн ролдон баш тартып, анын ордуна Том Харди дайындалган. Тасма тартуу иштери 2014-жылы сентябрь айында башталган.
КӨРК БЕРГЕН ЭПИЗОДДОР
Тасманын түпкүрүндө ата менен баланын мамилеси, эки башка маданияттын айкалышы, табият менен адамзаттын ортосундагы мамиле жатат. Адам канчалык оор акыбалда болбосун, ал өжөрлүгү менен бардыгын жеӊе алары биринчи орунда.
Канаданын тоолуу аймактары менен Сквамиш өрөөнү, АКШнын Кутеней дарыясы менен Аргентинадагы Оттуу Жердин табияты тасмага көрк кошкон. Аска-зоодогу жымжырттык, шамал болгондогу токойдун үнү, дарыянын шоокуму... Муну менен тартуучу топ жаратылыштын кооздугун толугу менен ачып бере алышкан.
Тасмага атайын компьютердик эффекттер менен тартылган бир канча эпизоддор көрүүчүлөрдү көӊүл кош калтырбайт. Гласстын аюу менен болгон күрөшү, аттын ичинде укташы, метеориттердин түшүшү тасмада өтө чеберчилик менен берилген.
ЭМИ ДИ КАПРИО «ОСКАР» АЛАБЫ?
Драмалык экшнди камтыган сюжетте баш каармандын сүйлөшүүсүнө караганда анын кыйкырып-өкүрүүсү, ыйы жана көз жашы биринчи орунга коюлган. Баш каарман тасмада көп сүйлөбөйт, актёрдук чеберчилик эмес эле актёрдук эрдик көрсөтүлгөн десек болчудай. Себеби Леого 25 градус суукта суу болгон кийимчен жүрүп, балык менен бизондун бөйрөгүн чийки жегенге жана индей тилин үйрөнүүгө туура келген.
«Мен үчүн каармандын жараларын көрсөтүү үчүн колдонулган грим коюу башкы сыноо болду. Аны жасоо үчүн күнүнө 4-5 саат керектелчү. Ал эми жарым жыл өстүргөн сакалым катуу суукта бир топ тоскоолдуктарды жаратты. Башка тасмалардагы каармандарым көбүнчө көп сүйлөшөт эле, ал эми Хью Гласс андай эмес. Бул каармандын мүнөзүн көрсөтүп, эмоционалдык абалын толугу менен ачуу үчүн керек эле»,- деп билдирет Леонардо Ди Каприо.
Жылдын башында тасма жана аны тарткан команда сыйлыктарды чогултууну баштады. Алсак, аталган тасма мыкты режиссёр, тасма жана актёр номинациясында «Алтын глобуска» татыды. Эми кезек «Оскар» сыйлыгында.
Айтты да койду
Сүйүн Откеев: Ди Каприо ушул ролу менен да «Оскар» албаса, анда бул сыйлыктын аталышын өзгөртүш керек...
Кейт Уинслет: Лео быйыл акыры «Оскарды» алат деп ишенем. Ал буга татыктуу. Мен ага дайыма жан тартып келем.
Атактуулар арасындагы күйөрмандар Леонардо Ди Каприого жан тартышууда.
Адилет Керимбек уулу
star@super.kg