«Сиӊдимди кошуна жашаган аталаш агабыз зордуктап жүрүптүр. Ал кезде сиӊдим 11 гана жашта болчу» деген Рахима Айкынбаева аттуу каарманыбыз окуя тууралуу айтып берди.
«КУРАН КАРМАТСАК ТАНА АЛБАЙ КАЛДЫ»
-Биз Талас облусунун Бакай-Ата районунан болобуз. Сиӊдим Рахат (белгилүү себептерден улам айрым каармандардын аты-жөндөрү өзгөртүлдү) менин бир тууган агамдын кызы. Жеӊем менен агам ажырашып кетип, Рахатты кичинесинен биз бактык. Баарыбыз жай-жайыбызга тарап, турмуш жолуна аттангандан кийин ата-энемдин тиричилигине кол кабыш кылып жалгыз Рахат калды. Үй-бүлөбүз ошол маалда кыйналып, үйдү күрөөгө коюп насыя алышканын жашырбайм. Ошону төлөйбүз деп атам менен апам керээли кечке жумушта болушат. Аларга тамагын, үй тиричилигин жасап Рахат дайым үйдө болчу. Жалгыз калгандыгынан пайдаланып аны атамдын кошуна жашаган бир тууганынын 1985-жылы туулган уулу Эрмек Дооронов зордуктап жүрчү экен. Каршылык көрсөткөнүнө карамак беле, кенедей кызды эки бүктөп эркине баш ийдирет да.
2013-жылы балам ооруп айылда көпкө жүрүп калдым. Алгачкы шектенүү ошондо башталды. Башында зордуктоого аракет жасап, жаӊыдан өөрчүп келе жаткан кыздын дене мүчөсүн кармалап кумарын кандырып жүрчү экен. Бир күнү менден кийинки сиӊдимдин жолдошу түнкү саат 10дор чамасында эшикке чыгып, үйдүн жанындагы жайкы душтан Рахаттын шымын шымданып качып чыкканын, артынан Эрмек да чыкканын көрүп калат. Эрмек күйөө балама «Рахат душка заара кылганы кириптир, көрүп калып урушуп чыгарып ийдим» деп коюптур. Күйөө балам келип окуяны сиӊдиме айтып, андан биз уктук. Апам менен сүйлөшүп, ага Рахаттан такып сурайлы дедим. Себеби мен Эрмектен андай нерсе күтчүмүн. Ал кичинемде кол салып, эч нерсени түшүнө элек мени да зордуктоого аракет жасаганы эсиме түштү.
Рахат төкпөй-чачпай агабыздын зомбулук көрсөтүп келгенин ыйлап айтып берди. Ошондон кийин Эрмекти тууганча сүйлөшөлү деп үйгө чакырдык. 5 маал намаз окуп, элди ыйманга үндөгөн адам болчу. Келип эле караманча танып кирди. Ошол кезде төркү бөлмөдөн Рахат куран китепти алып чыгып, «Кудай деген адам болсоӊ куранды кармап туруп танчы!» деп жатпайбы. Кенедей эле сиӊдим бала туруп көз алдымда чоӊоё түшкөнүн байкадым. Ошондо Эрмек тана албай калды. «Мен тамашалап эле койгом, экинчи Рахатка жолосом Кудай урсун» деп чыгып кетти. Туугандар «окуя тууралуу айылга таратпай ушул жерден бас-бас кылалы, бир тууган болсок, эл-журтка шерменде болобуз» деп сүйлөштүк.
«ЖЕҢЕБИЗ КӨРҮПТҮР, БИРОК СОТТО АЛ ЭСКЕ АЛЫНГАН ЖОК»
-Анткен менен иш ушул боюнча тындым болгон жок. 2014-жылы Рахат 13кө чыгып калганда Эрмектин бир тууган жеӊеси да көрүп калат. Анда Эрмектин аялы ай-күнүнө жетип, төрөгөнү төркүнүнө кеткен. Апасы ооруп Бишкекке дарыланганы кетип, атасы буту сынып баса албай үйдө жаткан. Ошондо үйүнө барып тамагын даярдап берейин деп келген жеӊеси уктоочу бөлмөгө кирип, зордуктоонун үстүнөн чыгыптыр. Анын «кире калсам Эрмек Рахатты коё берип ийип, өзү уктамыш болуп жатып калды. Рахат болсо тура калып эшикке чыгып кетти» деп айткандарын жаздырып койгом. Бирок өзү сотко барып көрсөтмө берген жок, ал эми анын айтып берген аудиосун сот жаратпай койду.
Кыскасы, ошол күнү түйшөлүп жатып Рахаттын укугун коргоого белсендим. Милицияга арыз жаздым. Тергөөчү ишти карап тергеди, экспертизадан өткөрдү. Жыйынтыгында кыздын бир эле эмес, бир нече ирет интимдик катнашта болуп келгендиги аныкталды. Ыӊгайы келген жерден Рахатты көздөн далдоо алып барып, максатын ишке ашырып жүрүптүр. Азыр бул иш боюнча сот аяктады. Райондук сот Эрмекти 2 жылга гана үй камагына кесип койду. Мен буга макул эмесмин. Учурда Жогорку Сотко арыз жазууга камынып жатам. Рахат болсо Бишкектеги балдардын укугун коргоо борборунда дарыланууда. Ал психикалык травма алып, депрессияга катуу кабылды. Азыр аны менен психологдор иштешип, абалын калыбына келтирип жатышат. Ал эми айылдагы ата-энемди Бишкекке алып келгенбиз. Эрмек Доороновдун туугандары айылга бизди үй-бүлөбүз менен жаманатты кылды. Атам менен Рахаттын атасы зордукчуну өз колубуз менен жайлайбыз деп чыгышты. Ачууга алдырып балакет болбосун деп аларды араӊ кармап турабыз.
«ИНИМДИ АКТАБАЙМ, ОШЕНТСЕ ДА ЖҮЙӨЛҮҮ ДАЛИЛДЕР ЖОК»
Окуяга катыштыгы бар экинчи тараптын пикирин угуу үчүн Эрмек Доороновдун эжеси Жылдыз Доороновага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
-Иним 4 жылдан бери эле ушул маселе менен алышып келе жатат. Ал өз алдынча калыптанган, үй-бүлөлүү адам, 3 баланын атасы. Ошондуктан биз анын турмушуна аралаша албайбыз. Рахима да, мен да айылдан башка жактарга турмушка чыгып, чийден сырткары болуп кеткен кыздарбыз. Бир атанын балдары болуп тургандан кийин ушунчага чейин барып, коомчулукка жайбай эле койсо болмок. Болуптур, бул дагы Рахиманын тандоосудур, ар ким өзүнүн оюн туура чечим катары кабыл алат эмеспи. Ошончолук эле кыздын укугунун корголушун каалап жатса, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлобошу керек болчу. Менимче, Рахиманын дооматы четке кагылып, моралдык чыгымдарын кайтара албай калганы үчүн эле арданып жаткандагысы деп ойлойм. Бечара кызды психикалык ооруканага алып барып таштады, эмне пайда тапты? Инимди актабайм, бирок күнөөлөй да албайм, анткени эч ким аны зордуктоо учурунда кармап алган эмес. Сот анын кыздык белгиси жок болгонун жана «жашы жете элек өспүрүм калп айтпайт» деген гана психикалык экспертизанын жыйынтыгына таяп 2 жылга кести. Далил жок болсо сот айыпты асмандан алып тагабы? Рахима бизди «арызыӊарды алып, Эрмекти актап бергиле деп 14 миӊ сом сунуштады» деп жатыптыр. Мен муну танбайм. Бирок акча эмес, мүлк катарында берүүбүздү кыздын таенеси сунуш кылганы чындык. Себеби Рахима мага «бизге Бишкектен бардык шарты бар батирдин 3 жылдык ижарасын алдын ала төлөп бергиле. Кызды айылга бага албайбыз, мен аны дарылатышым керек» деген. Мен «бекер бирөөгө акча бергенден көрө, Бишкектен жатаканадан болсо дагы 10 миӊ доллардын тегерегиндеги 1 бөлмө алып бергенибиз жакшы эмеспи. Кийин Рахаттын өзүнүкү болуп калат» дедим. Муну таенеси да туура көрдү. Себеби Рахима сыяктуу эле Рахат да менин сиӊдим. Айылдагы аксакал, аттуу-баштуунун баары барып кечирим сурап, эки атанын балдарын жараштырууга аракет жасашты. Такыр болбой коюшуп, тууган арасында чечилчү ишти минтип бүт элге жарыя кылып салышты. Мен бул нерсени туура көргөн жокмун. Кыздын келечегин ойлош керек болчу.
Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 131-беренеси боюнча (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) кылмыш иши козголгон. Кийин экспертизанын жыйынтыгы менен бул 132-беренеге (16 жашка толо элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) алмаштырылган. Бакай-Ата райондук соту айыпталуучуну 2 жылга шарттуу түрдө кесип, моралдык чыгымдар үчүн тагылган 50 миӊ сом өлчөмүндөгү сумманы жокко чыгарган. Жабырлануучу тарап бул чечимге макул эместигин билдирип, Талас облустук сотуна кайрылган. Облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg