Жогорку Кеӊеш 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзамды 20-январда 3 окууда теӊ жактырган. 22-январь күнү президент Алмазбек Атамбаев аталган мыйзамга кол койду.
ОРУСИЯ СӨЗҮНӨ ТУРГАН ЖОК
Аталган келишимге 2012-жылы кол коюлуп, өлкөбүздүн президентинин катышуусунда капсула коюлуп, иш башталган. Бирок 3 жарым жылдын ичинде иш натыйжалуу алга жылган жок. Убакыттын өтүшү менен Орусия бул макулдашууга кол коюуда экономикалык эмес, геосаясий максатты көздөгөнү байкалды. Ал максаты кайсы бир деӊгээлде жүзөгө ашты. Анткени бул келишим Орусияга сыртын салып АКШ менен активдүү алака түзө баштаган Өзбекстандын тынчын алды. Ислам Каримов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы энергетикалык келишим орун алгандан тарта бул иштин аягы Казакстан менен Өзбекстанда суу тартыштыгын жаратат, согушка чейин алып келет дей баштады.
Учурдагы абалга реалдуу баа берсек, нефтинин баасынын түшүшүнөн, чет элдик санкциялардан экономикасы кыйын күнгө туш болгон Орусия жакынкы арада ГЭСти, каскадды куруу ишин ылдамдатмак эмес. Денонсациянын демилгечиси болгон президент Алмазбек Атамбаев бул абал тууралуу пикирин 2015-жылдын аягында журналисттер менен жолугушуусунда: «Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун ишке ашыра албайт. Андыктан бизге бул макулдашуулардан чыгып, долбоорлорго башка инвесторлорду издөөгө туура келет. Эки долбоорду токтотууга акыбыз жок, аларды аягына чыгарышыбыз керек»,- деген.
37 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЧЫН ЭЛЕ КОРОТУЛДУБУ?
Канткен күндө да Кыргызстан келишимден бир тараптуу чыгып, саясий эркин көрсөтө алды. Алдыда инвестор табуу машакаты турат. Потенциалдуу инвесторлор катары араб өлкөлөрү жана Кытай көрсөтүлүүдө. Келишимден бир тараптуу чыккан Кыргызстан жакынкы 6 ай ичинде Орусиянын долбоорго жумшаган 37 миллион доллар каражатын кайтарып берүүсү зарыл. Бул каражат максаттуу пайдаланылдыбы, баары долбоор үчүн кородубу же чөнтөктөргө бурулуп кеттиби? Жогорку Кеӊеште түзүлгөн атайын комиссия ушул суроолордун жообун тапмакчы. Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов: «Мен ГЭС курула турган жерден дайыма эле өтөм, ал жерде 37 миллион эмес, 5 миллион долларлык да иш жасалган эмес»,- деп кетирилген чыгым кандай сарпталганын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеген. 21-январь күнү комиссия түзүлүп, 26-январда комиссияны жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов
37 миллион долларга коротулду деген жумушчулар айылына барды. «Азырынча так баа берүү кыйын. Депутаттык комиссия адистерди тартуу менен бардыгын эсептеп чыгат. Бирок менин божомолума караганда, 37 миллион доллар жумшалды дегендери 2 эсеге көбөйтүлүп айтылган»,- деди. Комиссиянын жыйынтыгы апрель айында чыгат.
Албетте, Кыргызстан өз демилгеси менен келишимден бир тараптуу чыгып, башка инвестор издей баштаганы Орусияга аброй алып келген жок. Бул окуя Орусияны эл аралык аренада ишенимсиз өнөктөш катары көрсөттү. Андыктан Кыргызстандагы орусиячыл маалымат булактары кыргыз өлкөсүн ар кандай жол менен жамандоого аракет кылууда. Алардын айрымдары «экономикалык жактан пайдасыз бул долбоорлорго кайсы инвестор келмек эле?» деп да жазып чыгышты. Алардын объективдүү эместигин мындан эле билиӊиз: 2012-жылы Орусия менен Кыргызстандын ортосунда ушул эле долбоорлор боюнча келишимге кол коюлганда алар «экономикалык жактан пайдасыз» деп аташкан эмес.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg